Check out the new design

Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (37) Surah: Al-Baqarah
فَتَلَقَّىٰٓ ءَادَمُ مِن رَّبِّهِۦ كَلِمَٰتٖ فَتَابَ عَلَيۡهِۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Ошентип Адам ата Аллах анын дилине салган жана алар менен дуба кыл деп илхам кылган сөздөрдү алды. Алар тууралуу Аллахтын бул сөзүндө айтылган: «Алар айтышты: Оо, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык. Эми Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, биз анык жоготууга учурагандардан болобуз» (Аърам, 23-аят). Ошондо Аллах анын тообосун кабыл кылды, аны кечирди. Чындыгында Аллах таала пенделеринин тооболорун көп кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• الواجب على المؤمن إذا خفيت عليه حكمة الله في بعض خلقه وأَمْرِهِ أن يسلِّم لله في خلقه وأَمْرِهِ.
Эгер Аллахтын кээ бир жаратуусу менен буйругунун артындагы даанышман сыр пендеге белгисиз болсо, анда ыймандуу адам үчүн Аллахтын жаратуусу менен буйругунда Ага баш ийүү милдет болот.

• رَفَعَ القرآن الكريم منزلة العلم، وجعله سببًا للتفضيل بين الخلق.
Ыйык Куран илимдин даражасын көтөрдү жана аны адамдардын ортосундагы артыкчылыкка себеп кылды.

• الكِبْرُ هو رأس المعاصي، وأساس كل بلاء ينزل بالخلق، وهو أول معصية عُصِيَ الله بها.
Текеберлик – күнөөлөрдүн башы, адамдардын башына түшкөн бардык балээлердин башаты жана Аллахка кылынган эң биринчи күнөө.

 
Tradução dos significados Versículo: (37) Surah: Al-Baqarah
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án - Índice de tradução

Emitido pelo Centro de Tafssir para Estudos do Alcorão.

Fechar