Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: رحمن   آیت:

Ар-Рахман

د سورت د مقصدونو څخه:
تذكير الجن والإنس بنعم الله الباطنة والظاهرة، وآثار رحمته في الدنيا والآخرة.
Инсан жана жиндерге Аллахтын көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн жакшылыктарын жана Анын бул дүйнө жана акыреттеги ырайымдуулугунун эскертүү.

ٱلرَّحۡمَٰنُ
Мээримдүү – чексиз ырайым Ээси.
عربي تفسیرونه:
عَلَّمَ ٱلۡقُرۡءَانَ
Ал адамдарга Куранды жаттоону жана анын маанилерин түшүнүүнү жеңил кылуу менен үйрөттү.
عربي تفسیرونه:
خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ
Ал инсанды түз жана эң сулуу келбетте жаратты.
عربي تفسیرونه:
عَلَّمَهُ ٱلۡبَيَانَ
Ал ага ичиндегисин оозеки жана жазуу түрүндө кантип жеткирүүнү үйрөттү.
عربي تفسیرونه:
ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ بِحُسۡبَانٖ
Ал Күн менен Айды адамдар жылдардын эсебин жана санакты билиш үчүн өлчөп белгилеп койду, ал экөөсү так эсеп менен жүрүшөт.
عربي تفسیرونه:
وَٱلنَّجۡمُ وَٱلشَّجَرُ يَسۡجُدَانِ
Кандай гана өсүмдүктүн жана дарактын сабагы болбосун, алар Аллахка моюн сунуп сажда кылышат.
عربي تفسیرونه:
وَٱلسَّمَآءَ رَفَعَهَا وَوَضَعَ ٱلۡمِيزَانَ
Ал асманды жер үстүндө чатыр кылып көтөрдү, жерде адилеттикти орнотту жана аны пенделерине буйруду.
عربي تفسیرونه:
أَلَّا تَطۡغَوۡاْ فِي ٱلۡمِيزَانِ
Оо, адамдар! Ал зулумдук жана кыянаттык кылбашыңар үчүн таразада жана өлчөмдө адилеттикти орнотту.
عربي تفسیرونه:
وَأَقِيمُواْ ٱلۡوَزۡنَ بِٱلۡقِسۡطِ وَلَا تُخۡسِرُواْ ٱلۡمِيزَانَ
Ортоңордо адилеттик менен таразалагыла жана башкаларга таразага тартканда же өлчөгөндө кемитпегиле.
عربي تفسیرونه:
وَٱلۡأَرۡضَ وَضَعَهَا لِلۡأَنَامِ
Ал Жерди макулуктар жайланышууга ылайыктуу кылып орнотту.
عربي تفسیرونه:
فِيهَا فَٰكِهَةٞ وَٱلنَّخۡلُ ذَاتُ ٱلۡأَكۡمَامِ
Анда мөмөлүү дарактар бар жана курма болгон бүчүрлүү курма дарактары бар.
عربي تفسیرونه:
وَٱلۡحَبُّ ذُو ٱلۡعَصۡفِ وَٱلرَّيۡحَانُ
Анда буудай менен арпа сыяктуу самандуу дандар бар жана жыты жагымдуу өсүмдүктөр бар.
عربي تفسیرونه:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
عربي تفسیرونه:
خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٖ كَٱلۡفَخَّارِ
Ал Адамды бышкан чопо сыяктуу чыңкылдаган үн угулган кургак ылайдай жаратты.
عربي تفسیرونه:
وَخَلَقَ ٱلۡجَآنَّ مِن مَّارِجٖ مِّن نَّارٖ
Ал эми жиндердин түпкү атасын түтүндүү таза жалындан жаратты.
عربي تفسیرونه:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
عربي تفسیرونه:
رَبُّ ٱلۡمَشۡرِقَيۡنِ وَرَبُّ ٱلۡمَغۡرِبَيۡنِ
Ал жайы-кышы Күндүн эки чыгышы менен эки батышынын Раббиси.
عربي تفسیرونه:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• كتابة الأعمال صغيرها وكبيرها في صحائف الأعمال.
Иш-аракеттердин кичинеси да, чоңу да амал баракчаларында жазылат.

• ابتداء الرحمن بذكر نعمه بالقرآن دلالة على شرف القرآن وعظم منته على الخلق به.
Мээримдүүнүн Өз жакшылыктарын Куранды айтуу менен баштоосу – Курандын кадыр-барктуулугуна жана адамзатка кылган улуу жакшылыгы экенине далил болот.

• مكانة العدل في الإسلام.
Исламдагы адилеттүүлүктүн орду.

• نعم الله تقتضي منا العرفان بها وشكرها، لا التكذيب بها وكفرها.
Аллахтын жакшылыктары бизден аларды жалганга чыгарууну жана танып кетүүнү эмес, тескерисинче аларды моюнга алууну жана шүгүр кылууну талап кылат.

 
د معناګانو ژباړه سورت: رحمن
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول