Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: Hud   Ajeti:

Худ

Qëllimet e sures:
تثبيت النبي والمؤمنين بقصص الأنبياء السابقين، وتشديد الوعيد للمكذبين.
Пайгамбарды жана ыймандуу мусулмандарды мурдагы пайгамбарлардын башынан өткөргөн окуялары аркылуу шыктандыруу жана жалганчыларга катуу азапты эскертүү.

الٓرۚ كِتَٰبٌ أُحۡكِمَتۡ ءَايَٰتُهُۥ ثُمَّ فُصِّلَتۡ مِن لَّدُنۡ حَكِيمٍ خَبِيرٍ
Алиф, Лаам, Ро. Бул аяттын чечмеленишине окшош сөздөр бакара сүрөөсүндө өткөн. Куран аяттары мааниси жана жазылышы жагынан бирдей болгон китеп. Андан ката жана кемчилик таппайсың. Ошондой эле адал-арамды, буйрук-тыюуну, жакшылыкты убада кылуу, жамандык менен коркутуу, окуялар жана башка нерселер Аллах тараптан баяндалып келген. Ал Өзүнүн башкаруусунда жана шариятында Даанышман. Ал пенделерине эмне пайда берерин Билүүчү Зат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَۚ إِنَّنِي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ وَبَشِيرٞ
Мухаммад пайгамбарга түшүрүлгөн аяттардын камтыган нерселери- пенделерди Аллах менен катар башка нерселерге ибадат кылуудан тыюу. Эй, адамдар! Эгер силер Аллахка каапырлык жана күнөө кылсаңар, анда мен силерди Аллахтын азабы менен коркутуучумун. Ал эми Ага ыйман келтирип Анын шариятына амал кылсаңар, анда мен Аллахтын сооптору менен сүйүнтүүчүмүн.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَأَنِ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِ يُمَتِّعۡكُم مَّتَٰعًا حَسَنًا إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَيُؤۡتِ كُلَّ ذِي فَضۡلٖ فَضۡلَهُۥۖ وَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٖ كَبِيرٍ
Эй, адамдар! Кылган күнөөңөр үчүн Раббиңерден кечирим сурагыла. Ал буйруган нерселерди кыла албай калганыңарга өкүнүп Аллахка кайткыла. Ал силерди дүйнө жашоосунда белгиленген ажал убактыңар келгиче жакшы нерселер менен ырахаттандырат. Ибадат жана амалдарын жакшы кылган адамдардын барына жакшылыктары үчүн Аллах сыйлыкты эч кемитпестен толук кылып берет. Эгер мен Раббимден алып келген ыймандан жүз бурсаңар, анда кыямат күнү силерге жете турган коркунучтуу азаптан коркомун.
Tefsiret në gjuhën arabe:
إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Эй, адамдар! Кыямат күнү Аллахтын Өзүнө гана кайтып барасыңар. Ал Аруу Зат бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсыз кыла албайт. Силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтип, калыбынарга келтирип сурак кылууда Аллахты эч бир нерсе алсыз кыла албайт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَلَآ إِنَّهُمۡ يَثۡنُونَ صُدُورَهُمۡ لِيَسۡتَخۡفُواْ مِنۡهُۚ أَلَا حِينَ يَسۡتَغۡشُونَ ثِيَابَهُمۡ يَعۡلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعۡلِنُونَۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Ал мушриктер жүрөктөрүн жумшак кылышып Аллахка болгон наадандыктары себептүү жүрөктөрүндөгү шекти Андан жашырышат. Алар баштарын кийимдери менен ороп алышкан учурда, Аллах алар эмне жашырып жана эмнени ачык кылгандарын билет. Чындыгында Ал жүрөктөр эмне жашырып жатканын Билүүчү Зат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• إن الخير والشر والنفع والضر بيد الله دون ما سواه.
Чындыгында жакшылык менен жамандык, пайда жана зыян берүү эч бир жандын эмес бир гана Аллахтын колунда.

• وجوب اتباع الكتاب والسُّنَّة والصبر على الأذى وانتظار الفرج من الله.
Куран жана сүннөттү ээрчүүнүн милдеттүүлүгү жана ызаа берген нерселерге сабыр кылып Аллахтан келе турган жеңилдикти күтүү.

• آيات القرآن محكمة لا يوجد فيها خلل ولا باطل، وقد فُصِّلت الأحكام فيها تفصيلًا تامَّا.
Куран аяттары кемчиликсиз, андан жалган жана кемчиликти таппайсың. Андагы өкүмдөр толук чечмеленип берилген.

• وجوب المسارعة إلى التوبة والندم على الذنوب لنيل المطلوب والنجاة من المرهوب.
Тообо кылганга шашылуунун милдеттүүлүгү жана кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, Аллах талап кылган нерсеге жетип, Ал коркуткан нерседен кутулуу.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Hud
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll