Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (82) سورت: مائده
۞ لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ ٱلنَّاسِ عَدَٰوَةٗ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱلۡيَهُودَ وَٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْۖ وَلَتَجِدَنَّ أَقۡرَبَهُم مَّوَدَّةٗ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّا نَصَٰرَىٰۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّ مِنۡهُمۡ قِسِّيسِينَ وَرُهۡبَانٗا وَأَنَّهُمۡ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ
Оо, элчи, сага жана сен алып келген динге ишенген ыймандууларга өтө катуу душман болгондор яхудилер, бут-айкелдерге сыйынгандар ж.б. Аллахка шерик кошкон бутпарастар экененин көрөсүң. Анткени, аларда жек көрүү, ичи тардык, текеберлик сыпаттары бар. Ал эми сага жана сен алып келген динге ишенген ыймандууларга жакын адамдар өздөрүн христиан деп атагандар экенин көрөсүң. Булардын ыймандууларга жакын болуусунун себеби, алардын арасында аалым, ибадаткөй адамдары бар, булар текебер эмес, кичи пейил адамдар. Текебер адамдардын жүрөгүнө жакшылык кирбейт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• ترك الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر موجب لِلَّعْنِ والطرد من رحمة الله تعالى.
Жакшылык чакыруу, жамандыктан кайтаруу озуйпасын аткарбай коюу, Аллахтын каргышына, ырайымынан куулууга себеп

• من علامات الإيمان: الحب في الله والبغض في الله.
Аллах үчүн жакшы көрүү жана Аллах үчүн жек көрүү - ыймандуулуктун белгиси

• موالاة أعداء الله توجب غضب الله عز وجل على فاعلها.
Аллахтын душмандарын дос тутуу, Аллахтын каар-казабына дуушар кылат

• شدة عداوة اليهود والمشركين لأهل الإسلام، وفي المقابل وجود طوائف من النصارى يدينون بالمودة للإسلام؛ لعلمهم أنه دين الحق.
Мусулмандарга катуу душмандык кылгандар яхудилер менен бутпарастар. Тескерисинче, христиан тайпалары исламды жактырып динди кабыл кылышкан, анткени алар бул диндин чыныгы дин экенени билишет эле.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (82) سورت: مائده
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول