Check out the new design

Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu. * - Ishakiro ry'ibisobanuro


Ibisobanuro by'amagambo Isura: Twaha   Umurongo:
وَلَقَدۡ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَسۡرِ بِعِبَادِي فَٱضۡرِبۡ لَهُمۡ طَرِيقٗا فِي ٱلۡبَحۡرِ يَبَسٗا لَّا تَخَٰفُ دَرَكٗا وَلَا تَخۡشَىٰ
Биз Мусага вахий кылдык: «Менин пенделерим менен эч кимге билинбей аманчылыкта Мисирден түндөп жолго чык жана деңизди таягың менен уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү силерге жетип алат деп кооптонбо жана деңизге чөгүп кетүүдөн да коркпо!».
Ibisobanuro by'icyarabu:
فَأَتۡبَعَهُمۡ فِرۡعَوۡنُ بِجُنُودِهِۦ فَغَشِيَهُم مِّنَ ٱلۡيَمِّ مَا غَشِيَهُمۡ
Фараон аскерлери менен бирге алардын артынан түштү. Ошондо деңиз аны жана аскерлерин чөктүрдү. Алардын кандай чөккөндөрүн Аллах гана билет. Алардын баары чөгүп жок болушту. Муса жана аны менен болгондор гана аман калышты.
Ibisobanuro by'icyarabu:
وَأَضَلَّ فِرۡعَوۡنُ قَوۡمَهُۥ وَمَا هَدَىٰ
Фараон каапырлыкты элине кооз көргөзүп аларды адаштырды, жалгандык менен алдады жана аларды туура жолго баштаган жок.
Ibisobanuro by'icyarabu:
يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ قَدۡ أَنجَيۡنَٰكُم مِّنۡ عَدُوِّكُمۡ وَوَٰعَدۡنَٰكُمۡ جَانِبَ ٱلطُّورِ ٱلۡأَيۡمَنَ وَنَزَّلۡنَا عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَنَّ وَٱلسَّلۡوَىٰ
Биз Исраил урпактарын Фараон менен анын аскерлеринен куткаргандан кийин аларга айттык: «Эй, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Тур тоосунун жанында жайгашкан өрөөндүн оң тарабында Муса менен сүйлөшүүнү силерге убада кылдык. Биз силерге чөлдө бал сыяктуу шириндиктерди жана бөдөнөгө окшогон эти даамдуу кичине куштарды түшүрдүк».
Ibisobanuro by'icyarabu:
كُلُواْ مِن طَيِّبَٰتِ مَا رَزَقۡنَٰكُمۡ وَلَا تَطۡغَوۡاْ فِيهِ فَيَحِلَّ عَلَيۡكُمۡ غَضَبِيۖ وَمَن يَحۡلِلۡ عَلَيۡهِ غَضَبِي فَقَدۡ هَوَىٰ
Биз силерге ырыскы кылып берген адал тамак-аштарды жегиле! Бирок Биз адал кылганды таштап арам кылган нерселерге өтүп кетпегиле! Болбосо силерге Менин каарым түшөт. Кимге Менин каарым түшсө, анда ал кыйрап жок болот жана эки дүйнөдө бактысыз болот.
Ibisobanuro by'icyarabu:
وَإِنِّي لَغَفَّارٞ لِّمَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا ثُمَّ ٱهۡتَدَىٰ
Чындыгында Мага тообо кылып, ыйман келтиргендерге жана жакшылык иштерди кылып, туура жолго түшкөндөргө Мен Кечиримдүүмүн.
Ibisobanuro by'icyarabu:
۞ وَمَآ أَعۡجَلَكَ عَن قَوۡمِكَ يَٰمُوسَىٰ
Оо, Муса! Эмнеге элиңден шашылып, аларды артка калтырган бойдон алдыга озуп кеттиң?
Ibisobanuro by'icyarabu:
قَالَ هُمۡ أُوْلَآءِ عَلَىٰٓ أَثَرِي وَعَجِلۡتُ إِلَيۡكَ رَبِّ لِتَرۡضَىٰ
Муса айтты: «Мына алар артымда келе жатышат, жетейин деп калышты. Сени ыраазы кылыш үчүн Сага шашылып элимден алдыга озуп кеттим».
Ibisobanuro by'icyarabu:
قَالَ فَإِنَّا قَدۡ فَتَنَّا قَوۡمَكَ مِنۢ بَعۡدِكَ وَأَضَلَّهُمُ ٱلسَّامِرِيُّ
Аллах айтты: «Сен артта калтырып кеткен элиңди Биз торпокко сыйынабы деп сынадык. Аларды ага сыйынууга Самирий чакырды. Ал аны менен аларды адаштырды».
Ibisobanuro by'icyarabu:
فَرَجَعَ مُوسَىٰٓ إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ غَضۡبَٰنَ أَسِفٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ أَلَمۡ يَعِدۡكُمۡ رَبُّكُمۡ وَعۡدًا حَسَنًاۚ أَفَطَالَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡعَهۡدُ أَمۡ أَرَدتُّمۡ أَن يَحِلَّ عَلَيۡكُمۡ غَضَبٞ مِّن رَّبِّكُمۡ فَأَخۡلَفۡتُم مَّوۡعِدِي
Муса кайтып келгенче эли музоого сыйынып кеткен эле. Аларды көрүп ачууланып, алардын кылганына кайгырып мындай деди: «Эй, элим! Аллах силерге Тооратты түшүрөм, бейишке киргизем деп жакшынакай убада берген эле го?! Же убакыт ошончолук созулуп, унутуп калдыңарбы? Же бул кылганыңар себептүү силерге Раббиңердин каары түшүшүн, азабы келишин кааладыңарбы? Ошон үчүн мен силерге кайтып келгенче моюн сунууда бекем болобуз деген убадаңарды буздуңарбы?!».
Ibisobanuro by'icyarabu:
قَالُواْ مَآ أَخۡلَفۡنَا مَوۡعِدَكَ بِمَلۡكِنَا وَلَٰكِنَّا حُمِّلۡنَآ أَوۡزَارٗا مِّن زِينَةِ ٱلۡقَوۡمِ فَقَذَفۡنَٰهَا فَكَذَٰلِكَ أَلۡقَى ٱلسَّامِرِيُّ
Мусага эли айтты: «Эй, Муса! Биз сага берген убаданы өз ыктыярыбыз менен бузган жокпуз. Аргасыздан буздук. Биз Фараондун коомуна тийиштүү көптөгөн зер буюмдарды көтөрө чыккан элек. Кийин андан кутулуш үчүн аны бир чуңкурга таштадык. Биз чуңкурга ыргыткан сыяктуу эле Самирий да өзүндөгү Жебрейилдин атынын туягы баскан топуракты кошо ыргытты.
Ibisobanuro by'icyarabu:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• من سُنَّة الله انتقامه من المجرمين بما يشفي صدور المؤمنين، ويقر أعينهم، ويذهب غيظ قلوبهم.
Чектен чыккандардан өч алуу Аллахтын койгон эрежелеринен. Ал муну менен ыймандуулардын көкүрөктөрүн айыктырат, көздөрүнө кубаныч тартуулайт жана жүрөктөрүндөгү кыжырданууну кетирет.

• الطاغية شؤم على نفسه وعلى قومه؛ لأنه يضلهم عن الرشد، وما يهديهم إلى خير ولا إلى نجاة.
Залим башчы өзүнө да, элине да балээ. Анткени ал аларды туура жолдон адаштырып, аларды эч убакта жакшылыкка чакырып, жаман жолдон кутулууга багыттабайт.

• النعم تقتضي الحفظ والشكر المقرون بالمزيد، وجحودها يوجب حلول غضب الله ونزوله.
Жакшылыктар аны сактоону жана көбүрөөөк шүгүр кылууну талап кылат. Ал эми ага кесир болуу Аллахтын каары түшүүсүнө себеп болот.

• الله غفور على الدوام لمن تاب من الشرك والكفر والمعصية، وآمن به وعمل الصالحات، ثم ثبت على ذلك حتى مات عليه.
Ширк, каапырлык жана күнөөлөргө тообо кылгандарга, Ага ыйман келтиргендерге, жакшылык иштерди кылып, өлгөнгө чейин ал жолдо бекем тургандарга Аллах дайым Кечиримдүү.

• أن العجلة وإن كانت في الجملة مذمومة فهي ممدوحة في الدين.
Шашкалактык, жалпысынан алганда жаман сыпат катары саналганы менен ал динде жакшылык иштерге шашылуу мактоого арзыган сыпаттардан.

 
Ibisobanuro by'amagambo Isura: Twaha
Urutonde rw'amasura numero y'urupapuro
 
Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu. - Ishakiro ry'ibisobanuro

byasohowe n'ikigo Tafsir of Quranic Studies.

Gufunga