Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (64) Surja: Ali Imran
قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ تَعَالَوۡاْ إِلَىٰ كَلِمَةٖ سَوَآءِۭ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمۡ أَلَّا نَعۡبُدَ إِلَّا ٱللَّهَ وَلَا نُشۡرِكَ بِهِۦ شَيۡـٔٗا وَلَا يَتَّخِذَ بَعۡضُنَا بَعۡضًا أَرۡبَابٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِۚ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقُولُواْ ٱشۡهَدُواْ بِأَنَّا مُسۡلِمُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, жөөттөрдөн жана христиандардан болгон китеп ээлери! Келгиле, баарыбыз бирдей болгон адилеттүү сөзгө биригели: «Жалгыз Аллахка ибадат кылабыз жана Андан башканын орду жана даражасы канчалык жогору болсо да, Аны менен катар эч кимге сыйынбайбыз. Ошондой эле Аллахты таштап, бири-бирибизди сыйынуу жана баш ийүү үчүн кудай тутпайбыз». Оо, ыймандуулар! Эгерде алар силер чакырып жаткан акыйкаттан жана адилеттүүлүктөн баш тартышса, анда аларга: «Күбө болгула, биз Аллахка өзүбүздү тапшырдык жана моюн сунуу менен Аны ээрчидик» – деп айткыла.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• أن الرسالات الإلهية كلها اتفقت على كلمة عدل واحدة، وهي: توحيد الله تعالى والنهي عن الشرك.
Аллахтан келген кабарлардын баарысы бир калыс сөзгө биригет, тактап айтканда, Аллах тааланы жалгыздоо (таухид) жана ширктен тыюу.

• أهمية العلم بالتاريخ؛ لأنه قد يكون من الحجج القوية التي تُرَدُّ بها دعوى المبطلين.
Тарыхты билүүнүн маанилүүлүгү, анткени ал жалганга чыгаргандардын сөзүнө каршы күчтүү далил болушу ыктымал.

• أحق الناس بإبراهيم عليه السلام من كان على ملته وعقيدته، وأما مجرد دعوى الانتساب إليه مع مخالفته فلا تنفع.
Адамдардын Ибрахимге эң татыктуусу – анын дининде жана ишениминде болгондор, ал эми ага каршы болуп туруп, ага таандыкмын деп айтылган курулай сөздүн эч кандай пайдасы жок.

• دَلَّتِ الآيات على حرص كفرة أهل الكتاب على إضلال المؤمنين من هذه الأمة حسدًا من عند أنفسهم.
Китеп ээлеринен болгон каапырлар өздөрүндөгү болгон көрө албастыктан улам бул үммөттөн болгон ыймандууларды адаштырууга ынтызар экендигине аяттар далил болот.

 
Përkthimi i kuptimeve Ajeti: (64) Surja: Ali Imran
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll