Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: Jusuf   Ajeti:
فَلَمَّا جَهَّزَهُم بِجَهَازِهِمۡ جَعَلَ ٱلسِّقَايَةَ فِي رَحۡلِ أَخِيهِ ثُمَّ أَذَّنَ مُؤَذِّنٌ أَيَّتُهَا ٱلۡعِيرُ إِنَّكُمۡ لَسَٰرِقُونَ
Качан Юсуф кызматчыларына бир туугандарынын азык-түлүктөрүн төөлөргө жүктөөнү буйруганда адамдарга азык-түлүктү ченеген падышанын чөйчөгүн инисинин куржунуна аларга билгизбей салып коёт. Бул аны өзү менен бирге калтыруунун айла-амалы болчу. Алар үйүн көздөй жол тартканда арттан бир адам жар салып: «Эй, азык-түлүк жүктөлгөн төө ээлери! Силер анык ууру экенсиңер» – деп келет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالُواْ وَأَقۡبَلُواْ عَلَيۡهِم مَّاذَا تَفۡقِدُونَ
Юсуфтун бир туугандары артта кыйкырып келе жаткан адамды жана анын жанындагы жан-жөкөрлөрүн көздөй бет алып: «Бизди ууру деп айыптай турганчалык эмнеңерди жоготтуңар?» – деп сурашты.
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالُواْ نَفۡقِدُ صُوَاعَ ٱلۡمَلِكِ وَلِمَن جَآءَ بِهِۦ حِمۡلُ بَعِيرٖ وَأَنَا۠ بِهِۦ زَعِيمٞ
Жарчы менен анын жан-жөкөрлөрү Юсуфтун бир туугандарына: «Падышанын ченегич чөйчөгүн жоготтук. Биз өзүбүз тинтигенге чейин падышанын чөйчөгүн ким тапса, ага сыйлык бар. Ага бир төө жүгү менен берилет. Мен буга өзүм кепилдик беремин» – деп айтты.
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالُواْ تَٱللَّهِ لَقَدۡ عَلِمۡتُم مَّا جِئۡنَا لِنُفۡسِدَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا كُنَّا سَٰرِقِينَ
Юсуфтун бир туугандары аларга: «Аллахка ант болсун! Силер биздин акыбалыбызды көргөндөй эле ак ниеттүүлүгүбүздү жана буга катышыбыз жок экенин билдиңер. Биз Мисир жерине бузукулук кылганы келбедик жана биз жашоодо ууру эмеспиз» – дешти.
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالُواْ فَمَا جَزَٰٓؤُهُۥٓ إِن كُنتُمۡ كَٰذِبِينَ
Жарчы менен анын жан-жөөкөрлөрү айтышты: «Уурулукка катышыбыз жок деп жалган айткан болсоңор, анда силерде уурдаган адамга кандай жаза берилет?»
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالُواْ جَزَٰٓؤُهُۥ مَن وُجِدَ فِي رَحۡلِهِۦ فَهُوَ جَزَٰٓؤُهُۥۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلظَّٰلِمِينَ
Юсуфтун бир туугандары айтышты: «Уурунун биздеги жазасы – уурдалган буюм кимдин куржунунан табылса, анда ал адам буюмдун ээсине берилет, ал аны кул кылат. Биз ууруларды мына ушинтип кул кылып жазалайбыз».
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَبَدَأَ بِأَوۡعِيَتِهِمۡ قَبۡلَ وِعَآءِ أَخِيهِ ثُمَّ ٱسۡتَخۡرَجَهَا مِن وِعَآءِ أَخِيهِۚ كَذَٰلِكَ كِدۡنَا لِيُوسُفَۖ مَا كَانَ لِيَأۡخُذَ أَخَاهُ فِي دِينِ ٱلۡمَلِكِ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ نَرۡفَعُ دَرَجَٰتٖ مَّن نَّشَآءُۗ وَفَوۡقَ كُلِّ ذِي عِلۡمٍ عَلِيمٞ
Аларды Юсуфка куржундарын текшерткени алып келишти. Айла-амалды жашырыш үчүн инисинин куржунунан мурун агаларынын куржундарын текшерип баштады. Андан соң инисинин куржунун текшерди. Анын куржунунан падышанын чөйчөгүн сууруп чыкты. Биз Юсуфка инисинин куржунуна чөйчөктү салдырып айла-амал үйрөткөнүбүз сыяктуу ага башка бир айла-амалды да үйрөттүк. Ал айла-амал бир туугандарын өздөрү жактын салты боюнча ууруну кул кылып жазалоо эле. Эгерде ал падышанын жазасы боюнча ууруга балак уруп, айып пул төлөтүү менен жазалай турган болсо, анда бул нерсе ишке ашпайт болчу. Бир гана Аллах башка айла-амалды кааласа ишке ашмак. Ал ага кудуреттүү. Биз Юсуфтун даражасын көтөргөн сыяктуу Өзүбүз каалаган пенделерибиздин да даражасын көтөрөбүз. Ар бир илимдүүнүн үстүндө андан да илимдүүсү бар. Ал эми Аллахтын илими бүткүл илимден жогору турат. Ал бүт баарын билет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
۞ قَالُوٓاْ إِن يَسۡرِقۡ فَقَدۡ سَرَقَ أَخٞ لَّهُۥ مِن قَبۡلُۚ فَأَسَرَّهَا يُوسُفُ فِي نَفۡسِهِۦ وَلَمۡ يُبۡدِهَا لَهُمۡۚ قَالَ أَنتُمۡ شَرّٞ مَّكَانٗاۖ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا تَصِفُونَ
Юсуфтун бир туугандары айтышты: «Ал уурдаса таң калыштын кереги жок. Буга чейин мунун агасы да уурулук кылган деп Юсуфка тийиштирип айтышты. Алардын бул сөзү ага катуу тийгенин ичине катып сыр бербеди. Аларга ичинен мындай көрө албастык менен кара ниеттикти мурун да кылгансыңар. Ушул жерде да бул кылганыңар анык кара ниеттик. Силердин кылып жаткан бул жалган жалааңарды Аллах таала жакшы билет».
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالُواْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡعَزِيزُ إِنَّ لَهُۥٓ أَبٗا شَيۡخٗا كَبِيرٗا فَخُذۡ أَحَدَنَا مَكَانَهُۥٓۖ إِنَّا نَرَىٰكَ مِنَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Юсуфтун бир туугандары ага айтышты: «Оо, башчы! Бул баланын карып калган атасы бар. Ал муну аябай жакшы көрөт. Сен мунун ордуна бирөөбүздү алып кал. Чындыгында сенин бизге жана башкаларга кылган мамилеңден сени жакшылыгын аябаган адамдардан деп билебиз. Бизге бир жакшылык кыла көр».
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• جواز الحيلة التي يُتَوصَّل بها لإحقاق الحق، بشرط عدم الإضرار بالغير.
Башкаларга зыян алып келбегендей шартта акыйкатты ишке ашырыш үчүн айла-амал колдонууга уруксат.

• يجوز لصاحب الضالة أو الحاجة الضائعة رصد جُعْل «مكافأة» مع تعيين قدره وصفته لمن عاونه على ردها.
Бир нерсесин жоготкон адамга аны табууга жардам бергендерге сыпаты жана өлчөмү белгилүү болгон кызыктыруучу сыйлык коюуга уруксат.

• التغافل عن الأذى والإسرار به في النفس من محاسن الأخلاق.
Ызаны ичке катуу жана аны жашыруу – адамдагы асыл сыпаттардан.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Jusuf
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll