د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (169) سورت: الأعراف
فَخَلَفَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ خَلۡفٞ وَرِثُواْ ٱلۡكِتَٰبَ يَأۡخُذُونَ عَرَضَ هَٰذَا ٱلۡأَدۡنَىٰ وَيَقُولُونَ سَيُغۡفَرُ لَنَا وَإِن يَأۡتِهِمۡ عَرَضٞ مِّثۡلُهُۥ يَأۡخُذُوهُۚ أَلَمۡ يُؤۡخَذۡ عَلَيۡهِم مِّيثَٰقُ ٱلۡكِتَٰبِ أَن لَّا يَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّ وَدَرَسُواْ مَا فِيهِۗ وَٱلدَّارُ ٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Анан бул жаман иш жасагандардын артында орун басар болуп бир муун келди. Алар мурдагылардан Тооротту мурас алып, аны окуп бирок, анда жазылгандарды аткарбай, Аллахтын китебин өзгөртүү үчүн жана өкүмдөрдү түшкөн максатынан бурмалоо үчүн жарыбаган дүйнө буюмдарынан пара алып, Аллах күнөөлөрүбүздү кечирет деп өздөрүн алаксытышты. Аларга жок болуп кетүүчү дүйнө буюмдарын алып келишкен сайын, биринин артынан бирин ала беришти. Акйыкатта, Аллах Таала алар менен чындыкты эч өзгөртпөстөн, бурмалабастан айтууга келишим, убада кылган эмсе беле?! Китепте жазылган иштерди алар билбестиктен кылбай койгон жок, тескерисинче аларда илими бар болчу, алар аны окуп, билишкен. Ошон үчүн алардын күнөөсү оор болду. Акырет коргону, анда Аллахтын тыйганынан тыйылып, буйруганын аткарып, такыба болгондор үчүн, бул дүйнөдөгү жок болуп кетүүчү нерселерге караганда түбөлүктүү жакшылыктар бар. Мына ушул жок болуп кетүүчү дүйнө буюмдарын алуучулар, Аллах такыбаларга акыретте жакшы жана түбөлүктүү нерселерди даярдап койгонуна акыл жүгүртүшпөйбү?!
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• إذا نزل عذاب الله على قوم بسبب ذنوبهم ينجو منه من كانوا يأمرون بالمعروف وينهون عن المنكر فيهم.
Эгер коомго күнөөлөрү себептүү азап түшсө, аларды жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаргандар андан кутулушат.

• يجب الحذر من عذاب الله؛ فإنه قد يكون رهيبًا في الدنيا، كما فعل سبحانه بطائفة من بني إسرائيل حين مَسَخَهم قردة بسبب تمردهم.
Аллахтын азабынан сактануу важыб; анткени ал бул дүйнөдө коркунуч жаратуусу мүмкүн. Аллах Таала чектен чыкканы себептүү Исраил урпактарынан маймылга айландырып койгону сыяктуу.

• نعيم الدنيا مهما بدا أنه عظيم فإنه قليل تافه بجانب نعيم الآخرة الدائم.
Аллах Таала Исраил урпактарына кордукту жана жакырдыкты жазып, алардын залымдыгы жана туура жолдон тайганы себептүү ар дайым азап жөнөтүп турарын жарыялаган.

• أفضل أعمال العبد بعد الإيمان إقامة الصلاة؛ لأنها عمود الأمر.
Дүйнө жакшылыктары канча чоң болбосун, акыреттин түбөлүктүү жакшылыктарына салыштырмалуу түккө турбайт.

• كتب الله على بني إسرائيل الذلة والمسكنة، وتأذن بأن يبعث عليهم كل مدة من يذيقهم العذاب بسبب ظلمهم وانحرافهم.
Пенденин ыймандан кийинки эле жакшы иши - намаз окуу, анткени ал диндин түркүгү.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (169) سورت: الأعراف
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول