Check out the new design

Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án * - Índice de tradução


Tradução dos significados Surah: Al-Maidah   Versículo:
وَقَفَّيۡنَا عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِم بِعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ مِنَ ٱلتَّوۡرَىٰةِۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡإِنجِيلَ فِيهِ هُدٗى وَنُورٞ وَمُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ مِنَ ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَهُدٗى وَمَوۡعِظَةٗ لِّلۡمُتَّقِينَ
Исраил урпактарынын пайгамбарларынын артынан Тооротто айтылгандарга ишенген жана ошо менен өкүм жүргүзгөн Мариям уулу Исаны пайгамбар кылып жибердик. Ага чындыкка жол көрсөткөн, далилдердеги күмөндөрдү жокко чыгарган, өкүмдөрдөгү мүшкүлдөрдү чечкен, өзүнөн мурдагы Тоороттун кээ бир гана күчү жокко чыгарылган өкүмдөрүнөн башкасын бүтүндөй тастыктаган Инжилди бердик. Инжилди туура жолго багыттоочу жана аларга арам болуп тыюу салынган нерселерден тыйып токтотуучу кылдык.
Os Tafssir em língua árabe:
وَلۡيَحۡكُمۡ أَهۡلُ ٱلۡإِنجِيلِ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فِيهِۚ وَمَن لَّمۡ يَحۡكُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Христиандар эми Аллах Таала Инжилде түшүргөн нерселерге ишенишсин жана андагы чындык өкүмдөр менен өкүм кылышсын (Мухаммад пайгамбар жиберилгенге чейинки өкүмдөр менен). Кимде-ким Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм кылбаса, алар - Аллахтын жолунан чыгуучулар, чындыктан баш тартуучулар, жалганга бут коюучулар.
Os Tafssir em língua árabe:
وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَمُهَيۡمِنًا عَلَيۡهِۖ فَٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُۖ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ عَمَّا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ لِكُلّٖ جَعَلۡنَا مِنكُمۡ شِرۡعَةٗ وَمِنۡهَاجٗاۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَكُمۡ فِي مَآ ءَاتَىٰكُمۡۖ فَٱسۡتَبِقُواْ ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ
Оо, элчи, сага Аллахтан экенине эч шек-күмөн болбогон чындык Куранды түшүрдүк. Ал мурдагы китептерди тастыктап, алардагы артыкчылыктарыд өзүнө камтыйт, мурдагылардан ага (Куранга) дал келгени чындык, каршы келгени жалган. Адамдарга Аллах ошол Куранда түшүргөн өкүмдөр менен өкүм кыл. Аллах Таала түшүргөн эч шек-күмөнү жок чындыкты чанып, алардын каалоосуна ээрчип кетпе. Чынында ар бир үммөткө иш жүзүндө аткарылчу өкүмдөрдү шарият кылдык жана алар адашпай турган ачык-айкын жолду көрсөттүк. Аллах шарияттын бир болуусун кааласа, аны бирөө эле кылмак. Бирок, аларды сынап, күнөөкөрдү күнөөсүздөн ажыратуу үчүн ар бир үммөткө өзүнчө шарият кылды. Эми жакшы иштерди жасап, жаман иштерди таштоого шашылгыла. Кыямат күнү баарың Аллахка кайтып барасыңар. Ошондо эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдү билдирет жана кылган иш-аракетиңерге жараша сый же жаза берет
Os Tafssir em língua árabe:
وَأَنِ ٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ وَٱحۡذَرۡهُمۡ أَن يَفۡتِنُوكَ عَنۢ بَعۡضِ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَۖ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَٱعۡلَمۡ أَنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعۡضِ ذُنُوبِهِمۡۗ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ لَفَٰسِقُونَ
Оо, элчи, аларга сага Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл, алардын өздөрүнүн каалоосуна ылайыктап алган көз караштарына ээрчибе. Аллах сага түшүргөн нерсенин кээ биринде сени адаштырып коюусунан этиет бол, мындай кылуудан алар такыр кайра тартпайт. Эгер сага Аллах түшүргөн өкүмдү кабыл кылуудан алар баш тартса, анда билип кой, Аллах кээ бир күнөөлөрү үчүн аларды бул дүйнөдө эле азаптоону каалайт. Ошондой эле акыретте бардык күнөөлөрү үчүн азаптайт. Чынында, өтө көп адамдар Аллахка баш ийбей жүрүшөт.
Os Tafssir em língua árabe:
أَفَحُكۡمَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ يَبۡغُونَۚ وَمَنۡ أَحۡسَنُ مِنَ ٱللَّهِ حُكۡمٗا لِّقَوۡمٖ يُوقِنُونَ
Сенин өкүмдөрүңдөн баш тартып, илгерки өздөрүнүн каалоолоруна ылайык өкүм кылышкан бут-айкелдерге сыйынган караңгы доордун өкүмүн каалашабы?! Аллах Таала элчисине түшүргөн нерсеге акыл жүгүрткөн бекем ишенимдеги адамдар үчүн Аллахтан жакшы өкүм кылуучу жок. Ал эми жалган болсо да өздөрүнүн каалоосуна ылайык өкүмдү гана кабыл кылган, каалоосун ээрчиген, караңгы адамдарга мындай эмес.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• الأنبياء متفقون في أصول الدين مع وجود بعض الفروق بين شرائعهم في الفروع.
Диндин негизинде пайгамбарлардын баарынын жолу бир, болгону шариятында гана айырмачылыктар бар.

• وجوب تحكيم شرع الله والإعراض عمّا عداه من الأهواء.
Адамдардын каалоосуна ылайыкталган өкүмдөрдөн жуз буруп, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзүү важыб, милдет.

• ذم التحاكم إلى أحكام أهل الجاهلية وأعرافهم.
Караңгылык доордогу адамдардын үрп-адаттары, өкүмдөрү менен өкүм кылууга болбойт

 
Tradução dos significados Surah: Al-Maidah
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án - Índice de tradução

Emitido pelo Centro de Tafssir para Estudos do Alcorão.

Fechar