Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov * - Përmbajtja e përkthimeve

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Përkthimi i kuptimeve Surja: Ibrahim   Ajeti:
قَالَتۡ لَهُمۡ رُسُلُهُمۡ إِن نَّحۡنُ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ وَمَا كَانَ لَنَآ أَن نَّأۡتِيَكُم بِسُلۡطَٰنٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
«Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллах пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) жакшылык берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллах кааласа гана келтире алабыз. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат.[1]
[1] Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат. Башкача айтканда өздөрүн Аллахка тапшырышат. Эмесе, алардын каршысында түгөлү менен каапыр коом турган. Алар жалгыз! Ошентсе да, Аллахтын кудуретине, жардамына ишенип Нух пайгамбар айткандай: "Ишиңерди жана шерик-кудайыңарды чогулта бергиле!" - дешти. Худ пайгамбар дагы каапырларга карап: "Бардыгың мага каршы айла-амалыңды баштай бергиле!" - деген болчу. Аллахка тобокел кылуунун мааниси - ушул.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَمَا لَنَآ أَلَّا نَتَوَكَّلَ عَلَى ٱللَّهِ وَقَدۡ هَدَىٰنَا سُبُلَنَاۚ وَلَنَصۡبِرَنَّ عَلَىٰ مَآ ءَاذَيۡتُمُونَاۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Эмне үчүн биз Аллахка тобокел кылбайт экенбиз?! Ал бизди (Өзү берген) туура жолубузга баштап койду. (Биз бул жолдон кайтпайбыз, эгер азап көрсөтсөңөр) азабыңарга бекем сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллахка гана тобокел кылсын!
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِرُسُلِهِمۡ لَنُخۡرِجَنَّكُم مِّنۡ أَرۡضِنَآ أَوۡ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَاۖ فَأَوۡحَىٰٓ إِلَيۡهِمۡ رَبُّهُمۡ لَنُهۡلِكَنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ
Каапыр болгондор пайгамбарларына: «Силерди жерибизден чыгарып жиберебиз, же болбосо, (ата-бабадан калган, эски) динибизге кайтасыңар! (Экөөнүн бирин тандагыла)» – дешти. Андан соң, Раббиси пайгамбарларга: «Биз сөзсүз залымдарды (каапырларды) жок кылабыз
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَنُسۡكِنَنَّكُمُ ٱلۡأَرۡضَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۚ ذَٰلِكَ لِمَنۡ خَافَ مَقَامِي وَخَافَ وَعِيدِ
жана алардан кийин (мурас калган) жерге силерди жашатып койобуз! Бул (убада Кыяматта) Биздин алдыбызда (эсеп берип) туруудан жана (күнөөлүүлөргө арнаган) убадаларымдан корккон адамдар үчүн» деп вахий (кабар) кылды.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَٱسۡتَفۡتَحُواْ وَخَابَ كُلُّ جَبَّارٍ عَنِيدٖ
(Момундар) жеңиш сурашты. Ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга жолукту.
Tefsiret në gjuhën arabe:
مِّن وَرَآئِهِۦ جَهَنَّمُ وَيُسۡقَىٰ مِن مَّآءٖ صَدِيدٖ
(Мунун себеби,) анын артында тозок. (Тозокто) ага кайнак ириң ичирилгенде,
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَتَجَرَّعُهُۥ وَلَا يَكَادُ يُسِيغُهُۥ وَيَأۡتِيهِ ٱلۡمَوۡتُ مِن كُلِّ مَكَانٖ وَمَا هُوَ بِمَيِّتٖۖ وَمِن وَرَآئِهِۦ عَذَابٌ غَلِيظٞ
(суусагандан улам) ичкенге аракет кылат, бирок иче албайт. Ар тараптан өлүм(гө тете азаптар) келет бирок, өлө албайт. Анын артынан (андан да) катуу азап бар!
Tefsiret në gjuhën arabe:
مَّثَلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡۖ أَعۡمَٰلُهُمۡ كَرَمَادٍ ٱشۡتَدَّتۡ بِهِ ٱلرِّيحُ فِي يَوۡمٍ عَاصِفٖۖ لَّا يَقۡدِرُونَ مِمَّا كَسَبُواْ عَلَىٰ شَيۡءٖۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلضَّلَٰلُ ٱلۡبَعِيدُ
Раббисине каапыр болгон адамдар жасаган иштердин[1] мисалы - бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Алар өздөрү жасаган иштерден эч бир (пайдалуу) нерсеге жетише албайт. Бул - абдан алыс адашуу!
[1] "Каапырлардын иштери" - бул алардын динге каршы аракеттери, же болбосо бул дүйнөдө жасаган "соопчулук" иштери. Биринчиси бул дүйнөдө текке кетсе, экинчисине кыпындай да сооп болбойт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Ibrahim
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov - Përmbajtja e përkthimeve

Shamsuddin Hakimov Abdulkhaliq e përktheu, zhvillimi i saj u bë i mundur nën mbikëqyrjen e Qendrës Ruvad et-Terxheme.

Mbyll