Check out the new design

அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அஷ்ஷுஅரா   வசனம்:
لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ ٱلسَّحَرَةَ إِن كَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ
Үмүтүбүз биз сыйкырчылардын динин ээрчисек, эгер алар Мусаны жеңишкен болсо».
அரபு விரிவுரைகள்:
فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالُواْ لِفِرۡعَوۡنَ أَئِنَّ لَنَا لَأَجۡرًا إِن كُنَّا نَحۡنُ ٱلۡغَٰلِبِينَ
Качан сыйкырчылар Мусаны жеңебиз деп келишкенде Фараонго кайрылып: «Эгерде биз Мусаны жеңсек, бизге матералдык же моралдык сыйлык болобу?» – дешти.
அரபு விரிவுரைகள்:
قَالَ نَعَمۡ وَإِنَّكُمۡ إِذٗا لَّمِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ
Фараон аларга айтты: «Ооба, сыйлыгыңар бар. Эгерде силер аны жеңе турган болсоңор, анда менин алдымда жакын адамдардан болосуңар, силерге жогорку бийлик орундарын берем».
அரபு விரிவுரைகள்:
قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلۡقُواْ مَآ أَنتُم مُّلۡقُونَ
Муса Аллахтын жардамына ишенип жана андагы нерсе сыйкыр эместигин баяндап аларга мындай деди: «Таштайбыз деген жиптериңерди жана таяктарыңарды таштагыла».
அரபு விரிவுரைகள்:
فَأَلۡقَوۡاْ حِبَالَهُمۡ وَعِصِيَّهُمۡ وَقَالُواْ بِعِزَّةِ فِرۡعَوۡنَ إِنَّا لَنَحۡنُ ٱلۡغَٰلِبُونَ
Алар жиптерин жана таяктарын ташташты. Таштап жатканда: «Фараондун күч-кудурети менен биз гана жеңебиз, Муса болсо жеңилет» – дешти.
அரபு விரிவுரைகள்:
فَأَلۡقَىٰ مُوسَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ تَلۡقَفُ مَا يَأۡفِكُونَ
Муса дагы таягын таштады, ал ошол замат чоң жыланга айланды да капыстан эле алардын сыйкырлык менен адамдарды алдаган нерселерин жутуп баштады.
அரபு விரிவுரைகள்:
فَأُلۡقِيَ ٱلسَّحَرَةُ سَٰجِدِينَ
Качан сыйкырчылар Мусанын таягы алардын сыйкырлык менен таштаган нерселерин жутуп жатканын көргөндө саждага жыгылышты.
அரபு விரிவுரைகள்:
قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Алар мындай дешти:«Биз бүткүл ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик.
அரபு விரிவுரைகள்:
رَبِّ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик».
அரபு விரிவுரைகள்:
قَالَ ءَامَنتُمۡ لَهُۥ قَبۡلَ أَنۡ ءَاذَنَ لَكُمۡۖ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِي عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحۡرَ فَلَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَۚ لَأُقَطِّعَنَّ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَرۡجُلَكُم مِّنۡ خِلَٰفٖ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمۡ أَجۡمَعِينَ
Фараон ал сыйкырчылардын ыйман келтиришкенин четке кагып мындай деди: «Менин уруксатымсыз эле Мусага ыйман келтирдиңерби? Чынында Муса силерге сыйкырчылыкты үйрөткөн башчыңар турбайбы. Көрсө силер баарыңар мисирликтерди өз жеринен чыгарайын деп келишкен турбайсыңарбы. Силерге кандай жаза береримди жакында билесиңер. Мен эми ар бириңердин оң буту менен сол колун же сол буту менен оң колун кайчылаш кесемин жана баарыңарды курма дарагынын сөңгөктөрүнө асамын. Бириңерди да калтырбайм».
அரபு விரிவுரைகள்:
قَالُواْ لَا ضَيۡرَۖ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ
Сыйкырчылар Фараонго айтышты: «Сенин бул дүйнөдө бизди кесем, дарга асам деп коркутуп жаткан нерселериңдин эч зыяны жок. Сенин азабың убактылуу. Биз болсо Раббибизге кайтабыз жана Ал бизди Өзүнүн түбөлүк ырайымына алат.
அரபு விரிவுரைகள்:
إِنَّا نَطۡمَعُ أَن يَغۡفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَٰيَٰنَآ أَن كُنَّآ أَوَّلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз Мусага биринчилерден болуп ыйман келтирип жана ага ишенгенибиз себептүү Аллах биздин мурунку кылган күнөөлөрүбүздү өчүрөт деп үмүт кылабыз».
அரபு விரிவுரைகள்:
۞ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَسۡرِ بِعِبَادِيٓ إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ
Жана Биз Мусага буйруп: «Исраил урпактарын алып түндө жолго чык. Фараон жана аны менен бирге болгондор силерди кайтарыш үчүн артыңардан түшөт» – деп вахий кылдык.
அரபு விரிவுரைகள்:
فَأَرۡسَلَ فِرۡعَوۡنُ فِي ٱلۡمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ
Фараон Исраил урпактары Мисирден чыгып кетишкенин билгенде аларды артка кайтарыш үчүн аскер жыйнасын деп бир топ жоокерин шаарларга жиберди.
அரபு விரிவுரைகள்:
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَشِرۡذِمَةٞ قَلِيلُونَ
Фараон Исраил урпактарын теңине албай мындай деди: «Алар болгону бир аз топ эле.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَإِنَّهُمۡ لَنَا لَغَآئِظُونَ
Булар биздин ачуубузду күчөйткөн нерсени кылып жатышат.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَٰذِرُونَ
Эми биз аларга даярданып сак бололу».
அரபு விரிவுரைகள்:
فَأَخۡرَجۡنَٰهُم مِّن جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ
Биз Фараон менен анын коомун Мисир жергесинен чыгардык. Ал жерде түшүмдүү бакчалар жана суу аккан булактар бар.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَكُنُوزٖ وَمَقَامٖ كَرِيمٖ
Байлык казыналары жана кооз турак-жайлар бар.
அரபு விரிவுரைகள்:
كَذَٰلِكَۖ وَأَوۡرَثۡنَٰهَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Биз Фараон менен анын коомун мына ушундай жыргалчылыктардан чыгарганыбыз сыяктуу Биз алардан кийин Шам жергесинде мына ошондой эле жакшылыктарды Исраил урпактарына да бердик.
அரபு விரிவுரைகள்:
فَأَتۡبَعُوهُم مُّشۡرِقِينَ
Фараон менен анын коому Исраил урпактарын күн чыккан маалда кууп жетишти.
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• العلاقة بين أهل الباطل هي المصالح المادية.
Жалганчылардын өз ара мамилеси материалдык кызыкчылыктарга гана негизделген.

• ثقة موسى بالنصر على السحرة تصديقًا لوعد ربه.
Мусанын сыйкырчылардын үстүнөн жеңишке жетем деген ишеними Раббисинин убадасы чындык экенин тастыктайт.

• إيمان السحرة برهان على أن الله هو مُصَرِّف القلوب يصرفها كيف يشاء.
Сыйкырчылардын ыйман келтириши – Аллах жүрөктөрдү Өзү каалагандай өзгөртүүчү экенине далил болот.

• الطغيان والظلم من أسباب زوال الملك.
Зордук-зомбулук жана зулумдук бийликти жоготуунун себептеринен.

 
மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அஷ்ஷுஅரா
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

வெளியீடு அல்குர்ஆன் ஆய்வுகளுக்கான தப்ஸீர் மையம்

மூடுக