Check out the new design

Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án * - Índice de tradução


Tradução dos significados Surah: An-Nahl   Versículo:
وَتَحۡمِلُ أَثۡقَالَكُمۡ إِلَىٰ بَلَدٖ لَّمۡ تَكُونُواْ بَٰلِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ ٱلۡأَنفُسِۚ إِنَّ رَبَّكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ
Бул үй жаныбарлары силер жолго чыкканда оор жүктөрүңөрдү адамдар үчүн кыйынчылык менен гана жетүү мүмкүн болгон шаарларга ташып барышат. Эй, адамдар! Чындыгында Раббиңер силерге өтө Мээримдүү, Ырайымдуу. Анткени Ал силерге бул үй жаныбарларын баш ийдирди.
Os Tafssir em língua árabe:
وَٱلۡخَيۡلَ وَٱلۡبِغَالَ وَٱلۡحَمِيرَ لِتَرۡكَبُوهَا وَزِينَةٗۚ وَيَخۡلُقُ مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Аллах силер миниш үчүн, жүгүңөрдү артыш үчүн жана адамдарга жагынганга кооздук болуш үчүн силерге жылкыларды, качырларды жана эшектерди жаратты. Ал Өзү жаратууну каалаган силер билбеген нерселерди жаратат.
Os Tafssir em língua árabe:
وَعَلَى ٱللَّهِ قَصۡدُ ٱلسَّبِيلِ وَمِنۡهَا جَآئِرٞۚ وَلَوۡ شَآءَ لَهَدَىٰكُمۡ أَجۡمَعِينَ
Өзүнүн ыраазылыгына жеткирген туура жолду ачыктап баяндоону Аллах Өз милдетине алган. Ал жол – Ислам дини. Жолдордун арасында акыйкаттан тайган шайтандын жолдору да бар. Исламдын жолунан башка бардык жолдор бурмаланган жолдор. Эгер Аллах баарыңар ыйманга келишиңерди каалаганда, анда Ал баарыңарга ага жетүүгө ийгилик бермек.
Os Tafssir em língua árabe:
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗۖ لَّكُم مِّنۡهُ شَرَابٞ وَمِنۡهُ شَجَرٞ فِيهِ تُسِيمُونَ
Ал силерге булуттардан суу түшүрдү. Ал суудан силер ичесиңер жана мал-жандыктарыңар да ичишет. Ошондой эле малыңар жайылган жайыттар да ошол суу менен көгөрүп жашылданат.
Os Tafssir em língua árabe:
يُنۢبِتُ لَكُم بِهِ ٱلزَّرۡعَ وَٱلزَّيۡتُونَ وَٱلنَّخِيلَ وَٱلۡأَعۡنَٰبَ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Аллах ал суу аркылуу силер жеп жаткан өсүмдүктөрдү өстүрөт жана аны менен силерге зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана мөмө-жемиштердин бардык түрлөрүн өстүрөт. Албетте бул сууда жана андан чыккан нерселерде Аллахтын жараткандары тууралуу ой жүгүрткөн адамдар үчүн Анын кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар. Алар ошолорду Аллахтын кудуреттүүлүгүнө далил кылышат.
Os Tafssir em língua árabe:
وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ وَٱلنُّجُومُ مُسَخَّرَٰتُۢ بِأَمۡرِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Ал силерге эс алышыңар үчүн түндү жана тиричилик кылышыңар үчүн күндүздү баш ийдирди. Жана жарык чачкан Күндү, нурун чачкан Айды жана Анын тагдыр буйругу менен силерге карап жылган жылдыздарды баш ийдирди. Силер алардын жардамы менен кургактык жана деңиз караңгылыктарында жол табасыңар жана убакыттарды билесиңер. Чындыгында бул баш ийдирүүдө – акылдарын иштеткен адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар. Мына ошолор гана мындан эмне максат кылынганын аңдап билишет.
Os Tafssir em língua árabe:
وَمَا ذَرَأَ لَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُخۡتَلِفًا أَلۡوَٰنُهُۥٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَذَّكَّرُونَ
Аллах жер бетинде жараткан ар түрдүү кен байлыктарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана жашылча-жемиштерди силерге баш ийдирип койду. Чындыгында бул айтылган жаратууда жана моюн сундурууда насаат алган адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык далилдер бар. Алар Аллах кудуреттүү жана жакшылык кылуучу экенин аңдап билишет.
Os Tafssir em língua árabe:
وَهُوَ ٱلَّذِي سَخَّرَ ٱلۡبَحۡرَ لِتَأۡكُلُواْ مِنۡهُ لَحۡمٗا طَرِيّٗا وَتَسۡتَخۡرِجُواْ مِنۡهُ حِلۡيَةٗ تَلۡبَسُونَهَاۖ وَتَرَى ٱلۡفُلۡكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Ал Аллах силерге деңизди баш ийдирип, анын үстүндө сүзүп жүрүүгө жана андагы нерселерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Анткени силер андан жумшак эттүү балыктарды уулап жейсиңер, бермет сыяктуу асыл таштарды өзүңөр жана аялдарыңар тагыныш үчүн деңизден аласыңар. Ошондой эле кемелер деңиз толкундарынан сүзүп өткөндөрүн көрөсүңөр. Силер ал кемелерге соода-сатыктан түшкөн пайда сыяктуу Аллахтын жакшылыктарына жетиш үчүн отурасыңар. Силер муну Аллах берген жакшылыктарга шүгүр кылууну каалап, Анын Өзүнө гана ибадат кыласыңар.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• من عظمة الله أنه يخلق ما لا يعلمه جميع البشر في كل حين يريد سبحانه.
Бүткүл адамзат билбеген нерселерди Аллах Өзү каалаган учурда жаратуусу Анын кудуреттүүлүгүн айгинелейт.

• خلق الله النجوم لزينة السماء، والهداية في ظلمات البر والبحر، ومعرفة الأوقات وحساب الأزمنة.
Аллах жылдыздарды асманды кооздош үчүн, кургактыкта жана деңизде жол табыш үчүн жана убакыт менен мезгилдерди эсептеп билиш үчүн жаратты.

• الثناء والشكر على الله الذي أنعم علينا بما يصلح حياتنا ويعيننا على أفضل معيشة.
Аллахка мактоолорду жана шүгүрлөрдү айтуу. Анткени Ал биздин жашообузга пайда алып келген жана жакшы жашоого жардам берген жакшылыктарды берди.

• الله سبحانه أنعم علينا بتسخير البحر لتناول اللحوم (الأسماك)، واستخراج اللؤلؤ والمرجان، وللركوب، والتجارة، وغير ذلك من المصالح والمنافع.
Аллах Таала бизге жакшылык кылып деңизди баш ийдирди. Биз андан балык алабыз, бермет жана маржандарды чыгарабыз, анын үстүндө сүзүп соода-сатык жүргүзөбүз жана сырткы коркунучтардан, баскынчы душмандардан мекенибизди коргойбуз.

 
Tradução dos significados Surah: An-Nahl
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án - Índice de tradução

Emitido pelo Centro de Tafssir para Estudos do Alcorão.

Fechar