Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - الترجمة القيرغيزية * - Ishakiro ry'ibisobanuro

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Ibisobanuro by'amagambo Umurongo: (103) Isura: Al An’am (Amatungo)
لَّا تُدۡرِكُهُ ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَهُوَ يُدۡرِكُ ٱلۡأَبۡصَٰرَۖ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ
Көздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт.[1] Ал – Латиф[2] (жана) Кабардар
[1] Ыймандуу пенделер Акыретте Аллах тааланы көрүшөт. Бирок, каректерине камтып, толук көрө албайт. Аллах бардык нерсени камтый алат. Бирок, эч ким Аллахты камтый албайт. Бейиштегилер Анын Жүзүн көрүү менен чексиз ырахат - лаззат туюшат. Кээ бир тафсирчилер бул аятты “көздөр Аны көрө албайт” деп туура эмес которушат. Бул “ыймандуулар Акыретте Раббисин өз көздөрү менен көрөт” деген Ислам акидасына (ишенимине) каршы болуп калат.
[2] “Латиф” Аллах тааланын 99 ысымынын бири. Бул көп маанилүү сөз болуп, эң белгилүү маанилери “Көрөгөч”, “Байкагыч”, “(пейили) Жумшак”. Демек “Латиф” дегендин мааниси “Анын илими, кабардарлыгы өтө назик түрдө өтүүчү, ал бардык сырларды, катылган ойлорду Билүүчү жана пендесине өтө назиктик менен, билдирбей туруп нээмат берүүчү” дегенди түшүндүрөт.
Ibisobanuro by'icyarabu:
 
Ibisobanuro by'amagambo Umurongo: (103) Isura: Al An’am (Amatungo)
Urutonde rw'amasura numero y'urupapuro
 
Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - الترجمة القيرغيزية - Ishakiro ry'ibisobanuro

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Gufunga