Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El Maide   Ajeti:
لُعِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۢ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ عَلَىٰ لِسَانِ دَاوُۥدَ وَعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَواْ وَّكَانُواْ يَعۡتَدُونَ
Аллах Таала, Исраил урпактарын ырайымынан кууп, каргыштаганын Дауд пайгамбарга түшүргөн китеби Забурда, Иса пайгамбарга түшүргөн китеби Инжилде да кабар берген. Минтип ырайымынан кууп, каргыштоосуна, алардын күнөөгө баткандыгы жана Аллах арам кылган иштерде чектен чыккандары себеп болду.
Tefsiret në gjuhën arabe:
كَانُواْ لَا يَتَنَاهَوۡنَ عَن مُّنكَرٖ فَعَلُوهُۚ لَبِئۡسَ مَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ
Бири-бирин күнөөдөн кайтарышкан эмес, күнөөкөрлөрү күнөө жана тыюу салынган жаман иштерди ачык-айкын кылышкан. Анткени, аларды тыйган эч ким болгон эмес. Күнөө иштен кайтарууну таштап коюшканы кандай жаман иш.
Tefsiret në gjuhën arabe:
تَرَىٰ كَثِيرٗا مِّنۡهُمۡ يَتَوَلَّوۡنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۚ لَبِئۡسَ مَا قَدَّمَتۡ لَهُمۡ أَنفُسُهُمۡ أَن سَخِطَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَفِي ٱلۡعَذَابِ هُمۡ خَٰلِدُونَ
Оо, элчи, байкап көр: яхуди каапырлардын көбү каапырларды жакшы көрөт, аларга жакындашат, бир кудайга сыйынуучуларга душман болушат. Каапырларды дос-башчы кылып алышканы акыретине топтогон эң жаман иштери. Анткени мунусу Аллахтын ачуусуна жана аларды анда түбөлүк калып, эч качан кайра чыкпай турган тозок отуна киргизүүсүнө себеп болот
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَوۡ كَانُواْ يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلنَّبِيِّ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مَا ٱتَّخَذُوهُمۡ أَوۡلِيَآءَ وَلَٰكِنَّ كَثِيرٗا مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ
Эгер ал яхудилер Аллахка, жана Анын пайгамбарына чындап ишенгенде, ыймандууларды таштап, бутпарастарды жакшы көрүп, аларга жагынып дос-башчы кылып албайт эле. Анткени алар каапырларды дос кылуудан тыйылган болчу. Бирок яхудилердин көбү Аллахка баш ийүүдөн, Аны жана ыймандууларды дос тутуудан баш тартты.
Tefsiret në gjuhën arabe:
۞ لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ ٱلنَّاسِ عَدَٰوَةٗ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱلۡيَهُودَ وَٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْۖ وَلَتَجِدَنَّ أَقۡرَبَهُم مَّوَدَّةٗ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّا نَصَٰرَىٰۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّ مِنۡهُمۡ قِسِّيسِينَ وَرُهۡبَانٗا وَأَنَّهُمۡ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ
Оо, элчи, сага жана сен алып келген динге ишенген ыймандууларга өтө катуу душман болгондор яхудилер, бут-айкелдерге сыйынгандар ж.б. Аллахка шерик кошкон бутпарастар экененин көрөсүң. Анткени, аларда жек көрүү, ичи тардык, текеберлик сыпаттары бар. Ал эми сага жана сен алып келген динге ишенген ыймандууларга жакын адамдар өздөрүн христиан деп атагандар экенин көрөсүң. Булардын ыймандууларга жакын болуусунун себеби, алардын арасында аалым, ибадаткөй адамдары бар, булар текебер эмес, кичи пейил адамдар. Текебер адамдардын жүрөгүнө жакшылык кирбейт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَإِذَا سَمِعُواْ مَآ أُنزِلَ إِلَى ٱلرَّسُولِ تَرَىٰٓ أَعۡيُنَهُمۡ تَفِيضُ مِنَ ٱلدَّمۡعِ مِمَّا عَرَفُواْ مِنَ ٱلۡحَقِّۖ يَقُولُونَ رَبَّنَآ ءَامَنَّا فَٱكۡتُبۡنَا مَعَ ٱلشَّٰهِدِينَ
Булардын, мисалы Нажаши жана анын жан-жөкөрлөрү сыяктуулардын жүрөгү жумшак. Булар Куранды укканда, анын чындык экенин билип, катуу берилгендиктен ыйлап жиберишет, себеби алар Иса пайгамбар алып келген динди жакшы билишчү. Анан: Оо, Жараткан, Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарыңа түшүргөн диниңе ыйман келтирдик. Оо, Жараткан, бизди да кыямат күнү адамдарга далил болуучу үммөттүн катарына, тагыраагы, Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үммөттүнүн катарына жаз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• ترك الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر موجب لِلَّعْنِ والطرد من رحمة الله تعالى.
Жакшылык чакыруу, жамандыктан кайтаруу озуйпасын аткарбай коюу, Аллахтын каргышына, ырайымынан куулууга себеп

• من علامات الإيمان: الحب في الله والبغض في الله.
Аллах үчүн жакшы көрүү жана Аллах үчүн жек көрүү - ыймандуулуктун белгиси

• موالاة أعداء الله توجب غضب الله عز وجل على فاعلها.
Аллахтын душмандарын дос тутуу, Аллахтын каар-казабына дуушар кылат

• شدة عداوة اليهود والمشركين لأهل الإسلام، وفي المقابل وجود طوائف من النصارى يدينون بالمودة للإسلام؛ لعلمهم أنه دين الحق.
Мусулмандарга катуу душмандык кылгандар яхудилер менен бутпарастар. Тескерисинче, христиан тайпалары исламды жактырып динди кабыл кылышкан, анткени алар бул диндин чыныгы дин экенени билишет эле.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El Maide
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll