د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (152) سورت: الأنعام
وَلَا تَقۡرَبُواْ مَالَ ٱلۡيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ أَشُدَّهُۥۚ وَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ بِٱلۡقِسۡطِۖ لَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۖ وَإِذَا قُلۡتُمۡ فَٱعۡدِلُواْ وَلَوۡ كَانَ ذَا قُرۡبَىٰۖ وَبِعَهۡدِ ٱللَّهِ أَوۡفُواْۚ ذَٰلِكُمۡ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ
Дагы силерге жетимдин малын иштетүүнү арам кылды, жетим - атасы жок балакат жашына жете элек кыз-балдар. Бирок, жетимге жакшылык, пайда кылуу үчүн же ал балакатка жеткенге чейин мал-мүлкүн көбөйтүү үчүн иштетсе болот. Дагы силерге таразада жана өлчөп-ченөөдө кем кылууну арам кылды. Соода-сатык, алды-бердиде адилеттүү болуу силерге важыб. Адамга анын колунан келген ишти гана жүктөйбүз, тартып, өлчөп, ченөөдө ашык-кем кетирүүдөн сактана албаган учурларда күнөө жок. Дагы силерге кабар айтууда же күбөлүк берүүдө жакындарыңарга, досторуңарга жан тартып туура эмес сүйлөөнү арам кылды. Дагы силерге Аллахка берген антыңарды же Аллахтын аты менен берген антыңарды аткарбай коюуну арам кылды. Силерге мындай антыңардын өтөөсүнө чыгуу важыб. Жогоруда айтылгандар иштериңердин акыбетин эстеп жүрүү үчүн Аллахтын силерге бекемдеп берген буйруктары.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• لا يجوز التصرف في مال اليتيم إلّا في حدود مصلحته، ولا يُسلَّم ماله إلّا بعد بلوغه الرُّشْد.
Жетимдин малын ага пайдалуу иштин чегинен чыгпай гана иштетүүгө болот жана ал акыл-эси толуп балакат жашына жеткенде гана малын өзүнө өткөрүп берүүгө болот

• سبل الضلال كثيرة، وسبيل الله وحده هو المؤدي إلى النجاة من العذاب.
Адашуунун жолдору көп, Аллахтын жолу бирөө эле, ушул жол азаптан кутулууну камсыз кылат

• اتباع هذا الكتاب علمًا وعملًا من أعظم أسباب نيل رحمة الله.
Билип жана ишке ашыруу менен ушул китепти (Куранды) ээрчүү Аллахтын ырайымына жетүүнүн негизги себеби

 
د معناګانو ژباړه آیت: (152) سورت: الأنعام
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول