Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: نساء   آیت:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَنُدۡخِلُهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٗاۚ وَمَنۡ أَصۡدَقُ مِنَ ٱللَّهِ قِيلٗا
Аллахка ишенип, Ага жакындатуучу жакшы иш-аракеттерди кылганыймандуу адамдарды ак сарайларынын алдынан дарыялар агып турган бейишке киргизебиз. Алар анда түбөлүк калышат. Бул Аллахтын убадасы, Аллахтын убадасы чындык, Ал убадасына тескери иш кылбайт, эч ким Аллах Тааладай чын сүйлөй албайт
عربي تفسیرونه:
لَّيۡسَ بِأَمَانِيِّكُمۡ وَلَآ أَمَانِيِّ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِۗ مَن يَعۡمَلۡ سُوٓءٗا يُجۡزَ بِهِۦ وَلَا يَجِدۡ لَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Оо, мусулмандар, ийгилик жана жеңиш силер, же китеп берилгендер кыялдангандай эле болуп калбайт. Бул, иш аракетке жараша болот. Силердин кимиңер жаман иш кылса, кыматта ошого жооп берет, ага пайдасын тийгизе турган Аллахтан башка дос, аны зыяндан коргоп кала турган Аллахтан башка жардамчы табылбайт.
عربي تفسیرونه:
وَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ وَلَا يُظۡلَمُونَ نَقِيرٗا
Аллах Таалага чындап ишенген эркек болобу, аял болобу жакшы иштерди кылса, мына ушул ыйман менен жакшы иштерди бирге кылган адамдар бейишке кирет жана алардын кылган иштеринен курманын данегинин чел кабыгындай да кемитилбейт
عربي تفسیرونه:
وَمَنۡ أَحۡسَنُ دِينٗا مِّمَّنۡ أَسۡلَمَ وَجۡهَهُۥ لِلَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ وَٱتَّبَعَ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۗ وَٱتَّخَذَ ٱللَّهُ إِبۡرَٰهِيمَ خَلِيلٗا
Ниетин Жалгыз Аллахка буруп, ичи-сырты менен Аллахка баш ийип өзүн тапшырган, шариятты толук карманган, ширк жана каапырлыктан тескери бурулуп, бир Кудайга сыйынуу ишенимине жана ыйманга кайткан, Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дининин негизи болгон Ибрахим пайгамбардын динине ээрчиген адамдын дининен өткөн динди карманган жан барбы? Аллах Таала пайгамбары Ибрахимди бардык адамдардын арасынан чындап жакшы көрүү менен Өзүнө дос кылып тандап алган.
عربي تفسیرونه:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٖ مُّحِيطٗا
Асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык, Аллах Таала Өзү жараткандын баарын илими, кудурети жана көзөмөлү менен ороп алган.
عربي تفسیرونه:
وَيَسۡتَفۡتُونَكَ فِي ٱلنِّسَآءِۖ قُلِ ٱللَّهُ يُفۡتِيكُمۡ فِيهِنَّ وَمَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ فِي يَتَٰمَى ٱلنِّسَآءِ ٱلَّٰتِي لَا تُؤۡتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرۡغَبُونَ أَن تَنكِحُوهُنَّ وَٱلۡمُسۡتَضۡعَفِينَ مِنَ ٱلۡوِلۡدَٰنِ وَأَن تَقُومُواْ لِلۡيَتَٰمَىٰ بِٱلۡقِسۡطِۚ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِهِۦ عَلِيمٗا
Оо, элчи, сенден аялдар тууралуу аларга жана алардан эмне аткарылуу милдет экенин сурашат. Сен айт: Аллах силер сураган нерсени баян кылган, Курандагы силердин кол алдыңардагы жетим кыздардын абалы, аларга берилүүсү парз болгон махыр жана мурасты бербей койгонуңар, аларды никелөөгө кызыкпаганыңар, алардын малына кызыгып аларды никелендирбей койгонуңар (тууралуу айтылган аяттарда баян кылган). Силерге ал алсыз-байкуштар кичине кезинде аларга мурас берүү милдет экени, алардын малын иштетип залым кылбооңор зарыл экени баян кылынды. Жетимдерге алардын дүйнө-акыреттеги абалын жакшырта тургандай адилдик менен мамиле кылуу милдет экени баян кылынды. Жетимдерге болобу, башкага болобу кандай жакшылык кылсаңар, аны Аллах Билүүчү, кийин ошого жараша сыйланасыңар
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• ما عند الله من الثواب لا يُنال بمجرد الأماني والدعاوى، بل لا بد من الإيمان والعمل الصالح.
Аллахтын алдындагы сооп-сыйга куру кыял менен жетүүгө болбойт, ал үчүн ыйман жана жакшы иштер болуусу зарыл

• الجزاء من جنس العمل، فمن يعمل سوءًا يُجْز به، ومن يعمل خيرًا يُجْز بأحسن منه.
Жазалоо же сыйлоо аткарылган ишке жараша болот, ким жаман иш кылса анын жазасын алат, ким жакшы иш кылса анын сыйын ашыгы менен көрөт

• الإخلاص والاتباع هما مقياس قبول العمل عند الله تعالى.
Ыклас жана (шариятты) ээрчүү, ушул экөө Аллахтын алдында иш-аракеттердин кабыл болуусуна себеп

• عَظّمَ الإسلام حقوق الفئات الضعيفة من النساء والصغار، فحرم الاعتداء عليهم، وأوجب رعاية مصالحهم في ضوء ما شرع.
Ислам дини алсыз аялдардын жана кыздардын укугун көтөрдү, аларга зыян берүүнү арам кылды (тыйды), аларга шарият чегинде жакшы мамиле кылууну милдеттендирди

 
د معناګانو ژباړه سورت: نساء
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول