د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (78) سورت: آل عمران
وَإِنَّ مِنۡهُمۡ لَفَرِيقٗا يَلۡوُۥنَ أَلۡسِنَتَهُم بِٱلۡكِتَٰبِ لِتَحۡسَبُوهُ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَمَا هُوَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَيَقُولُونَ هُوَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ وَمَا هُوَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ وَيَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Жөөттөрдүн бир тобу бар, силер аларды Тоораттан окуп жатат деп ойлошуңар үчүн алар Аллахтан түшүрүлгөн Тооратта жок эле нерсени тилдери менен бурмалап айтышат, бирок ал Тоораттан эмес. Тескерисинче, бул алардын жалгандарынан жана Аллахка жапкан жалааларынан. Алар: «Биз окуп жаткан нерселер Аллахтан түшкөн» – дешет, бирок ал Аллахтан эмес. Алар Аллахка жана Анын элчилерине жалганчылык кылып жатышканын билип туруп, Аллахка каршы жалган айтышат.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• ضلال علماء اليهود ومكرهم في تحريفهم كلام الله، وكذبهم على الناس بنسبة تحريفهم إليه تعالى.
Жөөт аалымдарынын адашуусу, Аллахтын сөзүн бурмалоодогу айла-амалдары жана Ага карата бурмалоого байланыштуу адамдарга жалган айтуусу.

• كل من يدعي أنه على دين نبي من أنبياء الله إذا لم يؤمن بمحمد عليه الصلاة والسلام فهو ناقض لعهده مع الله تعالى.
Аллахтын пайгамбарларынын биринин дининдемин деп айткан кайсы гана адам болбосун, эгер ал Мухаммад пайгамбарга ыйман келтирбесе, анда ал Аллах таала менен түзгөн келишимин бузган болот.

• أعظم الناس منزلةً العلماءُ الربانيون الذين يجمعون بين العلم والعمل، ويربُّون الناس على ذلك.
Эң бийик даражадагы адамдар – алар илим менен амалды айкалыштырган жана ошого жараша адамдарды тарбиялаган кудайчыл аалымдар.

• أعظم الضلال الإعراض عن دين الله تعالى الذي استسلم له سبحانه الخلائق كلهم بَرُّهم وفاجرهم.
Эң чоң адашуу – бүткүл макулуктардын жакшысы да, жаманы да баш ийген Аллах тааланын дининен жүз буруу.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (78) سورت: آل عمران
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول