د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (74) سورت: الأعراف
وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ جَعَلَكُمۡ خُلَفَآءَ مِنۢ بَعۡدِ عَادٖ وَبَوَّأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ تَتَّخِذُونَ مِن سُهُولِهَا قُصُورٗا وَتَنۡحِتُونَ ٱلۡجِبَالَ بُيُوتٗاۖ فَٱذۡكُرُوٓاْ ءَالَآءَ ٱللَّهِ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ
Силерди Аад коомунун артынан алып келгендеги Аллахтын жакшылыктарын эстегиле. Жалганчылыгы жана каапырлыгы чектен чыккан Аад коому кыйратылгандан кийин силерди жерге жайгаштырып, анда орун-очок алдыңар, издегениңерди таптыңар. Силер эми жердин тегиз бетине ак сарайларды саласыңар, үй жасоо үчүн тоолорду кесесиңер. Аллахка шүгүр кылуу үчүн Анын жакшылыктарын эстегиле. Жер бетинде бузукулук кылып жүрүүнү таштагыла. Бузкулукту таштоо - Аллахка каапырлык кылууну жана күнөөлөрдү таштоо аркылуу болот.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الاستكبار يتولد غالبًا من كثرة المال والجاه، وقلة المال والجاه تحمل على الإيمان والتصديق والانقياد غالبًا.
Көбүнчө адамды байлыгы менен мансабы текеберликке түртөт. Ал эми кедейлик жана мансаптын жоктугу адамды ыйманга, ишенимге жана баш ийүүгө алып барат.

• جواز البناء الرفيع كالقصور ونحوها؛ لأن من آثار النعمة: البناء الحسن مع شكر المنعم.
Бийик, жакшы үйлөрдү салууга болот, анткени, жакшы үйлөрдү салуу жана жакшылыкты берүүчүгө шүгүр кылуу - жакшылыктын бир көрүнүшү.

• الغالب في دعوة الأنبياء أن يبادر الضعفاء والفقراء إلى الإصغاء لكلمة الحق التي جاؤوا بها، وأما السادة والزعماء فيتمردون ويستعلون عليها.
Пайгамбарлардын чакырыгында, көбүнчө, алсыз, кедей-кембагалдар алар алып келген чындык сөздү угууга шашылышат. Ал эми башчы, чоңдору болсо, моюн сунбайт жана текеберленет.

• قد يعم عذاب الله المجتمع كله إذا كثر فيه الخَبَث، وعُدم فيه الإنكار.
Эгер бузукулук көбөйүп, андан кайтарган эч ким болбосо, азап ошол элдин баарына бирдей түшөт.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (74) سورت: الأعراف
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول