Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (47) Surja: Suretu El Isra
نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَسۡتَمِعُونَ بِهِۦٓ إِذۡ يَسۡتَمِعُونَ إِلَيۡكَ وَإِذۡ هُمۡ نَجۡوَىٰٓ إِذۡ يَقُولُ ٱلظَّٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلٗا مَّسۡحُورًا
Биз алардын башчылары Куранды кандай максатта угуп жатышкандарын жакшы билебиз. Алар аны менен туура жолго түшүүнү каалашпайт. Алардын каалоосу – сен Куран окуганда маанисиз сөздөрдү сүйлөп, тоготпогондой мамиле кылуу. Биз алардын аны жалганга чыгарган, адамдарды андан тоскон сыяктуу өз ара шыбырашкан сөздөрүн да жакшы билебиз. Ошол кезде ал залымдар каапырлык кылышып: «Эй, адамдар! Силер сыйкырланган, акылынан адашкан адамды гана ээрчип жатасыңар»,– деп айтышат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• الزعم بأن الملائكة بنات الله افتراء كبير، وقول عظيم الإثم عند الله عز وجل.
Периштелер Аллахтын кыздары деп ойлоо – Аллахтын алдында күнөөсү чоң сөз жана анык жалган жалаа.

• أكثر الناس لا تزيدهم آيات الله إلا نفورًا؛ لبغضهم للحق ومحبتهم ما كانوا عليه من الباطل.
Адамдардын көпчүлүгү Аллахтын аяттарынан аябай качышат. Анткени алар акыйкатты жек көрүшөт жана өздөрү тутунган жалганды сүйүшөт.

• ما من مخلوق في السماوات والأرض إلا يسبح بحمد الله تعالى فينبغي للعبد ألا تسبقه المخلوقات بالتسبيح.
Асмандар менен жердеги кандай макулук болбосун, ал Аллах тааланы аруулап турат. Андыктан пенде дагы алардан ашып Аллахты аруулашы керек.

• من حلم الله على عباده أنه لا يعاجلهم بالعقوبة على غفلتهم وسوء صنيعهم، فرحمته سبقت غضبه.
Адамдардын кылган жамандыктары, капилетте жүргөндөрү үчүн аларды жазалоого шашылбоо – Аллахтын кең пейилдигинен. Анын ырайымдуулугу каардануусунан жогору турат.

 
Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (47) Surja: Suretu El Isra
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Përmbajtja e përkthimeve

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Mbyll