Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: طه   آیت:
قَالَ عِلۡمُهَا عِندَ رَبِّي فِي كِتَٰبٖۖ لَّا يَضِلُّ رَبِّي وَلَا يَنسَى
Муса Фараонго айтты: «Ал элдерге эмне болгондугунун илими Раббимдин алдындагы сакталган тагдыр китепте. Раббим ал тууралуу илимде адашкан эмес, эч нерсесин унуткан да эмес».
عربي تفسیرونه:
ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ مَهۡدٗا وَسَلَكَ لَكُمۡ فِيهَا سُبُلٗا وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجۡنَا بِهِۦٓ أَزۡوَٰجٗا مِّن نَّبَاتٖ شَتَّىٰ
Ал Раббим силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда басууга ылайыктуу жолдорду кылып берди жана асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Кийин ал суу менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгарды.
عربي تفسیرونه:
كُلُواْ وَٱرۡعَوۡاْ أَنۡعَٰمَكُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّأُوْلِي ٱلنُّهَىٰ
Оо, адамдар! Биз силерге чыгарган адал нерселерден жегиле жана мал-чарбаңарды баккыла! Чындыгында бул айтылган жакшылыктарда акыл ээлери үчүн Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар.
عربي تفسیرونه:
۞ مِنۡهَا خَلَقۡنَٰكُمۡ وَفِيهَا نُعِيدُكُمۡ وَمِنۡهَا نُخۡرِجُكُمۡ تَارَةً أُخۡرَىٰ
Биз түпкү атаңар Адамды (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) жер топурагынан жараттык. Эгер өлсөңөр, анда силерди көмүп кайра ага кайтарабыз. Кийин кыямат күнү тирилтүү үчүн силерди андан кайра чыгарабыз.
عربي تفسیرونه:
وَلَقَدۡ أَرَيۡنَٰهُ ءَايَٰتِنَا كُلَّهَا فَكَذَّبَ وَأَبَىٰ
Биз Фараонго тогуз аят-белгилерибиздин баарын көрсөттүк. Ал аларды көрүп туруп жалганга чыгарды жана Аллахка ыйман келтирүүгө жооп берүүдөн баш тартты.
عربي تفسیرونه:
قَالَ أَجِئۡتَنَا لِتُخۡرِجَنَا مِنۡ أَرۡضِنَا بِسِحۡرِكَ يَٰمُوسَىٰ
Фараон айтты: «Эй, Муса! Сен сыйкырың менен бизди Мисирден чыгарып, андагы мүлккө ээ болоюн деп келдиңби?».
عربي تفسیرونه:
فَلَنَأۡتِيَنَّكَ بِسِحۡرٖ مِّثۡلِهِۦ فَٱجۡعَلۡ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكَ مَوۡعِدٗا لَّا نُخۡلِفُهُۥ نَحۡنُ وَلَآ أَنتَ مَكَانٗا سُوٗى
Оо, Муса! Албетте биз дагы сенин сыйкырыңа окшогон сыйкырды алып келе алабыз. Сен ортобузда бир убакытты белгиле жана белгилүү бир жерди айт. Ал жер биз дагы сен дагы калбай бара тургандай эки тараптын ортосундагы жер болсун.
عربي تفسیرونه:
قَالَ مَوۡعِدُكُمۡ يَوۡمُ ٱلزِّينَةِ وَأَن يُحۡشَرَ ٱلنَّاسُ ضُحٗى
Муса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) Фараонго айтты: «Ортобуздагы убадалашкан убакыт майрам күн болсун. Анткени түш убака жакын адамдар майрамдаш үчүн чогулушат».
عربي تفسیرونه:
فَتَوَلَّىٰ فِرۡعَوۡنُ فَجَمَعَ كَيۡدَهُۥ ثُمَّ أَتَىٰ
Фараон артка бурулган бойдон кетти. Барып айла-амалкерлерин топтоп, кийин белгиленген убакытта убадалашкан жерге жеңишке жетем деп келди.
عربي تفسیرونه:
قَالَ لَهُم مُّوسَىٰ وَيۡلَكُمۡ لَا تَفۡتَرُواْ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا فَيُسۡحِتَكُم بِعَذَابٖۖ وَقَدۡ خَابَ مَنِ ٱفۡتَرَىٰ
Муса Фараондун сыйкырчыларына насаат кылып айтты: «Сак болгула! Адамдарды сыйкырлык менен алдап Аллахка жалган жалаа жаппагыла! Ал силерге Өз азабын жөнөтүп, түп-тамырыңар менен жок кылып коёт. Аллахка жалган жалаа жапкандар сөзсүз зыянга учурайт».
عربي تفسیرونه:
فَتَنَٰزَعُوٓاْ أَمۡرَهُم بَيۡنَهُمۡ وَأَسَرُّواْ ٱلنَّجۡوَىٰ
Сыйкырчылар Мусанын сөзүн укканда талашка түшүп калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө башташты.
عربي تفسیرونه:
قَالُوٓاْ إِنۡ هَٰذَٰنِ لَسَٰحِرَٰنِ يُرِيدَانِ أَن يُخۡرِجَاكُم مِّنۡ أَرۡضِكُم بِسِحۡرِهِمَا وَيَذۡهَبَا بِطَرِيقَتِكُمُ ٱلۡمُثۡلَىٰ
Кээ бир сыйкырчылар башкаларына шыбырап: «Чындыгында Муса менен Харун сыйкырчы. Алар сыйкырлары менен силерди Мисирден чыгарууну жана силердин жашооңордо тутунган бийик жолуңарды жок кылууну каалап жатышат.
عربي تفسیرونه:
فَأَجۡمِعُواْ كَيۡدَكُمۡ ثُمَّ ٱئۡتُواْ صَفّٗاۚ وَقَدۡ أَفۡلَحَ ٱلۡيَوۡمَ مَنِ ٱسۡتَعۡلَىٰ
Ишиңерге бекем болгула, талашып тартышпагыла, сапка тизилип алдыга баскыла, колуңардагы нерселерди баарыңар чогуу таштагыла! Бүгүн ким атаандашын жеңсе, анда ал көздөгөнүнө жетти».
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• إخراج أصناف من النبات المختلفة الأنواع والألوان من الأرض دليل واضح على قدرة الله تعالى ووجود الصانع.
Жер бетинен түрдүү-түстүү ар кандай түрдөгү өсүмдүктөрдү чыгаруу – бул Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана Жаратуучунун бар экендигинин ачык-айкын далили.

• ذكرت الآيات دليلين عقليين واضحين على الإعادة: إخراج النبات من الأرض بعد موتها، وإخراج المكلفين منها وإيجادهم.
Аяттарда кайра тирилүү боюнча логикалык эки ачык далил айтылды: өсүмдүктөр өлгөндөн кийин аларды кайра жерден чыгаргандай эле Аллах адамдарды да өлгөндөн кийин кайра тирилтип андан чыгарат.

• كفر فرعون كفر عناد؛ لأنه رأى الآيات عيانًا لا خبرًا، واقتنع بها في أعماق نفسه.
Фараондун каапырлыгы – көшөрмө каапырлык. Анткени ал аят-белгилерди сөз менен эмес, көз менен көрдү жана жүрөк түпкүрүндө аны туура деп эсептеди.

• اختار موسى يوم العيد؛ لتعلو كلمة الله، ويظهر دينه، ويكبت الكفر، أمام الناس قاطبة في المجمع العام ليَشِيع الخبر.
Жапырт чогулган эл алдында Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн, дини жеңишке жетип, каапырлык кор болуп жеңилгени элге таркалуусу үчүн Муса пайгамбар майрам күндү тандады.

 
د معناګانو ژباړه سورت: طه
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول