Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El A’raf   Ajeti:
وَلَقَدۡ ذَرَأۡنَا لِجَهَنَّمَ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِۖ لَهُمۡ قُلُوبٞ لَّا يَفۡقَهُونَ بِهَا وَلَهُمۡ أَعۡيُنٞ لَّا يُبۡصِرُونَ بِهَا وَلَهُمۡ ءَاذَانٞ لَّا يَسۡمَعُونَ بِهَآۚ أُوْلَٰٓئِكَ كَٱلۡأَنۡعَٰمِ بَلۡ هُمۡ أَضَلُّۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡغَٰفِلُونَ
Акыйкатта, тозокко ылайыктуу иштерди кыларын билип, көптөгөн жиндерди жана адамдарды тозокко татыктуу кылып жараттык. Алардын жүрөгү болгон менен жүрөгү пайда берүүчүнү да, зыян берүүчүнү да сезбейт. Алардын көздөрү болгон менен өздөрүндөгү жана ааламдагы Аллахтын белгилерин көрбөйт жана андан этибар алышпайт. Алардын кулагы болгону менен Аллахтын аяттарын угушпайт жана ага акыл калчабайт. Ушул жогорудагы сыпаттар менен сыпатталган адамдар акылсыздыкта айбандар сыяктуу, а түгүл, адашууда булар айбандарга караганда жаман. Булар Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирүүдөн бей капар калышкан.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلِلَّهِ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰ فَٱدۡعُوهُ بِهَاۖ وَذَرُواْ ٱلَّذِينَ يُلۡحِدُونَ فِيٓ أَسۡمَٰٓئِهِۦۚ سَيُجۡزَوۡنَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Кемчиликсиз Аллахта Анын улуулугун жана кемелдигин айгинелеген кооз ысымдары бар. Ошол ысымдары менен Аллахка мактоо айтып, ошол ысымары аркылуу Андан каалаганыңарды сурагыла. Аллахтын ысысмдарында чектен чыгып, бул ысымдарды Аллахтан башкага ыйгарган, же Аллахка мындай ысымдарды ыраа көрбөгөн, же маанисин бурмалаган, же башка нерсеге окшоткон адамдардан алыс болгула. Кийин Аллахтын ысымдарында чектен чыккандарды кылган кылыктары үчүн катуу азап менен жазалайбыз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَمِمَّنۡ خَلَقۡنَآ أُمَّةٞ يَهۡدُونَ بِٱلۡحَقِّ وَبِهِۦ يَعۡدِلُونَ
Биз жараткандардын арасында, өздөрүн туура жолго салган, башкаларды да ага чакырып туура жолго баштаган, эч кимге жабыр кылбай, адил өкүм кылган жамаат бар.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا سَنَسۡتَدۡرِجُهُم مِّنۡ حَيۡثُ لَا يَعۡلَمُونَ
Биздин аяттарыбызга ыйман келтирбей, тескерсинче, аларды четке кагып, жалганга чыгаргандарга, ырыскы эшиктерин ачабыз. Бирок, бул аларды сыйлоо үчүн эмес, күнөөлөрүн удаа-удаа уланта берип, адашуулары өтө күчөөсү үчүн ушундай кылабыз. Анан кокустан аларга азап жиберебиз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَأُمۡلِي لَهُمۡۚ إِنَّ كَيۡدِي مَتِينٌ
Алардын азабы кечиктирилип, азапталбайбыз го деп ойлоп калышат да, жалганга чыгаруусун жана каапырлыгын уланта беришет, ошентип алардын азабы да күчөй берет. Менин айлам күчтүү, аларга жакшылык кылып жаткандай көрүнүп, бирок жардамсыз таштап коём.
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَوَلَمۡ يَتَفَكَّرُواْۗ مَا بِصَاحِبِهِم مِّن جِنَّةٍۚ إِنۡ هُوَ إِلَّا نَذِيرٞ مُّبِينٌ
Аллахтын аяттарын жана элчисин жалганга чыгаргандар Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жинди эмес экенине пикир кылып, акылдарын иштетпейби. Ал Аллахтын элчиси, аны Аллахтын азабын ачык-айкын эскертүү үчүн эскертүүчү кылып жиберген.
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَوَلَمۡ يَنظُرُواْ فِي مَلَكُوتِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٖ وَأَنۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَدِ ٱقۡتَرَبَ أَجَلُهُمۡۖ فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ
Алар Аллахтын асман-жердеги мүлктөрүнө этибар кылып карашпайбы. Аллах асман-жерде жараткан айбанат, өсүмдүк жана башка нерселерге карашпайбы. Өтө жакныдап калган ажалдарына карап, убакытты өткөрбөй тобо кылышпайбы. Эгер Куранга жанаанда айтылган жакшы жана жаман убадаларга ишенишпесе, анда кайсы китепке ишенишмек эле?!
Tefsiret në gjuhën arabe:
مَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَلَا هَادِيَ لَهُۥۚ وَيَذَرُهُمۡ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ
Аллах кимди чындыкка алып баруучу туура жолдон четтетип, туз жолдон адаштырып койсо, аны түз жолго башточу башка эч ким болбойт. Аллах аларды адашкан, каапыр абалдарында таштап коёт да, алар аргасыз туура жолду таба албай кала беришет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرۡسَىٰهَاۖ قُلۡ إِنَّمَا عِلۡمُهَا عِندَ رَبِّيۖ لَا يُجَلِّيهَا لِوَقۡتِهَآ إِلَّا هُوَۚ ثَقُلَتۡ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَا تَأۡتِيكُمۡ إِلَّا بَغۡتَةٗۗ يَسۡـَٔلُونَكَ كَأَنَّكَ حَفِيٌّ عَنۡهَاۖ قُلۡ إِنَّمَا عِلۡمُهَا عِندَ ٱللَّهِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Жалганга чыгаруучу көк беттер сенден кыямат тууралуу, анын качан болору тууралуу сурашат. Эй, Мухаммад, аларга: "Кыяматтын илимин мен да, менден башка да билбейт, Аны бир гана Аллах билет, анын белгиленген убактысын бир гана Аллах ачыкка чыгарат, анын ачыкка чыгары асман-жердегинин баарына жашыруун. Ал кокустан болот" - деп айт. Сен кыямат тууралуу билүүгө кызыкдар болгонсуп, сенден ал тууралуу сурашат. Сен Раббиңди жакшы билгендиктен, кыямат тууралуу Андан сурабастыгыңды билишпейт. Эй, Мухаммад, аларга: "Кыяматтын илими бир гана Аллахта, бирок, көп адамдар муну билишпейт" деп айткын.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• خلق الله للبشر آلات الإدراك والعلم - القلوب والأعين والآذان - لتحصيل المنافع ودفع المضار.
Аллах адам баласына пайдалууну кабылдап, пайдасыздан сактануу үчүн сезүү жана билүү аспаптарын - жүрөктү, көздү, кулакты жараткан.

• الدعاء بأسماء الله الحسنى سبب في إجابة الدعاء، فيُدْعَى في كل مطلوب بما يناسب ذلك المطلوب، مثل: اللهمَّ تب عَلَيَّ يا تواب.
Аллахтын кооз ысымдары аркылуу дуба кылуу дубанын кабыл болуусуна себеп болот. Суралган нерсеге жараша, ошого ылайык ысымы айтылып дуба кылынат, мисалы: Аллахым, менин күнөөлөрүмдү кечир, оо, Тобону кабыл кылуучу ж.б.у.с.

• التفكر في عظمة السماوات والأرض، والتوصل بهذا التفكر إلى أن الله تعالى هو المستحق للألوهية دون غيره؛ لأنه المنفرد بالصنع.
Асман менен жердин улуктугуна пикир кылып, ушулардын баарын жасаган жалгы Аллах деген пикир аркылуу Аллах Таала ибадатка ылайыктуу жалгаз экенин билүү керек.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El A’raf
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll