Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. (Анткени,) алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар бирок, көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угушпайт. Алар айбандар сыяктуу. Жок! Андан да төмөн! Алар – (эч нерсени) туйбаган адамдар!
Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Аллахтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат.
Биздин аяттарыбызды “жалган” дегендерди өздөрү билбей-сезбей кала турган кейипте, «истидраж» кылабыз.[1]
[1] Истидраждын» мааниси даражама-даража, тепкичме-тепкич (билгизбей) көтөрүү дегенди билдирет. Аллах таала туура жолго кайтуусунан үмүт үзүлгөн каапырларга дүйнө байлыгын, ырахат-жыргалын үстөккө-босток бере берет. «Эгер мен Аллахка жакпасам буларды мага бермек беле?» деп корстон болгон ал бечара күнөөлөрдүн тепкичинен дагы жогору көтөрүлө берет.
Алар дайым бирге жүргөн киши (Мухаммад) жинди эмес экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес.[1]
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өз коомуна Акырет, кыямат, парыз, күнөө, сооп жөнүндө айтып, Исламга үгүт кылып чакырганда, көпчүлүк аны “эч ким сүйбөгөн нерселерди сүйлөгөн жинди-го” дешкен. Бул аят ошолорго жооп болуп, аларга Мухаммад өздөрүнүн чөйрөсүндө жашаган шериктери экенин, болгондо да алардын эң акылдууларынан, кеңеш сурап барылуучу көсөмдөрүнөн экенин, эми алардын каалоолоруна жакпаган сөздөрдү айтса эле, жиндиге чыгарып коюулары ойлонулбаган наадандык экенин эскертүүдө.
«Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!»
Алар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт».
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Rezultatet e kërkimit:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".