Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (111) Surja: Jusuf
لَقَدۡ كَانَ فِي قَصَصِهِمۡ عِبۡرَةٞ لِّأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِۗ مَا كَانَ حَدِيثٗا يُفۡتَرَىٰ وَلَٰكِن تَصۡدِيقَ ٱلَّذِي بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَتَفۡصِيلَ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Пайгамбарлар менен алардын элдери тууралуу окуяларда жана Юсуф менен бир туугандары тууралуу окуяда акылы тунук адамдар үчүн сабактар бар. Мына ушуларды өзүнө камтыган Куран – ойлоп чыгарылып Аллахка карата айтылган жалган сөз эмес. Бирок ал – Аллахтын алдынан көктөн түшкөн китептерди тастыктоочу, кеңири чечмелөөнү талап кылган шарияттарды жана өкүмдөрдү чечмелөөчү, бардык жакшылыктарга багыттоочу жана ага ыйман келтирген адамдар үчүн ырайым. Мына ошолор андагы нерселерден пайда алышат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• أن الداعية لا يملك تصريف قلوب العباد وحملها على الطاعات، وأن أكثر الخلق ليسوا من أهل الهداية.
Даават кылган адам пенделердин жүрөктөрүн башкарууга ээлик кыла албайт жана ибадат кылууга да түртө албайт. Адамдардын көпчулүгү туура жолго түшкөн адамдардан эмес.

• ذم المعرضين عن آيات الله الكونية ودلائل توحيده المبثوثة في صفحات الكون.
Аллахтын табияттагы аят-белгилеринен жана аалам мейкиндигиндеги Анын жалгыздыгын тастыктап билдирген далилдерден жүз бургандарды жемелөө.

• شملت هذه الآية ﴿ قُل هَذِهِ سَبِيلِي...﴾ ذكر بعض أركان الدعوة، ومنها: أ- وجود منهج:﴿ أَدعُواْ إِلَى اللهِ ﴾. ب - ويقوم المنهج على العلم: ﴿ عَلَى بَصِيرَةٍ﴾. ج - وجود داعية: ﴿ أَدعُواْ ﴾ ﴿أَنَا﴾. د - وجود مَدْعُوِّين: ﴿ وَمَنِ اتَّبَعَنِي ﴾.
«Айткын: «Бул менин жолум» деген аят өзүнө дааваттын кээ бир негиздерин камтыган: а) жолдун барлыгы – «Аллахка даават кыламын»; б) бул жол илимге негизделгендиги – «илим менен…»; в) даават кылган адамдын барлыгы – «мен даават кыламын»; г) даават айтылган адамдардын барлыгы – «жана мени ээрчигендер».

 
Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (111) Surja: Jusuf
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll