Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Ishakiro ry'ibisobanuro


Ibisobanuro by'amagambo Umurongo: (258) Isura: Al Baqarat (Inka)
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِي حَآجَّ إِبۡرَٰهِـۧمَ فِي رَبِّهِۦٓ أَنۡ ءَاتَىٰهُ ٱللَّهُ ٱلۡمُلۡكَ إِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ رَبِّيَ ٱلَّذِي يُحۡيِۦ وَيُمِيتُ قَالَ أَنَا۠ أُحۡيِۦ وَأُمِيتُۖ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ فَإِنَّ ٱللَّهَ يَأۡتِي بِٱلشَّمۡسِ مِنَ ٱلۡمَشۡرِقِ فَأۡتِ بِهَا مِنَ ٱلۡمَغۡرِبِ فَبُهِتَ ٱلَّذِي كَفَرَۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Аллахтын жаратуучулугу жана сыйынууга татыктуулугу тууралуу Ибрахим менен талашып-тартышкан залымдын тайманбастыгынан да таң калыштуусун билчү белең? Анын мындай кылуусуна Аллахтын берген падышалыгы себеп болуп, ал чектен чыкты. Ибрахим ага Раббисинин сыпаттарын баяндап: «Менин Раббим бүткүл макулуктарды тирилтет жана өлтүрөт» – деди. Залым кежирленип: «Мен деле кимди кааласам өлтүрүп жанын алам, кимди кааласам кечирип тирүү калтырам» – деди. Ибрахим ага андан да чоңураак далил келтирип: «Мен сыйынган Раббим Күндү чыгыш тараптан чыгарат, сен аны батыш тараптан чыгарчы» – деди. Ошондо залым эмне дерин билбей токтоп калды, далилдин күчтүүлүгүнө туруштук бере албады. Аллах залымдарга зулумдуктары жана аша чапкандыктары себептүү Анын жолуна түшүүгө ийгилик бербейт.
Ibisobanuro by'icyarabu:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• من أعظم ما يميز أهل الإيمان أنهم على هدى وبصيرة من الله تعالى في كل شؤونهم الدينية والدنيوية، بخلاف أهل الكفر.
Ыймандуулардын эң чоң өзгөчөлүктөрдүн бири – алар каапырлардан айырмаланып, динге жана дүйнөгө байланыштуу бардык иштеринде Аллах таала тараптан болгон туура жолдо жана аң-сезимдүүлүктө болушат.

• من أعظم أسباب الطغيان الغرور بالقوة والسلطان حتى يعمى المرء عن حقيقة حاله.
Зомбулуктун эң чоң себептеринин бири – күчкө жана бийликке алдануу. Мындай учурда адам өзүнүн чыныгы абалын көрбөй калат.

• مشروعية مناظرة أهل الباطل لبيان الحق، وكشف ضلالهم عن الهدى.
Чындыкты баяндап жана жалган жолдогулардын акыйкаттан адашуусун ачык көрсөтүп берүү үчүн алар менен талашып-тартышуу шариятта уруксат.

• عظم قدرة الله تعالى؛ فلا يُعْجِزُهُ شيء، ومن ذلك إحياء الموتى.
Аллах тааланын кудуретинин улуулугу. Аны эч бир нерсе алсырата албайт. Ошолордун бири – өлүктөрдү кайра тирилтүү.

 
Ibisobanuro by'amagambo Umurongo: (258) Isura: Al Baqarat (Inka)
Urutonde rw'amasura numero y'urupapuro
 
Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Ishakiro ry'ibisobanuro

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Gufunga