அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (29) அத்தியாயம்: ஸூரா அல்ஹதீத்
لِّئَلَّا يَعۡلَمَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ أَلَّا يَقۡدِرُونَ عَلَىٰ شَيۡءٖ مِّن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلۡفَضۡلَ بِيَدِ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ
Оо, ыймандуулар! Биз силерге эселеген сооп-сыйлыктарды даярдап койгон улуу жакшылыгыбызды баяндадык. Биз муну жөөттөрдөн жана христиандардан болгон мурунку Китеп ээлери Аллахтын жакшылыктарын өздөрү каалаганына берип, каалабаганына бербей тургандай кудуреттүүлүккө ээ эмес экенин билүүлөрү үчүн жана жакшылык Аллахтын гана колунда экенин, Ал аны Өзү каалаган пенделерине берерин билүүлөрү үчүн кылдык. Аллах улуу жакшылык Ээси, Ал аны Өзү каалаган пенделерине гана берет.
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• الحق لا بد له من قوة تحميه وتنشره.
Акыйкаттын аны коргогон жана жайылткан күчү болууга тийиш.

• بيان مكانة العدل في الشرائع السماوية.
Асмандан түшкөн шарияттарда адилеттүүлүктүн ордун баяндоо.

• صلة النسب بأهل الإيمان والصلاح لا تُغْنِي شيئًا عن الإنسان ما لم يكن هو مؤمنًا.
Эгерде адам ыймандуу болбосо, анда анын ыймандуу адамдар менен болгон туугандык байланышы ага эч кандай пайда келтирбейт.

• بيان تحريم الابتداع في الدين.
Динге жаңылык киргизүүнүн арам экендигин баяндоо.

 
மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (29) அத்தியாயம்: ஸூரா அல்ஹதீத்
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

மூடுக