د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (13) سورت: آل عمران
قَدۡ كَانَ لَكُمۡ ءَايَةٞ فِي فِئَتَيۡنِ ٱلۡتَقَتَاۖ فِئَةٞ تُقَٰتِلُ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَأُخۡرَىٰ كَافِرَةٞ يَرَوۡنَهُم مِّثۡلَيۡهِمۡ رَأۡيَ ٱلۡعَيۡنِۚ وَٱللَّهُ يُؤَيِّدُ بِنَصۡرِهِۦ مَن يَشَآءُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ
Бадр күнү согушуу үчүн беттешкен эки жоодо силер үчүн өрнөктөр жана белгилер бар. Алардын бири – ыймандуулар тайпасы, алар Аллахтын сөзү бийик жана каапырлардын сөзү төмөн болуусу үчүн согушкан Аллахтын элчиси жана анын сахабалары. Ал эми экинчиси – каапырлар тайпасы, алар эл көрсүн үчүн менменсинип, уруусуна берилген абалда чыккан Мекке каапырлары. Ыймандуулар алардын чындап эле эки эсе көп экенин өз көздөрү менен көрүштү. Ошондо Аллах досторуна жардам берди. Аллах кимге кааласа Өз жеңиши менен колдоо көрсөтөт. Саны аз болсо да жеңиш ыйман ээлери тарапта, саны көп болсо да жеңилүү жалган ээлери тарапта экенин билүүлөрү үчүн мында акыл ээлери үчүн үлгүлөр жана сабактар бар.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• أن غرور الكفار بأموالهم وأولادهم لن يغنيهم يوم القيامة من عذاب الله تعالى إذا نزل بهم.
Каапырлардын мал-мүлктөрү жана бала-чакалары менен текеберленүүсү кыямат күнү аларга Аллахтын азабы түшкөн кезде эч кандай пайда келтирбейт.

• النصر حقيقة لا يتعلق بمجرد العدد والعُدة، وانما بتأييد الله تعالى وعونه.
Чындыгында жеңиш санга жана даярдыкка байланыштуу эмес, ал Аллахтын колдоосу жана жардамы менен гана болот.

• زَيَّن الله تعالى للناس أنواعًا من شهوات الدنيا ليبتليهم، وليعلم تعالى من يقف عند حدوده ممن يتعداها.
Аллах таала адамдарды сынаш үчүн жана ким Анын чектеринен чыкпастан бекем болорун билиш үчүн дүйнө кумарларынын кээ бир түрлөрүн кооз кылып койду.

• كل نعيم الدنيا ولذاتها قليل زائل، لا يقاس بما في الآخرة من النعيم العظيم الذي لا يزول.
Дүйнөнүн бардык жыргалдары жана ырахаттары аз жана жок болуучу. Аларды акыреттеги түбөлүк улуу жыргалчылыктар менен салыштырууга болбойт.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (13) سورت: آل عمران
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول