د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (157) سورت: الأعراف
ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلرَّسُولَ ٱلنَّبِيَّ ٱلۡأُمِّيَّ ٱلَّذِي يَجِدُونَهُۥ مَكۡتُوبًا عِندَهُمۡ فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَٱلۡإِنجِيلِ يَأۡمُرُهُم بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَىٰهُمۡ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡخَبَٰٓئِثَ وَيَضَعُ عَنۡهُمۡ إِصۡرَهُمۡ وَٱلۡأَغۡلَٰلَ ٱلَّتِي كَانَتۡ عَلَيۡهِمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِهِۦ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَٱتَّبَعُواْ ٱلنُّورَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ مَعَهُۥٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Жазууну да, окууну да билбеген, Раббисинен гана аян-кабар алган пайгамбар Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ээрчигендер анын аты жана сыпаттары Муса пайгамбарга түшүрүлгөн Тооротто жана Иса пайгамбарга түшүрүлгөн Инжилде жазылуу экенин көрүшкөн. Ал аларды жакшылыгы анык жана оңдоп-түзөй турган иштерге үндөйт, акылга жана таза ишенимге жаман экендиги билинип турган иштерден тыят. Тамактануу, суусундук ичүү жана никеленүү сыяктуу зыянсыз иштерди аткарууну ыктыярдуу кылган. Булардан таза, адал эместерин аларга арам кылат. Мурда моюндарына жүктөлгөн оор иштерди, мисалы, атайын же кокустан адам өлтүргөн кишиден өч алып аны өлтүрүү сыяктуу иштерди алардын моюнуна жүктөбөйт. Исраил урпактарыбы же башкаларбы, айтор, ким ага ыйман келтирсе, аны урматтап-сыйласа, каапырларга каршы ага жардам берсе, туура жолго баштоочу нур болуп түшүрүлгөн Куранды ээрчисе, мына ошолор каалаган нерсесине жетип, корккон нерсесинен кутулуп ийгиликке жетишет.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• تضمَّنت التوراة والإنجيل أدلة ظاهرة على بعثة النبي محمد صلى الله عليه وسلم وعلى صدقه.
Тоорот менен Инжилде Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгына жана анын чындык экенине ачык далилдер келген.

• رحمة الله وسعت كل شيء، ولكن رحمة الله عباده ذات مراتب متفاوتة، تتفاوت بحسب الإيمان والعمل الصالح.
Аллахтын ырайымы бардык нерсени ороп алган, бирок, пенделерине болгон ырайымынын даражалары ар түрдүү, бул алардын ыйманына жана жакшы иштерине жараша ар түрдүү болот.

• الدعاء قد يكون مُجْملًا وقد يكون مُفَصَّلًا حسب الأحوال، وموسى في هذا المقام أجمل في دعائه.
Дуба абалга жараша, кээде жалпы, кээде өзүнчо болот. бул жерде Муса пайгамбар жалпы дуба кылган.

• من صور عدل الله عز وجل إنصافه للقِلَّة المؤمنة، حيث ذكر صفات بني إسرائيل المنافية للكمال المناقضة للهداية، فربما توهَّم متوهِّم أن هذا يعم جميعهم، فَذَكَر تعالى أن منهم طائفة مستقيمة هادية مهدية.
Аз сандагы ыймандууларды да эске алганы - Аллах Тааланын адилеттүүлүгүнөн. Исраил урпактарынын туура жолдон баш тартып, катуу каршылык көрсөтүүчү сыпаттарын айтканда, көп адамдар бул сыпаттар алардын баарына тиешелүү экен деп ойлоп калуусу мүмкүн эле, ошон үчүн Аллах Таала алардын арасында туура жолдогулары да бар экенин эскеркен.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (157) سورت: الأعراف
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول