Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: شوری   آیت:
وَتَرَىٰهُمۡ يُعۡرَضُونَ عَلَيۡهَا خَٰشِعِينَ مِنَ ٱلذُّلِّ يَنظُرُونَ مِن طَرۡفٍ خَفِيّٖۗ وَقَالَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّ ٱلۡخَٰسِرِينَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ وَأَهۡلِيهِمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ أَلَآ إِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ فِي عَذَابٖ مُّقِيمٖ
Оо, пайгамбар! Сен ал залымдарды тозокко кордолуп алып келингенде катуу коркунучтан адамдарды кылчактап тиктегендерин көрөсүң. Ошондо Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтиргенде айтышат: «Чыныгы жоготууга учурагандар – алар кыяматта Аллахтын азабына туш болгон себептүү өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн жоготууга учураткандар». Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылгандар эч качан бүтпөгөн түбөлүктүү азапта болушат.
عربي تفسیرونه:
وَمَا كَانَ لَهُم مِّنۡ أَوۡلِيَآءَ يَنصُرُونَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِۗ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن سَبِيلٍ
Кыяматта аларды Аллахтын азабынан куткарып аларга жардам берген эч бир колдоочу болбойт. Аллах кимди акыйкатка карай жардамсыз таштап адаштырса, анда аны акыйкатка багыттаган эч бир жол болбойт.
عربي تفسیرونه:
ٱسۡتَجِيبُواْ لِرَبِّكُم مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِۚ مَا لَكُم مِّن مَّلۡجَإٖ يَوۡمَئِذٖ وَمَا لَكُم مِّن نَّكِيرٖ
Эй, адамдар! Артка кайтаруу мүмкүн болбогон кыямат күн келгенге чейин Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап жана кийинкиге калтырбай Ага тез жооп бергиле! Ал кезде силер үчүн коргонор эч бир нерсе болбойт жана дүйнөдө кылган күнөөлөрүңөрдү четке кагууга да жол берилбейт.
عربي تفسیرونه:
فَإِنۡ أَعۡرَضُواْ فَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ حَفِيظًاۖ إِنۡ عَلَيۡكَ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُۗ وَإِنَّآ إِذَآ أَذَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِنَّا رَحۡمَةٗ فَرِحَ بِهَاۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ فَإِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ كَفُورٞ
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сенин буйругуңдан баш тартышса, Биз сени алардын иш-аракеттерин сактоочу кылып жиберген эмеспиз. Сен өзүңө буйрулганды гана жеткирүүгө милдеттүүсүң, ал эми аларды суракка алуу Аллахтын милдетинде. Эгерде Биз адам баласына Өзүбүз тараптан байлык, ден-соолук же ушуга окшогон нерселерди берип ырайым кылсак, ал ага сүйүнөт. А эгер анын башына күнөөлөрү себептүү ага жакпагандай кыйынчылыктар келсе, акыйкатта алар табиятынан Аллахтын жакшылыктарын танып кетишет, ага шүгүр кылышпайт жана Аллахтын Өз даанышмандыгы менен тагдыр кылган нерсесине ачууланышат.
عربي تفسیرونه:
لِّلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ يَهَبُ لِمَن يَشَآءُ إِنَٰثٗا وَيَهَبُ لِمَن يَشَآءُ ٱلذُّكُورَ
Асмандар менен жердин мүлкү Аллахка гана таандык. Ал эркек же ургаачы же башка ушул сыяктуу Өзү каалаган нерсени жаратат. Кимге кааласа кыз берип, уул бербейт жана кимге кааласа уул берип, кыз бербейт. Же кимге кааласа уул да, кыз да берет жана кимди кааласа төрөбөс кылып коёт. Чындыгында Ал болуп жаткан жана келечекте боло турган нерселерди Билүүчү. Бул анын илими менен даанышмандыгы кемчиликсиз экенин билдирет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес жана Аны эч бир нерсе алсырата албайт.
عربي تفسیرونه:
أَوۡ يُزَوِّجُهُمۡ ذُكۡرَانٗا وَإِنَٰثٗاۖ وَيَجۡعَلُ مَن يَشَآءُ عَقِيمًاۚ إِنَّهُۥ عَلِيمٞ قَدِيرٞ
Асмандар менен жердин мүлкү Аллахка гана таандык. Ал эркек же ургаачы же башка ушул сыяктуу Өзү каалаган нерсени жаратат. Кимге кааласа кыз берип, уул бербейт жана кимге кааласа уул берип, кыз бербейт. Же кимге кааласа уул да, кыз да берет жана кимди кааласа төрөбөс кылып коёт. Чындыгында Ал болуп жаткан жана келечекте боло турган нерселерди Билүүчү. Бул анын илими менен даанышмандыгы кемчиликсиз экенин билдирет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес жана Аны эч бир нерсе алсырата албайт.
عربي تفسیرونه:
۞ وَمَا كَانَ لِبَشَرٍ أَن يُكَلِّمَهُ ٱللَّهُ إِلَّا وَحۡيًا أَوۡ مِن وَرَآيِٕ حِجَابٍ أَوۡ يُرۡسِلَ رَسُولٗا فَيُوحِيَ بِإِذۡنِهِۦ مَا يَشَآءُۚ إِنَّهُۥ عَلِيٌّ حَكِيمٞ
Аллах адам баласы менен вахийди илхам кылуу аркылуу же Өзүн көргөзбөстөн сөзүн угузуу аркылуу же ага Жебреил периште сыяктуу периштени элчи кылып жиберип, адамзаттан болгон пайгамбарга Аллахтын уруксаты менен Ал каалаганды вахий кылуу аркылуу гана сүйлөшөт. Чындыгында Ал Өз затында жана сыпаттарында Бийик, Өз жаратуусунда, кудуреттүүлүгүндө жана шариятында Даанышман.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• وجوب المسارعة إلى امتثال أوامر الله واجتناب نواهيه.
Аллахтын буйруктарын аткарууга жана тыйгандарын таштоого шашылуунун парздыгы.

• مهمة الرسول البلاغ، والنتائج بيد الله.
Пайгамбар жеткирүүгө гана милдеттүү. Ал эми анын жыйынтыгы Аллахтын колунда.

• هبة الذكور أو الإناث أو جمعهما معًا هو على مقتضى علم الله بما يصلح لعباده، ليس فيها مزية للذكور دون الإناث.
Уул же кыз же экөөсүн тең берүү – Аллахтын пенделерге кайсы нерсе пайдалуу экенин билүүсүнүн негизинде болот. Бул нерседе уул баланын кыз баладан эч кандай артыкчылыгы жок.

• يوحي الله تعالى إلى أنبيائه بطرق شتى؛ لِحِكَمٍ يعلمها سبحانه.
Аллах таала пайгамбарларга ар кандай жолдо вахий түшүрөт. Анын артындагы сырларды Ал Өзү билет.

 
د معناګانو ژباړه سورت: شوری
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول