Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: احزاب   آیت:
وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِيثَٰقَهُمۡ وَمِنكَ وَمِن نُّوحٖ وَإِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَۖ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир убакта Биз пайгамбарлардан Аллахка эч нерсени шерик кылбастан жалгыз Ага сыйынуу тууралуу жана аларга түшкөн вахийди жеткирүү тууралуу бекем убада алганбыз. Ошондой эле жеке сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан жана Мариямдын уулу Исадан да Аллахтын жолдомосун жеткирүү милдеттемесин аткарууга анык убада алганбыз.
عربي تفسیرونه:
لِّيَسۡـَٔلَ ٱلصَّٰدِقِينَ عَن صِدۡقِهِمۡۚ وَأَعَدَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابًا أَلِيمٗا
Аллах каапырларды айыптоо максатта чынчыл элчилерден алардын чынчылдыгы тууралуу сураш үчүн пайгамбарлардан ушул анык убаданы алды. Аллах Өзүнө жана пайгамбарларына каапырлык кылгандарга кыямат күнү тозок оту болгон кыйноочу азапты даярдап койду.
عربي تفسیرونه:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ جَآءَتۡكُمۡ جُنُودٞ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا وَجُنُودٗا لَّمۡ تَرَوۡهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرًا
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана шариятын аткаргандар! Аллахтын силерге берген жакшылыгын эстегиле, бир кезде каапырлардын аскери силерге каршы согушуш үчүн топ-топ болуп Мединага келишти. Аларды эки жүздүүлөр менен жөөттөр колдошту. Ошондо Биз аларга пайгамбарды жеңишке жеткирген батыштан соккон шамалды жибердик. Ошондой эле аларга көрүнбөгөн периштелер аскерин жибердик. Ошондо каапырлар эч нерсе кыла алышпай качып жөнөштү. Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.
عربي تفسیرونه:
إِذۡ جَآءُوكُم مِّن فَوۡقِكُمۡ وَمِنۡ أَسۡفَلَ مِنكُمۡ وَإِذۡ زَاغَتِ ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَبَلَغَتِ ٱلۡقُلُوبُ ٱلۡحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِٱللَّهِ ٱلظُّنُونَا۠
Ошондо каапырлар өрөөндүн өйдө тарабынан, батыш менен чыгышындагы ылдый тарабынан келишти. Ошол кезде катуу коркунучтан улам көздөр душман тарапты гана тиктеп калды, жүрөктөр алкымга кептелип калды. Силер Аллах тууралуу ар кандай ойлой баштадыңар, бирде жеңишти ойлосоңор, бирде андан үмүт жок деп ойлоп жаттыңар.
عربي تفسیرونه:
هُنَالِكَ ٱبۡتُلِيَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَزُلۡزِلُواْ زِلۡزَالٗا شَدِيدٗا
Ыймандуулар мына ошол Хандак согушунда жаалданган душман бастырып келгенде сыналды. Аябагандай коркунуч аларды катуу сестентти. Мына ушул сыноодо ким ыймандуу, ким эки жүздүү экени ачык билинди.
عربي تفسیرونه:
وَإِذۡ يَقُولُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ مَّا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ إِلَّا غُرُورٗا
Ошол күнү эки жүздүүлөр жана жүрөгүндө шек-күмөнү бар ыйманы алсыздар: «Аллах менен Анын элчисинин бизди жеңишке жетесиңер, жер бетинде бийлик кыласыңар деген убадасы эч кандай негизи жок жалган экен» – дешти.
عربي تفسیرونه:
وَإِذۡ قَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡهُمۡ يَٰٓأَهۡلَ يَثۡرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمۡ فَٱرۡجِعُواْۚ وَيَسۡتَـٔۡذِنُ فَرِيقٞ مِّنۡهُمُ ٱلنَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوۡرَةٞ وَمَا هِيَ بِعَوۡرَةٍۖ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارٗا
Оо, пайгамбар! Эстечи, ошол кезде эки жүздүүлөрдүн бир тобу Мединанын элине: «Эй, Ясрибдин эли! (Ясриб Мединанын Исламга чейинки аталышы) Хандакка жакын жердеги Сала тоосунун этегинде турбай эле койгула! Андан көрө үйүңөргө кайткыла!» – дешти. Ал эми алардын башка бир тобу «үйлөрүбүз душманга ачык калды» деген шылтоо менен пайгамбардан үйлөрүнө кетүүгө уруксат сурашты. Бирок алар ойлогондой ачык калган эмес. Акыйкатта алар бул жалган шылтоо менен душмандан качууну каалашкан.
عربي تفسیرونه:
وَلَوۡ دُخِلَتۡ عَلَيۡهِم مِّنۡ أَقۡطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُواْ ٱلۡفِتۡنَةَ لَأٓتَوۡهَا وَمَا تَلَبَّثُواْ بِهَآ إِلَّا يَسِيرٗا
Эгерде душман Мединанын бүт тарабынан аларды бастырып кирип, алардан Аллахка каапырлык жана ширк кылууга кайткыла деп талап кылса, анда алар душмандын талабын аткарышмак. Алардын бир аз бөлүгү гана каапырлыкка кайтышпайт болчу.
عربي تفسیرونه:
وَلَقَدۡ كَانُواْ عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ مِن قَبۡلُ لَا يُوَلُّونَ ٱلۡأَدۡبَٰرَۚ وَكَانَ عَهۡدُ ٱللَّهِ مَسۡـُٔولٗا
Тиги эки жүздүүлөр "Ухуд" согушу болгон күндө согуштан качкандан кийин Аллахка ант берип: «Эгер Аллах бизди дагы башка согушка туш кылса, биз, албетте душман менен согушабыз, алардан коркуп качпайбыз» - дешти эле. Бирок алар анттарын бузду. Чынында, пенде Аллахка берген убадасы тууралуу суралуучу, жакында ал тууралуу сурак берет.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• منزلة أولي العزم من الرسل.
Элчилердин арасында туруктуулук ээлеринин (уулуль-аъзм) кадыр-барктуулугу.

• تأييد الله لعباده المؤمنين عند نزول الشدائد.
Кыйынчылык келгенде Аллахтын ыймандууларга көрсөткөн колдоосу.

• خذلان المنافقين للمؤمنين في المحن.
Кыйынчылык келгенде эки жүздүүлөрдүн ыймандууларды жардамсыз таштоосу.

 
د معناګانو ژباړه سورت: احزاب
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول