Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (89) Surah: Suratu Al-Araaf
قَدِ ٱفۡتَرَيۡنَا عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا إِنۡ عُدۡنَا فِي مِلَّتِكُم بَعۡدَ إِذۡ نَجَّىٰنَا ٱللَّهُ مِنۡهَاۚ وَمَا يَكُونُ لَنَآ أَن نَّعُودَ فِيهَآ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّنَاۚ وَسِعَ رَبُّنَا كُلَّ شَيۡءٍ عِلۡمًاۚ عَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡنَاۚ رَبَّنَا ٱفۡتَحۡ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَ قَوۡمِنَا بِٱلۡحَقِّ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡفَٰتِحِينَ
"Биз силердин каапырлык жана ширкке негизделген "диниңерге" кайтсак, Аллахка жалганчы болуп калабыз, анткени, Аллах Өзү бизди каапырлык жана ширктен куткарып чыгарган. Силердин жалган ишенимиңерге кайтуу бизге туура да келбейт, ылайык да эмес, бирок, Аллах кааласа гана. Көз карандылыктын баары Аллахтын каалоосунда, Раббибиз илими менен бардык нерсени ороп алган, Ага эч нерсе жашыруун болбойт. Туура жолдон тайдырбай кадамдарыбызды бекем кылуусу жана тозоктун жолунан сактоосу үчүн бир гана Аллахка таянабыз. Оо, Рабби, биз менен каапыр коомубуздун ортосуна Өзүң өкүм чыгар. Көк беттик менен зыян көрсөткөн залымдарга каршы туура жолдо зыян тартып жаткандарга жардам бер.Оо, Рабби, Сен өкүм чыгаруучулардын эң жакшысысың" - деди.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• من مظاهر إكرام الله لعباده الصالحين أنه فتح لهم أبواب العلم ببيان الحق من الباطل، وبنجاة المؤمنين، وعقاب الكافرين.
Чындык жана жалганды, ыймандуулардын ийгилигин жана каапырлардын акыбетин анык баяндап бергени - Аллахтын саалих пенделерине кылган жакшылыктарынын бири.

• من سُنَّة الله في عباده الإمهال؛ لكي يتعظوا بالأحداث، ويُقْلِعوا عما هم عليه من معاص وموبقات.
Трдүү кырсык-балээлерден сабак алып, күнөө-кылмыштардан кол үзөбү деп, пенделерин күтүү - Аллахтын сүннөт жолу.

• الابتلاء بالشدة قد يصبر عليه الكثيرون، ويحتمل مشقاته الكثيرون، أما الابتلاء بالرخاء فالذين يصبرون عليه قليلون.
Кыйынчылык аркылуу болгон сыноого көп адамдар сабыр кылып, көп адамдар көтөрө алат. Ал эми жыргалчык аркылуу болгон сыноону көп адамдар көтөрө албайт.

 
Tradução dos significados Versículo: (89) Surah: Suratu Al-Araaf
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de tradução

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fechar