د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (66) سورت: الأعراف
قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِي سَفَاهَةٖ وَإِنَّا لَنَظُنُّكَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Коомундагы Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарган аттуу-баштуулары: "Эй, Худ, бизди бут-айкелдерге ибадат кылууну таштап, жалгыз Аллахка ибадат кылууга үндөгөнүңдөн сенин кем акыл, келесоолугуңду билип жатабыз. Өзүңдү пайгамбар деп эсептегениң анык жалганчылык экенине бекем ишенебиз" - дешти.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الأرض الطيبة مثال للقلوب الطيبة حين ينزل عليها الوحي الذي هو مادة الحياة، وكما أن الغيث مادة الحياة، فإن القلوب الطيبة حين يجيئها الوحي، تقبله وتعلمه وتنبت بحسب طيب أصلها، وحسن عنصرها، والعكس.
Жашоонун негизи болгон аян кабар түшкөндө аны кабыл кылган таза жүрөк, тирүүлүктүн негизи болгон жамгыр жааганда аны кабыл кылган жумшак топурактуу жакшы жерге окшош. Таза жүрөк ага аян кабар айтылганда кабыл кылып, аны үйрөнөт жана анын таза негизи менен тарбияланып өсөт. Ал эми таза эмес жүрөк, мунун тескерисинче болот.

• الأنبياء والمرسلون يشفقون على الخلق أعظم من شفقة آبائهم وأمهاتهم.
Пайгамбарлар жана элчилер адамдарга алардын ата-энелерине караганда көбүрөөк боорукер болушат.

• من سُنَّة الله إرسال كل رسول من قومه وبلسانهم؛ تأليفًا لقلوب الذين لم تفسد فطرتهم، وتيسيرًا على البشر.
Ар бир элге алардын өздөрүнөн, ошолордун тилинде сүйлөгөн адамды элчи кылып жиберүү Аллахтын сүннөт жолу. Адам баласына жеңил болуусу жана таза ишеними бузулбаган жүрөктөргө ыңгайлуу болуусу үчүн ушундай кылат.

• من أعظم السفهاء من قابل الحق بالرد والإنكار، وتكبر عن الانقياد للعلماء والنصحاء، وانقاد قلبه وقالبه لكل شيطان مريد.
Чындыкты кайтарып, четке кагуу, аалымдарга жана насаат айтуучуларга текеберленүү, шайтандын жолун ээрчип, жүрөгу менен ага берилүү кем акылдыктын жеткен чеги.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (66) سورت: الأعراف
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول