Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (67) Surah: Suratu Al-Araaf
قَالَ يَٰقَوۡمِ لَيۡسَ بِي سَفَاهَةٞ وَلَٰكِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Худ коомунун айтканына жооп кылып: "Эй, коомум, мен кем акыл, келесоо эмесмин, мен ааламдардын Раббиси жиберген элчимин" - деди.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• الأرض الطيبة مثال للقلوب الطيبة حين ينزل عليها الوحي الذي هو مادة الحياة، وكما أن الغيث مادة الحياة، فإن القلوب الطيبة حين يجيئها الوحي، تقبله وتعلمه وتنبت بحسب طيب أصلها، وحسن عنصرها، والعكس.
Жашоонун негизи болгон аян кабар түшкөндө аны кабыл кылган таза жүрөк, тирүүлүктүн негизи болгон жамгыр жааганда аны кабыл кылган жумшак топурактуу жакшы жерге окшош. Таза жүрөк ага аян кабар айтылганда кабыл кылып, аны үйрөнөт жана анын таза негизи менен тарбияланып өсөт. Ал эми таза эмес жүрөк, мунун тескерисинче болот.

• الأنبياء والمرسلون يشفقون على الخلق أعظم من شفقة آبائهم وأمهاتهم.
Пайгамбарлар жана элчилер адамдарга алардын ата-энелерине караганда көбүрөөк боорукер болушат.

• من سُنَّة الله إرسال كل رسول من قومه وبلسانهم؛ تأليفًا لقلوب الذين لم تفسد فطرتهم، وتيسيرًا على البشر.
Ар бир элге алардын өздөрүнөн, ошолордун тилинде сүйлөгөн адамды элчи кылып жиберүү Аллахтын сүннөт жолу. Адам баласына жеңил болуусу жана таза ишеними бузулбаган жүрөктөргө ыңгайлуу болуусу үчүн ушундай кылат.

• من أعظم السفهاء من قابل الحق بالرد والإنكار، وتكبر عن الانقياد للعلماء والنصحاء، وانقاد قلبه وقالبه لكل شيطان مريد.
Чындыкты кайтарып, четке кагуу, аалымдарга жана насаат айтуучуларга текеберленүү, шайтандын жолун ээрчип, жүрөгу менен ага берилүү кем акылдыктын жеткен чеги.

 
Tradução dos significados Versículo: (67) Surah: Suratu Al-Araaf
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de tradução

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fechar