Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El Enam   Ajeti:
۞ إِنَّمَا يَسۡتَجِيبُ ٱلَّذِينَ يَسۡمَعُونَۘ وَٱلۡمَوۡتَىٰ يَبۡعَثُهُمُ ٱللَّهُ ثُمَّ إِلَيۡهِ يُرۡجَعُونَ
Сен алып келген диниңди сөздү угуп, түшүнгөндөр гана кабыл кылышат, а каапырлар өлүк сыяктуу алардын эч кадыры жок, жүрөктөрү өлүп калган. Өлүктөрдү кыямат күну Аллах кайра тилитет, анан кылган иштерине жооп берүү үчүн Жалгыз Аллахтын алдына кайтышат
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَقَالُواْ لَوۡلَا نُزِّلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦۚ قُلۡ إِنَّ ٱللَّهَ قَادِرٌ عَلَىٰٓ أَن يُنَزِّلَ ءَايَةٗ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Бутпарастар: Мухаммадга ал алып келген дини чындык экенине далил боло турган адаттан тыш белги берилбейби? - дешет. Эй, элчи, аларга: Аллах Таала силер каалагандай белгини тушүрүүгө кудуреттүү - деп айт. Бирок ошол белгини түшүрүүну талап кылган бутпарастардын көбү белгини түшүрүү, алардын талабы менен эмес, Аллахтын даанышмандык сыры менен болорун билишпейт. Эгер мындай белгини түшүргөндөн кийин да ыйманга келишпесе, анда кыйроого учурап калышмак.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَمَا مِن دَآبَّةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا طَٰٓئِرٖ يَطِيرُ بِجَنَاحَيۡهِ إِلَّآ أُمَمٌ أَمۡثَالُكُمۚ مَّا فَرَّطۡنَا فِي ٱلۡكِتَٰبِ مِن شَيۡءٖۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يُحۡشَرُونَ
Оо, Адам балдары, жер бетинде кыбырыган жандуунун баары, асманда канат каккан канаттуулар жаратылуусунда жана ырыскылануусунда силер сыяктуу эле үммөт. Сакталган китепте (Лавх ал-Махфузда) эч нерсени калтырбай жазганбыз. Баарынын илими Аллахка маалым. Кийин, кыямат күнү өкүмду угуу үчүн баарыңар Аллахка кайтасыңар жана ар ким өзүнө ылайык сыйланат же жазаланат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا صُمّٞ وَبُكۡمٞ فِي ٱلظُّلُمَٰتِۗ مَن يَشَإِ ٱللَّهُ يُضۡلِلۡهُ وَمَن يَشَأۡ يَجۡعَلۡهُ عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Аяттарыбызды жалган дегендер кулагы укпаган кереңдер, сүйлөй албаган дудуктар сыяктуу. Буга кошумча алар караңгылыкта, көрө алышпайт, мындайлар туура жолду тапмак беле?! Аллах адамдардан кимди адаштырууну кааласа, адаштырат, кимди туура жолго баштоону кааласа, эч кыйшыгы жок түз жолго багыттайт
Tefsiret në gjuhën arabe:
قُلۡ أَرَءَيۡتَكُمۡ إِنۡ أَتَىٰكُمۡ عَذَابُ ٱللَّهِ أَوۡ أَتَتۡكُمُ ٱلسَّاعَةُ أَغَيۡرَ ٱللَّهِ تَدۡعُونَ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы, же болуусу убада берилген кыямат болуп калса, ошол убакта башыңарга түшкөн балээ, кыйынчылыктан куткаруусун суранып Аллахтан башкага кайрыласыңарбы?! Эгер силер сыйынган нерселер пайдасын жана зыянын тийгизе алат деп ишенгениңер чын болсо ушинтмексиңер.
Tefsiret në gjuhën arabe:
بَلۡ إِيَّاهُ تَدۡعُونَ فَيَكۡشِفُ مَا تَدۡعُونَ إِلَيۡهِ إِن شَآءَ وَتَنسَوۡنَ مَا تُشۡرِكُونَ
Бул учурда өзүңөрдү жараткан Аллахтан башкага дуба кылбастыгыңар чындык. Ал силерди балээден сактап, зыянды токтотот, Ал буга башчы жана ушундай кылууга Кудуреттүү. Ал эми Аллахка шерик кылып ибадат кылган "кудайларыңарды" алардан пайда да, зыян да болбоосун билип, таштап коёсуңар.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٖ مِّن قَبۡلِكَ فَأَخَذۡنَٰهُم بِٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ لَعَلَّهُمۡ يَتَضَرَّعُونَ
Оо, элчи, сенден мурдагы үммөттөргө да элчилерди жибергенбиз, аларды да коомдору жалганчы деп, алар алып келген динден тескери бурулушкан. Биз аларды Жаратуучуларына багынып, Анын алдында кемсинүүсү үчүн жакырчылык, дене-боюна зыяны тийчү оору-сыркоо менен азаптадык.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَلَوۡلَآ إِذۡ جَآءَهُم بَأۡسُنَا تَضَرَّعُواْ وَلَٰكِن قَسَتۡ قُلُوبُهُمۡ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Алардын башына балээ түшүргөнүбүздө, андан кутулуу үчүн Аллахтын алдында кемсинип, Ага багынып калышса, Биз аларга ырайым кылмакпыз. Бирок алар минтпеди, алардын жүрөгү катып калгандыктан этибар кылбады жана сабак албады. Берилип алган күнөө жана каапырлыктарын шайтан аларга кооз көрсөтүп, каапырлыктарын уланта беришти.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَلَمَّا نَسُواْ مَا ذُكِّرُواْ بِهِۦ فَتَحۡنَا عَلَيۡهِمۡ أَبۡوَٰبَ كُلِّ شَيۡءٍ حَتَّىٰٓ إِذَا فَرِحُواْ بِمَآ أُوتُوٓاْ أَخَذۡنَٰهُم بَغۡتَةٗ فَإِذَا هُم مُّبۡلِسُونَ
Жакырлык жана оорудан сабак албай, Аллахтын буйруктарын да аткарбай коюшканда, аларга ырыскы эшиктерин ачып, байлык берип, ден-соолуктарын чыңдап азгырып кызыктырдык. Качан алар көөдөнүн көтөрүп менменсинип, өздөрүнө берилген нерсеге чиренип калышканда, кокустан Биздин азабыбыз келди эле, үмүттөрү үзүлүп эмне кыларын билбей калышты.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• تشبيه الكفار بالموتى؛ لأن الحياة الحقيقية هي حياة القلب بقَبوله الحق واتباعه طريق الهداية.
Каапырларды өлүккө окшотту; анткени, чындыкты кабыл кылган жана туура жолду ээрчиген жүрөктүн жашоосу чыныгы жашоо

• من حكمة الله تعالى في الابتلاء: إنزال البلاء على المخالفين من أجل تليين قلوبهم وردِّهم إلى ربهم.
Каршы чыгуучулардын жүрөктөрүн жумшартып, Жаратуучусуна кайтаруу үчүн балээ түшүрүп сыноо Аллахтын даанышмандыгынан

• وجود النعم والأموال بأيدي أهل الضلال لا يدل على محبة الله لهم، وإنما هو استدراج وابتلاء لهم ولغيرهم.
Адашуучулардын колунда мал-мүлктүн көп болуусу Аллах аларды жакшы көргөндүгүнүн белгиси эмес, бул аларды жана башкаларды кызыктыруучу азгырык, сыноо

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El Enam
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll