Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (5) Surah: Suratu Ar-Raad
۞ وَإِن تَعۡجَبۡ فَعَجَبٞ قَوۡلُهُمۡ أَءِذَا كُنَّا تُرَٰبًا أَءِنَّا لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدٍۗ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡأَغۡلَٰلُ فِيٓ أَعۡنَاقِهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде бир нерсеге таң калчу болсоң, анда алардын кайрадан тирилүүнү жалганга чыгаргандарына жана аны жокко чыгарып “биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилмек белек?!” деп далил кылган сөздөрүнө таң калганың татыктуураак. Раббисине каапырлык кылышып, өлгөндөрдү кайра тирилтүүгө Анын кудурети жетпейт деп өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү жокко чыгаргандар – ошолор кыямат күнү моюндарына оттон болгон чынжырлар оролгондор, мына ошолор тозокко киргендер. Алар ал жайда түбөлүк калышат, алар жок да болушпайт жана алардан азап токтотулбайт.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• إثبات قدرة الله سبحانه وتعالى والتعجب من خلقه للسماوات على غير أعمدة تحملها، وهذا مع عظيم خلقتها واتساعها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана Анын асмандарды жаратуусуна болгон таң калуусун баса белгилөө. Ал асмандар эбегейсиз чоңдугуна жана кеңдигине карабастан эч кандай тирөөчтөрү жок кармалып турат.

• إثبات قدرة الله وكمال ربوبيته ببرهان الخلق، إذ ينبت النبات الضخم، ويخرجه من البذرة الصغيرة، ثم يسقيه من ماء واحد، ومع هذا تختلف أحجام وألوان ثمراته وطعمها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана кемчиликсиз жаратуучулук сыпатын тастыктоо. Буга Анын жараткандары далил болот, мисалы чоң дарак кичинекей данектен өсүп-өнүп чыгат, кийин бир жерден сугарылат, бирок ага карабастан мөмө-жемиштеринин көлөмдөрү, түстөрү жана даамдары ар кандай болот.

• أن إخراج الله تعالى للأشجار الضخمة من البذور الصغيرة، بعد أن كانت معدومة، فيه رد على المشركين في إنكارهم للبعث؛ فإن إعادة جمع أجزاء الرفات المتفرقة والمتحللة في الأرض، وبعثها من جديد، بعد أن كانت موجودة، هو بمنزلة أسهل من إخراج المعدوم من البذرة.
Аллах тааланын жок эле даракты кичинекей данектен чоң кылып өстүрүп чыгаруусунда кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерге каршы жооп камтылган. Чындыгында мурда бар болуп кийин жер астында чирип жок болуп кеткен дененин бөлүктөрүн кайра жыйноо жана анын мурдагыдай кылып жаңыдан кайра тирилтүү – бул мурда жок болгон даракты данектен чыгаргандан да жеңилирээк.

 
Tradução dos significados Versículo: (5) Surah: Suratu Ar-Raad
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de tradução

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fechar