د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (114) سورت: الأنعام
أَفَغَيۡرَ ٱللَّهِ أَبۡتَغِي حَكَمٗا وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡكِتَٰبَ مُفَصَّلٗاۚ وَٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَعۡلَمُونَ أَنَّهُۥ مُنَزَّلٞ مِّن رَّبِّكَ بِٱلۡحَقِّۖ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُمۡتَرِينَ
Оо, элчи, Аллах менен бирге башка нерселерге ибадат кылган бул бутпарастарга: "Мен менен силердин ортоңордо өкүм чыгаруу үчүн Аллахтан башканы тандап алуу акылга сыябы?" - деп айт. Куранды толук, баяндоочу кылып түшүргөн ал - Аллах Өзү. Тоорот берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар, Куран чындыкты алып түшкөн китеп экенин жакшы билишет. Анткени, алар китептеринен буга далилдерди көрүшкөн. Биз сага аян-кабар кылып түшүргөн нерсеге шектенүүчүлөрдөн болбо.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• يجب أن يكون الهدف الأعظم للعبد اتباع الحق، ويطلبه بالطرق التي بيَّنها الله، ويعمل بذلك، ويرجو عَوْن ربه في اتباعه، ولا يتكل على نفسه وحوله وقوته.
Пенде үчүн важыб болгон негизги чоң максаты - чындыкты ээрчүү, аны Аллах баяндаган жолдор аркылуу издөө жана аны иш жүзүндө аткаруу. Туура жолго ээрчүүдө Раббисинин жардамын үмүт кылуу, өзүнүн напсисине, күчүнө жана кубатына таянбоо.

• من إنصاف القرآن للقلة المؤمنة العالمة إسناده الجهل والضلال إلى أكثر الخلق.
Жаратылгандардын көбүнө илимсиздикти жана адашууну таандык кылуусу, аз сандагы ыймандууларга илимди таандык кылуусу Курандын адилдигинен

• من سنّته تعالى في الخلق ظهور أعداء من الإنس والجنّ للأنبياء وأتباعهم؛ لأنّ الحقّ يعرف بضدّه من الباطل.
Пайгамбарларга жана аларды ээрчигендерге жиндерден жана адамдардан душмандарды чыгаруу Аллахтын сүннөт-жолу. Анткени, чындык ага карама-каршы турган жалган аркылуу билинет.

• القرآن صادق في أخباره، عادل في أحكامه،لا يُعْثَر في أخباره على ما يخالف الواقع، ولا في أحكامه على ما يخالف الحق.
Курандын кабарлары чындык, өкүмдөрү адыл. Кабарларында заманга каршы келген эч нерсе жок. Өкүмдөрүндө чындыкка каршы келген эч нерсе жок.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (114) سورت: الأنعام
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول