Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El Bekare   Ajeti:
ٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَعۡرِفُونَهُۥ كَمَا يَعۡرِفُونَ أَبۡنَآءَهُمۡۖ وَإِنَّ فَرِيقٗا مِّنۡهُمۡ لَيَكۡتُمُونَ ٱلۡحَقَّ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Биз китеп берген жөөттөр менен христиандардын аалымдары өз балдарын башкалардан айырмалап билишкендей Мухаммаддын пайгамбарчылык белгилеринен болгон кыбыланын өзгөрүү маселесин да жакшы билишет. Ошого карабастан алардын бир тобу ал алып келген акыйкатты көрө албастыктан улам жашырышат. Алар муну чындык экенин билип туруп жасашат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُمۡتَرِينَ
Оо, пайгамбар! Бул Раббиң тараптан келген акыйкат, анын тууралыгына шектенбе.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلِكُلّٖ وِجۡهَةٌ هُوَ مُوَلِّيهَاۖ فَٱسۡتَبِقُواْ ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ أَيۡنَ مَا تَكُونُواْ يَأۡتِ بِكُمُ ٱللَّهُ جَمِيعًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Ар бир үммөттүн физикалык же руханий болобу, алардын жүздөнгөн тарабы бар. Буларга үммөттөрдүн кыбыласындагы жана Аллахтын аларга кылган шариятындагы айырмачылыктар да кирет. Эгерде ал Аллахтын буйругу жана шарияты менен болсо, алар жүздөнгөн тараптардын ар түрдүү болушунун зыяны жок. Оо, ыймандуулар! Эми силер аткарууга буйрулган жакшылык иштерде бири-бириңер менен жарышкыла. Силер кайсы жерде болсоңор да Аллах кыямат күнү силерди кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын бериш үчүн чогултат. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Силерди топтоо жана сыйлык берүү Аны алсыратпайт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَمِنۡ حَيۡثُ خَرَجۡتَ فَوَلِّ وَجۡهَكَ شَطۡرَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۖ وَإِنَّهُۥ لَلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Сен жана сени ээрчигендер, кайсы жерден чыксаң да, кайда болсоң да, намаз окууну кааласаң, жүзүңдү Аль-Харам мечити тарапка бур. Бул сага Раббиң тараптан вахий кылынган акыйкат. Аллах силердин кылган нерсеңерден бейкапар эмес. Тескерисинче, Ал муну билет жана силерге анын сыйлыгын берет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَمِنۡ حَيۡثُ خَرَجۡتَ فَوَلِّ وَجۡهَكَ شَطۡرَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۚ وَحَيۡثُ مَا كُنتُمۡ فَوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ شَطۡرَهُۥ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَيۡكُمۡ حُجَّةٌ إِلَّا ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡهُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡهُمۡ وَٱخۡشَوۡنِي وَلِأُتِمَّ نِعۡمَتِي عَلَيۡكُمۡ وَلَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ
Оо, пайгамбар! Кайсы жерден чыксаң да, кайда болсоң да, намаз окууну кааласаң, жүзүңдү Аль-Харам мечити тарапка бур. Оо, ыймандуулар! Адамдар муну силерге каршы далил кылбаш үчүн, силер дагы кайсы жерде болбогула, намаз окууну каалаган кезде жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Бирок алардын арасынан залымдары гана баш ийбестигин улантышат жана эң алсыз далилдерди силерге каршы колдонушат. Алардан коркпогула, Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен жалгыз Андан корккула. Аллах силерди бардык үммөттөрдөн айырмалап, жакшылыгын толук берүү үчүн жана силерди адамдар үчүн эң касиеттүү кыбылыга багыттоо үчүн Каабага жүздөнүүнү шариятка киргизди.
Tefsiret në gjuhën arabe:
كَمَآ أَرۡسَلۡنَا فِيكُمۡ رَسُولٗا مِّنكُمۡ يَتۡلُواْ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتِنَا وَيُزَكِّيكُمۡ وَيُعَلِّمُكُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَيُعَلِّمُكُم مَّا لَمۡ تَكُونُواْ تَعۡلَمُونَ
Ошол сыяктуу Биз силерге башка дагы жакшылыкты бердик, силерге өзүңөрдөн чыккан элчини жибердик, ал силерге аяттарыбызды окуп берет, силерге жакшылык иштерди буйруу менен силерди тазалайт жана жаман күнөө иштерден тыят, силерге Куран менен сүннөттү үйрөтөт, ошондой эле силерге диний жана дүйнө иштериңерге байланыштуу силер билбеген нерселерди үйрөтөт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَٱذۡكُرُونِيٓ أَذۡكُرۡكُمۡ وَٱشۡكُرُواْ لِي وَلَا تَكۡفُرُونِ
Мени жүрөгүңөр жана дене мүчөңөр эстегиле, ошондо Мен дагы силерди мактоо жана сактоо менен эстеймин. Анткени сыйлык иш-аракеттин түрүнө жараша болот. Силерге берген жакшылыктарым үчүн Мага шүгүр кылгыла жана аларды четке кагып, силерге арам болгон жолдо колдонуп Мага каапырлык кылбагыла.
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱسۡتَعِينُواْ بِٱلصَّبۡرِ وَٱلصَّلَوٰةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Оо, ыйман келтиргендер! Мага баш ийип жана буйругума толук моюн сунуу үчүн сабырдуулук жана намаз окуу менен жардам сурагыла. Чындыгында Аллах сабырдуулар менен бирге, Ал аларга ийгилик жана жардам берет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• إطالة الحديث في شأن تحويل القبلة؛ لما فيه من الدلالة على نبوة محمد صلى الله عليه وسلم.
Кыбыланын өзгөрүүсүндө Мухаммаддын пайгамбарлыгына далилдер болгону себептүү ал тууралуу кеңири айтылды.

• ترك الجدال والاشتغالُ بالطاعات والمسارعة إلى الله أنفع للمؤمن عند ربه يوم القيامة.
Талаш-тартышты таштоо, ибадаттар менен алек болуу жана Аллахка карай шашылуу кыямат күнү ыймандуу адам үчүн Раббисинин алдында пайдалуу.

• أن الأعمال الصالحة الموصلة إلى الله متنوعة ومتعددة، وينبغي للمؤمن أن يسابق إلى فعلها؛ طلبًا للأجر من الله تعالى.
Аллахка жеткирүүчү жакшы иштердин түрү көп. Аллахтын сообуна жетүү үчүн ыймандуу адам аларды аткарууга шашылуусу зарыл.

• عظم شأن ذكر الله -جلّ وعلا- حيث يكون ثوابه ذكر العبد في الملأ الأعلى.
Аллах тааланы зикир кылуунун маанилүүлүгү. Анын сыйлыгы катары Аллах пендесин периштелердин алдында эскерет.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El Bekare
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll