Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (5) Surah: Suratu Ibrahim
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَآ أَنۡ أَخۡرِجۡ قَوۡمَكَ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ وَذَكِّرۡهُم بِأَيَّىٰمِ ٱللَّهِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ
Чындыгында Биз Мусаны жибердик жана анын чынчылдыгын жана ал Раббиси тарабынан жиберилгенин далилдеген аят-белгилер менен аны кубаттадык. Ошондой эле өз коомун каапырлыктан жана наадандыктан ыйманга жана илимге чыгарууга буйрудук. Жана аларга жыргалчылыктарды берген Аллахтын күндөрүн эстетүүгө аны буйрудук. Чындыгында ал күндөрдө Аллахтын жалгыздыгына, Анын улуу кудуретине жана ыймандууларга берилген жакшылыктарына ачык далилдер бар. Мына бул нерсе менен Аллахка ибадат кылууга сабыр кылгандар, Аллахтын жакшылыктарына дайым шүгүр кылгандар пайда алышат.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• أن المقصد من إنزال القرآن هو الهداية بإخراج الناس من ظلمات الباطل إلى نور الحق.
Куранды түшүрүүнүн максаты – жалгандын караңгылыктарынан акыйкат нуруна адамдарды чыгарып аларды туура жолго салуу.

• إرسال الرسل يكون بلسان أقوامهم ولغتهم؛ لأنه أبلغ في الفهم عنهم، فيكون أدعى للقبول والامتثال.
Пайгамбарлар өз элинин тилинде жиберилет. Анткени аларды түшүнүүдө чоң таасирин тийгизет. Себеби бул пайгамбарлар алып келген нерсени кабыл алып ээрчүүгө эң жакшы түрткү болот.

• وظيفة الرسل تتلخص في إرشاد الناس وقيادتهم للخروج من الظلمات إلى النور.
Пайгамбарлардын милдети адамдарды туура жолго багыттоо жана аларды караңгылыктардан нурга чыгаруу.

 
Tradução dos significados Versículo: (5) Surah: Suratu Ibrahim
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de tradução

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fechar