Check out the new design

Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án * - Índice de tradução


Tradução dos significados Surah: An-Nisaa   Versículo:
وَٱسۡتَغۡفِرِ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Аллах Тааладан кечирим жана ырайым кылуусун сура, Аллах Таала чынында тообо кылган пендесине Кечиримдүү жана ага Ырайымдуу
Os Tafssir em língua árabe:
وَلَا تُجَٰدِلۡ عَنِ ٱلَّذِينَ يَخۡتَانُونَ أَنفُسَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ خَوَّانًا أَثِيمٗا
Кыянат кылган жана кыянаттыгын жаап-жашырган адам тарабында болуп талашпа, Аллах Таала мындай жалганчы кыянатчыларды жакшы көрбөйт.
Os Tafssir em língua árabe:
يَسۡتَخۡفُونَ مِنَ ٱلنَّاسِ وَلَا يَسۡتَخۡفُونَ مِنَ ٱللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمۡ إِذۡ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرۡضَىٰ مِنَ ٱلۡقَوۡلِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا يَعۡمَلُونَ مُحِيطًا
Адамдардан коркуп же уялып батып кеткен күнөөлөрүн жашыруусу мүмкүн, бирок Аллахтан жашыра албайт. Аллах аларды илими менен ороп алар менен бирге. Таза адамга жалаа жабуу, күнөөнү жашыруу сыяктуу Аллахты ыраазы кылбай турган нерселерди кылууну ойлоп жатышкандары да Аллахка жашыруун эмес. Аллах Таала алардын ачык жана жашыруун кылган иштерин ороп алуучу, Ага эч нерсе билинбей калбайт, кийин ошол кылган иштерине жараша жазалайт
Os Tafssir em língua árabe:
هَٰٓأَنتُمۡ هَٰٓؤُلَآءِ جَٰدَلۡتُمۡ عَنۡهُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فَمَن يُجَٰدِلُ ٱللَّهَ عَنۡهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ أَم مَّن يَكُونُ عَلَيۡهِمۡ وَكِيلٗا
Оо, мобуреки күнөөгө баткандардын ишине арачы болгондор, бул дүйнөдө аларды таза деп, аларды жазадан сактап талашкандар, а кыямат күнүчү, алардын кылганы ачыкка чыкканда, Аллах Таала менен ким талаша алат?! Ошол күнү ким аларга колдоочу өкүл боло алат?! Шек жок, мындай кылуу эч кимдин колунан келбейт.
Os Tafssir em língua árabe:
وَمَن يَعۡمَلۡ سُوٓءًا أَوۡ يَظۡلِمۡ نَفۡسَهُۥ ثُمَّ يَسۡتَغۡفِرِ ٱللَّهَ يَجِدِ ٱللَّهَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Жаман иш кылып, же күнөөгө бут коюп өзүнө залым кылган адам, күнөөсүн моюндап, ага өкүнүп, эми аны такыр кылбайм деп Аллахтан кечирим сурап тообо кылса, Аллах Тааланы дайыма анын күнөөсүн Кечирүүчү жана ага Ырайымдуу табат.
Os Tafssir em língua árabe:
وَمَن يَكۡسِبۡ إِثۡمٗا فَإِنَّمَا يَكۡسِبُهُۥ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Адам чоң күнөө кылабы, кичине күнөө кылабы анын жаман акыбети өзүнө, ал үчүн башка жооп бербейт. Аллах Таала пенделердин ишин Билүүчү, көзөмөлдөөдө жана шарият кылууда Даанышман
Os Tafssir em língua árabe:
وَمَن يَكۡسِبۡ خَطِيٓـَٔةً أَوۡ إِثۡمٗا ثُمَّ يَرۡمِ بِهِۦ بَرِيٓـٔٗا فَقَدِ ٱحۡتَمَلَ بُهۡتَٰنٗا وَإِثۡمٗا مُّبِينٗا
Ким билбестен ката кетирсе, же атайлап эле күнөө кылса, кийин мындай күнөөдөн таза адамга ошону кылдың деп жалаа кылса, бул кылыгы менен өтө жалганчылыкты жана ачык күнөөнү моюнуна илип алды
Os Tafssir em língua árabe:
وَلَوۡلَا فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكَ وَرَحۡمَتُهُۥ لَهَمَّت طَّآئِفَةٞ مِّنۡهُمۡ أَن يُضِلُّوكَ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمۡۖ وَمَا يَضُرُّونَكَ مِن شَيۡءٖۚ وَأَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَعَلَّمَكَ مَا لَمۡ تَكُن تَعۡلَمُۚ وَكَانَ فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكَ عَظِيمٗا
Оо, элчи, эгер сенин тазалыгыңа Аллахтын артыкчылыгы болбогондо, тиги жандарына кыянат кылгандардын бир жамааты сени адаштырууну жана туура эмес өкүм чыгартууну көксөп калган эле. Акыйкатта алар өздөрүн гана адаштырды; анткени адаштырууга жасаган аракетинин жаман акыбети өздөрүнө кайтты. Аллах таала сени коргогону себептүү алар сага зыян бере алышпайт. Аллах таала сага Куран, сүннөттү түшүрдү, сен буга чейин билбеген туура жолду, нурду билдирди. Аллахтын артыкчылыгы сага берген пайгамбарлык жана күнөөсүздүк менен улуу болду.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• النهي عن المدافعة والمخاصمة عن المبطلين؛ لأن ذلك من التعاون على الإثم والعدوان.
Жалганчылардын тарабын талашып, коргоо тыюу салынган иш; анткени бул күнөө жана душмандыкка жардам берүү болуп эсептелет.

• ينبغي للمؤمن الحق أن يكون خوفه من الله وتعظيمه والحياء منه فوق كل أحد من الناس.
чыныгы ыймандуу адамдын Аллахтан коркуусу, Аны улуулоосу жана Андан уялуусу адамдардан коркуудан, аларды улуулоодон жана алардан уялуудан жогору болууга тийиш.

• سعة رحمة الله ومغفرته لمن ظلم نفسه، مهما كان ظلمه إذا صدق في توبته، ورجع عن ذنبه.
Адам өзүнө канчалык чоң залым кылбасын, эгер тообосу чын ыкластан болуп күнөөдөн кайтса, ага Аллахтын кечирими жана ырайымы кенен.

• التحذير من اتهام البريء وقذفه بما لم يكن منه؛ وأنَّ فاعل ذلك قد وقع في أشد الكذب والإثم.
таза адамга доомат кылуудан, жалаа жабуудан сактануу кажет;мындай кылган адам чоң жалганчы болуп, оор күнөөгө батат

 
Tradução dos significados Surah: An-Nisaa
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án - Índice de tradução

Emitido pelo Centro de Tafssir para Estudos do Alcorão.

Fechar