Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Ishakiro ry'ibisobanuro


Ibisobanuro by'amagambo Umurongo: (13) Isura: Ashuraa (Kujya inama)
۞ شَرَعَ لَكُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا وَصَّىٰ بِهِۦ نُوحٗا وَٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ وَمَا وَصَّيۡنَا بِهِۦٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَىٰٓۖ أَنۡ أَقِيمُواْ ٱلدِّينَ وَلَا تَتَفَرَّقُواْ فِيهِۚ كَبُرَ عَلَى ٱلۡمُشۡرِكِينَ مَا تَدۡعُوهُمۡ إِلَيۡهِۚ ٱللَّهُ يَجۡتَبِيٓ إِلَيۡهِ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِيٓ إِلَيۡهِ مَن يُنِيبُ
Биз Нухка жеткир жана аны иш жүзүндө аткар деп буйруганыбыз сыяктуу силерге да динди шарият кылдык. Оо, пайгамбар! Биз сага вахий кылган нерселерди да шарият кылдык. Ошондой эле Биз Ибрахимге, Мусага, Исага жеткиргиле жана аны иш жүзүндө аткаргыла, бир сөз менен айтканда: «Динди толук тургузгула жана анда бөлүнүп-жарылбагыла» – деген сыяктуу буйруктарыбызды силерге да шарият кылдык. Силер мушриктерди Аллахка гана сыйынып, Андан башкага сыйынбагыла деген чакырыгыңар алар үчүн оор болду. Аллах пенделеринен Өзү каалагандарын тандап, Өзүнө сыйынууга жана моюн сунууга ийгилик берет, ошондой эле күнөөлөрүнө тообо кылып Ага кайткандарды Өзүнө карай багыттайт.
Ibisobanuro by'icyarabu:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• دين الأنبياء في أصوله دين واحد.
Түпкүрүндө бардык пайгамбарлардын дини бир.

• أهمية وحدة الكلمة، وخطر الاختلاف فيها.
Сөздө биримдүү болуунун маанилүүлүгү жана кайчы пикирде болуунун кооптуулугу.

• من مقومات نجاح الدعوة إلى الله: صحة المبدأ، والاستقامة عليه، والبعد عن اتباع الأهواء، والعدل، والتركيز على المشترك، وترك الجدال العقيم، والتذكير بالمصير المشترك.
Аллахка даават кылуудагы ийгиликке жетүүнүн негиздери – түпкү негиздин тууралыгы, аны туура тутунуу, каалоолорду ээрчүдөн алыс болуу, жалпыга адилеттик кылуу жана көңүл буруу, пайдасыз талаш-тартыштарды таштоо жана бирге бара турган жайды эскертүү.

 
Ibisobanuro by'amagambo Umurongo: (13) Isura: Ashuraa (Kujya inama)
Urutonde rw'amasura numero y'urupapuro
 
Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Ishakiro ry'ibisobanuro

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Gufunga