Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (67) Surah: Suratu Al-Israa
وَإِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فِي ٱلۡبَحۡرِ ضَلَّ مَن تَدۡعُونَ إِلَّآ إِيَّاهُۖ فَلَمَّا نَجَّىٰكُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ أَعۡرَضۡتُمۡۚ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ كَفُورًا
Эй, мушриктер! Эгерде силер деңизде кыйынчылыкка кабылып, жок болуу коркунучуна туш болсоңор, анда Аллахтан башка сыйынып жүргөн кудайларыңар эсиңерден чыгып, Аллахты гана эстеп каласыңар, Андан жардам сурайсыңар. Качан Ал силерге жардам берип, корккон нерсеңерден куткарса жана силер кургактыкка чыксаңар, анда Аны кудай тутуудан жана жалгыз Андан гана суроодон баш тартасыңар жана кудайларыңарга кайтып кетесиңер. Чындыгында инсан Аллахтын жакшылыктарын танып кетүүчү.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• الإنسان كفور للنعم إلا من هدى الله.
Аллах туура жолго салган адамдардан башкалар Аллахтын жакшылыктарын танышат.

• كل أمة تُدْعَى إلى دينها وكتابها، هل عملت به أو لا؟ والله لا يعذب أحدًا إلا بعد قيام الحجة عليه ومخالفته لها.
Бардык элдер “динине амал кылдыбы же жокбу?” деп өз динине жана китебине чакырылат. Аллах далилдерди келтиргенден кийин ага каршы турушканда гана адамдарды азаптайт. Ага чейин эч кимди азаптабайт.

• عداوة المجرمين والمكذبين للرسل وورثتهم ظاهرة بسبب الحق الذي يحملونه، وليس لذواتهم.
Күнөөкөрлөрдүн жана жалганга чыгаргандардын пайгамбарларга жана алардын мураскорлоруна душмандыгы ачык. Бул душмандыктары алардын жеке өздөрү үчүн эмес, алардагы акыйкат себептүү.

• الله تعالى عصم النبي من أسباب الشر ومن البشر، فثبته وهداه الصراط المستقيم، ولورثته مثل ذلك على حسب اتباعهم له.
Аллах таала пайгамбарды жамандыктын себептеринен жана адамдардан сактады. Аны туура жолго салып бекем кылды. Бул нерсе пайгамдардын мураскорлорунун ээрчүүлөрүнө жараша аларга да болот.

 
Tradução dos significados Versículo: (67) Surah: Suratu Al-Israa
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de tradução

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fechar