Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (76) Surja: Suretu En Nahl
وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا رَّجُلَيۡنِ أَحَدُهُمَآ أَبۡكَمُ لَا يَقۡدِرُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوۡلَىٰهُ أَيۡنَمَا يُوَجِّههُّ لَا يَأۡتِ بِخَيۡرٍ هَلۡ يَسۡتَوِي هُوَ وَمَن يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Аллах аларга жооп кылып эки адам тууралуу дагы бир мисалды келтирди – алардын бирөөсү дудук-дүлөй, ал дудуктугу себептүү сүйлөбөйт, дүлөйлүгү себептүү укпайт, сөзгө түшүнбөйт. Өзүнө да башкага да пайда бере албайт. Аны баккан үй-бүлөсү үчүн ал оор түйшүк. Аны кайда жиберсе да жакшылык алып келбейт, көздөгөн максатты ишке ашырбайт. Эми ушундай адам менен кулагы уккан, сүйлөгөн, ашыкча пайда келтирген, адамдарды адилеттикке буйруган, табияты түз жана эч кандай бурмаланбаган туура жолдогу адам тең болобу? Эй, мушриктер! Силер улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарга ээ болгон Аллахка өзүңөрдүн укпаган, сүйлөбөгөн, пайда келтирбеген, зыяндан куткарбаган кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?!
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• لله تعالى الحكمة البالغة في قسمة الأرزاق بين العباد، إذ جعل منهم الغني والفقير والمتوسط؛ ليتكامل الكون، ويتعايش الناس، ويخدم بعضهم بعضًا.
Пенделердин арасында ырыскыны бөлүштүрүүдөгү чыныгы даанышмандык Аллахка гана таандык. Ал бул ааламды бүт тараптан толук кылыш үчүн, адамдар бирге жашаш үчүн жана бири-бирине кызмат кылуулары үчүн алардын арасында бай, кедей жана орто жашагандарды кылып койду.

• دَلَّ المثلان في الآيات على ضلالة المشركين وبطلان عبادة الأصنام؛ لأن شأن الإله المعبود أن يكون مالكًا قادرًا على التصرف في الأشياء، وعلى نفع غيره ممن يعبدونه، وعلى الأمر بالخير والعدل.
Аяттарда келтирилген эки мисал мушриктердин адашкандыгын жана айкелдерге сыйынуунун жалган экендигин билдирет. Анткени чыныгы кудай бардык ишти башкарууга, Ага сыйынгандарга пайда келтирүүгө жана жакшылыкка жана адилеттикке буйрууга кудуреттүү падыша болуш керек.

• من نعمه تعالى ومن مظاهر قدرته خلق الناس من بطون أمهاتهم لا علم لهم بشيء، ثم تزويدهم بوسائل المعرفة والعلم، وهي السمع والأبصار والأفئدة، فبها يعلمون ويدركون.
Аллахтын жакшылыктарынан жана Анын кудуреттүүлүгүнүн белгилеринен – адамдарды алар эч нерсе билбеген абалда энелеринин курсагынан чыгаруусу, андан соң аларга кулак, көз, жүрөктөр сымал үйрөнүүгө себеп болгон нерселерди берүүсү. Алар аркылуу үйрөнүшөт жана баамдашат.

 
Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (76) Surja: Suretu En Nahl
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Përmbajtja e përkthimeve

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Mbyll