Check out the new design

Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução quirguiz - Shamsuddin Hakimov * - Índice de tradução

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Tradução dos significados Surah: An-Nisaa   Versículo:
وَٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ رِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَلَا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَلَا بِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۗ وَمَن يَكُنِ ٱلشَّيۡطَٰنُ لَهُۥ قَرِينٗا فَسَآءَ قَرِينٗا
Мал-дүйнөлөрүн рия (адамдарга көрүнүү, атагы чыгуу) үчүн садага кылган жана өздөрү Аллахка да, Акыретке да ишенбей турган адамдарга дагы (азапты даярдап койгонбуз). Шайтан кимдин жакын досу болсо, ал эң жаман дос!
Os Tafssir em língua árabe:
وَمَاذَا عَلَيۡهِمۡ لَوۡ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَأَنفَقُواْ مِمَّا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِهِمۡ عَلِيمًا
Аллахка, Акырет күнүнө ыйман келтирип, Аллах аларга ырыскы кылып берген нерселерден (элге көрүнүүнү ниет кылбай) садага кылса аларга зыян болмок беле?! Аллах аларды Билүүчү.
Os Tafssir em língua árabe:
إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَظۡلِمُ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖۖ وَإِن تَكُ حَسَنَةٗ يُضَٰعِفۡهَا وَيُؤۡتِ مِن لَّدُنۡهُ أَجۡرًا عَظِيمٗا
«Албетте, Аллах эч кимге чаң бүртүгүнүн салмагындай да зулум кылбайт. Эгер (пенденин ишинде чаңдын бүртүгүнчө) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн алдынан чоң сооп берет».
Os Tafssir em língua árabe:
فَكَيۡفَ إِذَا جِئۡنَا مِن كُلِّ أُمَّةِۭ بِشَهِيدٖ وَجِئۡنَا بِكَ عَلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِ شَهِيدٗا
(О, Мухаммад!) бир кезде (Кыяматта) Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (алардын пайгамбарларын) келтирсек жана сени тиги (каапыр) адамдарга каршы күбөгө тартсак абал кандай болот?![1]
[1] Албетте, ар бир үммөттүн каапырларына каршы өз пайгамбарлары “мен буларга чындыкты жеткиргенмин, өздөрү укпай коюшкан” деп күбөлүккө өткөндө абал өзгөрүп, башкача айтканда, бул дүйнөдө текеберленип, эч кимди көзүнө илбей, теңине албай шапар тээп жүргөндөр, кордолуп, мөңкүрөп, тозокко айдалышат. Текебер каапырлар тарабынан маскараланып жүргөн момундар кудуреттүү-таберик болуп, алардын өзүн маскаралашат жана бейиш бактарындагы түбөлүк ырахаттарга кадам коюшат
Os Tafssir em língua árabe:
يَوۡمَئِذٖ يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَعَصَوُاْ ٱلرَّسُولَ لَوۡ تُسَوَّىٰ بِهِمُ ٱلۡأَرۡضُ وَلَا يَكۡتُمُونَ ٱللَّهَ حَدِيثٗا
Ал Күндө пайгамбарга каяша айтып, каапыр болгондор жер аларды көмүп, тегиз болуп калуусун эңсешет. Бирок, Аллахтан эч бир сөздү жашыра алышпайт.
Os Tafssir em língua árabe:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقۡرَبُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنتُمۡ سُكَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَعۡلَمُواْ مَا تَقُولُونَ وَلَا جُنُبًا إِلَّا عَابِرِي سَبِيلٍ حَتَّىٰ تَغۡتَسِلُواْۚ وَإِن كُنتُم مَّرۡضَىٰٓ أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوۡ جَآءَ أَحَدٞ مِّنكُم مِّنَ ٱلۡغَآئِطِ أَوۡ لَٰمَسۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَلَمۡ تَجِدُواْ مَآءٗ فَتَيَمَّمُواْ صَعِيدٗا طَيِّبٗا فَٱمۡسَحُواْ بِوُجُوهِكُمۡ وَأَيۡدِيكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوًّا غَفُورًا
О, ыйман келтиргендер! Эмне сүйлөп жатканыңарды биле турган болмоюнча (соолукмайынча) мас абалда намазга жакындашпагыла.[1] «Жунуб» абалда дагы гусул кылмайынча (бүт денеге суу жеткирип жуунмайынча) намазга жакындабагыла. (Мечитти аралап) өтүп жүрүүчүлөр гана (гусул кылбай өтсө болот.) Эгер ооруп калсаңар же сапарда болсоңор же силерден бирөөңөр ажатканадан чыкса же болбосо, аялдарыңарды кармаласаңар жана (даарат алганга) суу таппай калсаңар таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) бетиңерди жана колуңарды сылагыла. Албетте, Аллах Кечиримдүү жана күнөөлөрдөн өтүүчү.
[1] Бул хамр (мас кылуучу ичимдик) жөнүндөгү экинчи түшкөн аят. Биринчисинде Аллах таала “(Оо, Мухаммад) сенден хамр жана кумар ойноо жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал экөөндө чоң күнөө жана адамдарга (дүйнөлүк) пайда бар. Бирок, алардын күнөөсү пайдасынан чоңураак” деген аятты түшүргөн. Кийин эң акырында, үчүнчү ирет түшүргөн төмөндөгү аят жогорку эки аяттын өкүмүн жокко чыгарган: “Оо, ыйман келтиргендер, Чынында, хамр (мас кылуучу ичимдик), кумар ойноо, ансап (бут-статуялар) жана азлам (пал ачуу) шайтандын амалынан болгон ыпыластык. Андан сактангыла!” Ушул аят түшкөн соң ислам коомчулугунда арак-шарап тамчысына чейин арам болгон. Ал эми, аяттын уландысынын өкүмү жоюлган эмес.
Os Tafssir em língua árabe:
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ نَصِيبٗا مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ يَشۡتَرُونَ ٱلضَّلَٰلَةَ وَيُرِيدُونَ أَن تَضِلُّواْ ٱلسَّبِيلَ
(О, Мухаммад!) Китептен (Тоороттон) үлүшү бар адамдарды карабайсыңбы, (арам, күнөө иштерге мал-дүйнө жумшоо менен) адашууну сатып алышканын жана сенин (ак) жолдон адашууңду да каалашканын.
Os Tafssir em língua árabe:
 
Tradução dos significados Surah: An-Nisaa
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução quirguiz - Shamsuddin Hakimov - Índice de tradução

Traduzido por Shamsuddin Hakimov Abdulkhaliq, desenvolvido sob a supervisão do Centro de tradução Rawad.

Fechar