Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (4) سورت: احزاب
مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٖ مِّن قَلۡبَيۡنِ فِي جَوۡفِهِۦۚ وَمَا جَعَلَ أَزۡوَٰجَكُمُ ٱلَّٰٓـِٔي تُظَٰهِرُونَ مِنۡهُنَّ أُمَّهَٰتِكُمۡۚ وَمَا جَعَلَ أَدۡعِيَآءَكُمۡ أَبۡنَآءَكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ قَوۡلُكُم بِأَفۡوَٰهِكُمۡۖ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلۡحَقَّ وَهُوَ يَهۡدِي ٱلسَّبِيلَ
Аллах Таала бир адамдын көкүрөгүнө эки жүрөктү батырган эмес. Ошондой эле, тыйылчу иштерде аялдарды энелердин ордуна койгон эмес. Бакма балдарды да бел суунан жаралган өз балдарындай кылган эмес. Зихар кылуу (энеси же эже-карындаштары сыяктуу аялын өзүнө арам кылуусу) жана бакма баланы өз баласындай тегине өткөрүп алуу — Ислам дини жокко чыгарган, эски караңгы доордун үрп-адаттарынан. Мына ошол зихар кылуу жана бакма баланы өзүнүн баласындай ата-тегине таандык кылып алуу — бул, эч кандай чындыгы жок курулай сөздөр. Аялы эч качан энесиндей болбойт, бакма баласы да өз баласы болуп калбайт. Аллах Таала пенделери аткарсын үчүн акыйкатты айтат жана туура жолго багыттайт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• لا أحد أكبر من أن يُؤْمر بالمعروف ويُنْهى عن المنكر.
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйган адамдан жогору турган эч ким жок.

• رفع المؤاخذة بالخطأ عن هذه الأمة.
Бул үммөттө катачылык кетиргенге жаза берилбейт.

• وجوب تقديم مراد النبي صلى الله عليه وسلم على مراد الأنفس.
Пайгамбардын каалоосу башка адамдардын каалоосунан жогору турушу милдет.

• بيان علو مكانة أزواج النبي صلى الله عليه وسلم، وحرمة نكاحهنَّ من بعده؛ لأنهن أمهات للمؤمنين.
Пайгамбардын аялдарынын орду бийик экендигин жана андан кийин аларга үйлөнүү арам экендигин баяндоо. Анткени алар мусулмандардын энелери болуп эсептелет.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (4) سورت: احزاب
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول