Check out the new design

Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu. * - Ishakiro ry'ibisobanuro


Ibisobanuro by'amagambo Isura: Al An’am   Umurongo:
وَهُوَ ٱلَّذِي يَتَوَفَّىٰكُم بِٱلَّيۡلِ وَيَعۡلَمُ مَا جَرَحۡتُم بِٱلنَّهَارِ ثُمَّ يَبۡعَثُكُمۡ فِيهِ لِيُقۡضَىٰٓ أَجَلٞ مُّسَمّٗىۖ ثُمَّ إِلَيۡهِ مَرۡجِعُكُمۡ ثُمَّ يُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Силер уктаганда рухуңарды белгилүү мөөнөткө алып турган Ал Аллах. Күндүзү ойгоо кезиңерде иштерден эмнени кылганыңарды билген да Аллах. Уйкуда рухуңарды алгандан кийин ишиңерди кылууңар үчүн күндүзү кайра тирилтет. Ушинтип Аллах өлчөп койгон өмүрүңөр бүткөндөн кийин, кыямат күнү тирилип Аллахтын Өзүнө кайтасыңар. Ошондо силер бул дүйнө жашоосунда эмне кылып жүргөнүңөрдү кабарлайт жана ошого жараша сыйлайт же жазалайт
Ibisobanuro by'icyarabu:
وَهُوَ ٱلۡقَاهِرُ فَوۡقَ عِبَادِهِۦۖ وَيُرۡسِلُ عَلَيۡكُمۡ حَفَظَةً حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَكُمُ ٱلۡمَوۡتُ تَوَفَّتۡهُ رُسُلُنَا وَهُمۡ لَا يُفَرِّطُونَ
Аллах Таала пенделерине үстөм; бардык тараптан алардан Бийик, башка баардык нерсе Ага көз каранды. Өзүнүн кемчиликсиз улуктугуна жараша пенделериинин үстүндө. Эй адамдар, Аллах силерге кылган ишиңерди эсептеп сактоочу периштелерин жиберет, ажалыңар жеткенде жаныңарды алуу үчүн өлүм периштесин жана анын жардамчыларын жиберет. Ал периштелер буйрулган ишин кемчиликсиз аткарат
Ibisobanuro by'icyarabu:
ثُمَّ رُدُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ مَوۡلَىٰهُمُ ٱلۡحَقِّۚ أَلَا لَهُ ٱلۡحُكۡمُ وَهُوَ أَسۡرَعُ ٱلۡحَٰسِبِينَ
Кийин жаны алынгандын баары, кылган иштерине эсеп берүү үчүн, аларга күчтүү чечим жана адил өкүм чыгаруучу чыныгы падышасы Аллахтын алдына чогулат. Ал иш-аракеттерди өтө бат эсеп кылуучу.
Ibisobanuro by'icyarabu:
قُلۡ مَن يُنَجِّيكُم مِّن ظُلُمَٰتِ ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ تَدۡعُونَهُۥ تَضَرُّعٗا وَخُفۡيَةٗ لَّئِنۡ أَنجَىٰنَا مِنۡ هَٰذِهِۦ لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّٰكِرِينَ
Оо, элчи, бул бутпарастарга минтип айт: Кургактын жана деңиздин караңгылыгында кабылган апаат-балээлерден ким силерди саламат сактап калат? Ичиңерден да, сыртыңардан кемсинип, Анын жалгыз Өзүнө: О, Жараткан, эгер ушул балээден бизди сак-саламат алып калсаң, бул жакшылыгыңа шүгүр кылуучулардан болуп, Сенден башкага сыйынбайбыз - деп жалбарасыңар го.
Ibisobanuro by'icyarabu:
قُلِ ٱللَّهُ يُنَجِّيكُم مِّنۡهَا وَمِن كُلِّ كَرۡبٖ ثُمَّ أَنتُمۡ تُشۡرِكُونَ
Оо, элчи, аларга минтип айт: Силерди ал балээден куткара турган Аллах Өзү, бардык кайгы-кападан арылтат. силер болсо ошондон кийин да, жыргалчылык учурда Ага башка нерсени шерик кыласыңар. Ушул кылганыңардан да өткөн залымдык болобу?!
Ibisobanuro by'icyarabu:
قُلۡ هُوَ ٱلۡقَادِرُ عَلَىٰٓ أَن يَبۡعَثَ عَلَيۡكُمۡ عَذَابٗا مِّن فَوۡقِكُمۡ أَوۡ مِن تَحۡتِ أَرۡجُلِكُمۡ أَوۡ يَلۡبِسَكُمۡ شِيَعٗا وَيُذِيقَ بَعۡضَكُم بَأۡسَ بَعۡضٍۗ ٱنظُرۡ كَيۡفَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَفۡقَهُونَ
Оо, элчи, аларга дагы минтип айт: Аллах Таала силерге үстүңөрдөн келүүчү таш жаадыруу, чагылган түшүрүү, топон сууга чөктүрүү сыяктуу ошодой эле бут астыңардан келүүчү жер титирөө, жер жутуу сыяктуу азаптарды жиберүүгө күчү жетүүчү-Кудуреттүү. Же жүрөгүңөрдү бири-бириңе каршы кылып коёт да, ар кимиң өз каалооңду ээрчип, бири-бириңерди өлтүрөсүңөр. Эй элчи, алардын ишеними жалган, сен алып келген дин чындык экенин түшүнүүсү үчүн аларга түрдүү белги, далилдерди көрсөтүп жана баяндап жатканыбызды карап көрчү.
Ibisobanuro by'icyarabu:
وَكَذَّبَ بِهِۦ قَوۡمُكَ وَهُوَ ٱلۡحَقُّۚ قُل لَّسۡتُ عَلَيۡكُم بِوَكِيلٖ
Коомуң бул Куранды жалган деди. Куран чындык, анын Аллахтан экенине эч күмөн жок. Эй, элчи, аларга: Мага силерди көзөмөлдөө жүктөлгөн эмес, болгону мен силерге жакын арада туш болуучу катуу азапты эскертүүчүмүн.
Ibisobanuro by'icyarabu:
لِّكُلِّ نَبَإٖ مُّسۡتَقَرّٞۚ وَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Ар бир кабардын туруктуу убактысы жана бүтө турган акыркы чеги бар. Ушунун бири силердин малыңардын жана акыбетиңердин кабары. Муну кыямат күнү кайра тирилгенде билесиңер.
Ibisobanuro by'icyarabu:
وَإِذَا رَأَيۡتَ ٱلَّذِينَ يَخُوضُونَ فِيٓ ءَايَٰتِنَا فَأَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ يَخُوضُواْ فِي حَدِيثٍ غَيۡرِهِۦۚ وَإِمَّا يُنسِيَنَّكَ ٱلشَّيۡطَٰنُ فَلَا تَقۡعُدۡ بَعۡدَ ٱلذِّكۡرَىٰ مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, элчи, эгер бутпарастардын Биздин аяттарыбыз тууралуу келекелүү, шылдың сөздөрүн уксаң, аяттарыбызды шылдыңдаган сөздөн башка сөзгө көчмөйүнчө алардан алыс бол. Эгер шайтан унттуруп алар менен отуруп калсаң жана кийин эстесең, алардын отурушун ташта, мындай бузукулар менен отурба.
Ibisobanuro by'icyarabu:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• إثبات أن النومَ موتٌ، وأن الأرواح تُقْبض فيه، ثم تُرَد عند الاستيقاظ.
уйку өлүм экенине, уйку учурунда рух алынып, ойгонгондо кайра берилери чындык

• الاستدلال على استحقاق الله تعالى للألوهية بدليل الفطرة، فإن أهل الكفر يؤمنون بالله تعالى ويرجعون لفطرتهم عند الاضطرار والوقوع في المهالك، فيسألون الله تعالى وحده.
Аллах Тааланын улухиятка татыктуулугу табигый ишеним менен далилденип турат, каапырлар башына балээ түшкөндө Аллахка ишенип, табигый ишенимдерине кайтышат да, Аллахтан жардам сурашат

• إلزام المشركين بمقتضى سلوكهم، وإقامة الدليل على انقلاب فطرتهم، بكونهم يستغيثون بالله وحده في البحر عند الشدة، ويشركون به حين يسلمهم وينجيهم إلى البر.
Бутпарастар деңизде коркунучка кабылганда Аллахтан жардам сурашат, кургактыкка аман-эсен чыккандан кийин Аллахка шерик кылышат. Бул алардын тандаган жолу жана ишенимдери өзгөрүп турарына далил.

• عدم جواز الجلوس في مجالس أهل الباطل واللغو، ومفارقتُهم، وعدم العودة لهم إلا في حال إقلاعهم عن ذلك.
Жалганчы, бекерчилердин отурушуна алардын тамашаларына аралашып отурууга болбойт, алардын катарына башка сөзгө өткөндө гана кошулууга болот.

 
Ibisobanuro by'amagambo Isura: Al An’am
Urutonde rw'amasura numero y'urupapuro
 
Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu. - Ishakiro ry'ibisobanuro

byasohowe n'ikigo Tafsir of Quranic Studies.

Gufunga