Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (109) Surah: Suratu Al-An'aam
وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَئِن جَآءَتۡهُمۡ ءَايَةٞ لَّيُؤۡمِنُنَّ بِهَاۚ قُلۡ إِنَّمَا ٱلۡأٓيَٰتُ عِندَ ٱللَّهِۖ وَمَا يُشۡعِرُكُمۡ أَنَّهَآ إِذَا جَآءَتۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Эгер Мухаммад аларга алар талап кылган Аллахтын аят-белгилеринен бир белгини алып келсе, ага ыйман келтиребиз деп, бутпарастар колунан келишинче жан үрөп Аллахка ант беришет. Эй элчи, аларга: "Аят-белгилерди түшүргүдөй алар менин колумда эмес, ал Аллахтын колунда качан кааласа, ошондо түшүрөт" - деп айт. Эй, ыймандуулар, эгер алардын талабына ылайык аят-белги келсе да алардын ыйман келтирбестигин билесиңерби? Алар кежирленип, моюнуна албаган боюнча кала беришет, анткени алар туура жолду каалашпайт.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• تنزيه الله تعالى عن الظلم الذي ترسِّخُه عقيدة (الجَبْر)، وبيان أن كفر العباد وشركهم أمر يحدث باختيارهم.
(Жабр) акыйдасы бекемдеген жалаа, залымдыктан Аллах Таала аруу-таза экени, пенделердин каапырдыгы жана ширк кылуусу алардын өзүнүн ыктыяры менен болору айтылды.

• ليس بمقدور نبي من الأنبياء أن يأتي بآية من عند نفسه، أو متى شاء، بل ذلك أمر مردود لله تعالى، فهو القادر وحده على ذلك، وهو الحكيم الذي يُقَدِّر نوع الآية ووقت إظهارها.
Эч кайсы пайгамбар өз оюнан бирээр аят айтууга же аятты өзү каалаган учурда айтууга кадыр эмес. Бул Аллахтын колундагы иш. Буга Аллах жалгыз Өзү кадыр. Ал аяттардын түрлөрүн жана алар кайсы убакта айтыларын тагдыр кылган Даанышман Зат.

• النهي عن سب آلهة المشركين حذرًا من مفسدة أكبر وهي التعدي بالسب على جناب رب العالمين.
Бутпарастар сыйынган нерселерди сөгүүгө болбойт, анткени ошонун айынан алар андан да жаман ишке барып ааламдардын Раббисин сөгүүсу мүмкүн

• قد يحول الله سبحانه وتعالى بين العبد والهداية، ويُصرِّف بصره وقلبه على غير الطاعة؛ عقوبة له على اختياره الكفر.
Каапырлыкты тандаган пенделерине жаза катары, кээде Аллах Таала алардын туура жолдон алагды кылып, жүрөгүн жана көзүн баш ийүүдөн башка жакка буруп коёт

 
Tradução dos significados Versículo: (109) Surah: Suratu Al-An'aam
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de tradução

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fechar