Check out the new design

அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அல்அஃராப்   வசனம்:
۞ وَإِذۡ نَتَقۡنَا ٱلۡجَبَلَ فَوۡقَهُمۡ كَأَنَّهُۥ ظُلَّةٞ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُۥ وَاقِعُۢ بِهِمۡ خُذُواْ مَآ ءَاتَيۡنَٰكُم بِقُوَّةٖ وَٱذۡكُرُواْ مَا فِيهِ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ
Оо, Мухаммад, дагы эстегин, Тооротто айтылгандарды аткаруудан баш тартышканда, Биз тоону ажыратып алып, Исраил урпактарынын үстүнө көтөрүп, тоо аларды көлөкөлөгөн булут сыяктуу болуп, алар тоо үстүбузгө түшөт деп ишенип калышканда, аларга: "Биз силерге берген китепти тырышуу менен бекем кармагыла, анда Аллах силерге шарият кылган өкүмдөрдү эстегиле жана ушун кылып такыба болууну үмүт кылсаңар аны унутпагыла" - деп айтылды.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَإِذۡ أَخَذَ رَبُّكَ مِنۢ بَنِيٓ ءَادَمَ مِن ظُهُورِهِمۡ ذُرِّيَّتَهُمۡ وَأَشۡهَدَهُمۡ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ أَلَسۡتُ بِرَبِّكُمۡۖ قَالُواْ بَلَىٰ شَهِدۡنَآۚ أَن تَقُولُواْ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ إِنَّا كُنَّا عَنۡ هَٰذَا غَٰفِلِينَ
Оо, Мухаммад, дагы эстегин, Раббиң адам баласынын белинен анын урпактарын чыгарды. Ошондо алар Анын Жаратуучу жана Рабби экенин таза табияты менен кабыл кылышты. Раббиси аларга: "Мен силердин Раббиңер эмесминби?" - деди. Алар баары биригип: "Ооба, Сен биздин Раббибизсиң" - дешти. Аллах: "Чынында, силер кыямат күнү далилдерди четке кагып, бул тууралуу эч нерсе билбейбиз деп айтпооңор үчүн, Биз силерди сынадык жана убадаңарды алдык" - деди.
அரபு விரிவுரைகள்:
أَوۡ تَقُولُوٓاْ إِنَّمَآ أَشۡرَكَ ءَابَآؤُنَا مِن قَبۡلُ وَكُنَّا ذُرِّيَّةٗ مِّنۢ بَعۡدِهِمۡۖ أَفَتُهۡلِكُنَا بِمَا فَعَلَ ٱلۡمُبۡطِلُونَ
"Же ата-бабаңар бутпарас болуп, келишимди бузганын айтып, силер болсо алардын ширк ишенимдерин ээрчип кеткениңерди шылтоо кылып: "Эй, Раббибиз, бизди ширк кылып иш-амалдарын ок кылып алган ата-бабалар үчүн азаптайсыңбы? Бизде күнөө жок, биз билбестен аталарыбыздын кылганын кылдык" - деп танып кетпөөңөр үчүн ушундай кылдык"- деди.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ وَلَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Жалганчы коомдордун жазмышы тууралуу аяттарды баяндаганыбыз сыяктуу, ширк ишенимин таштап, бир Кудайга ишенип, Ага ибадат кылуусун үмут кылып, буларга да аяттарды баяндап бердик.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ ٱلَّذِيٓ ءَاتَيۡنَٰهُ ءَايَٰتِنَا فَٱنسَلَخَ مِنۡهَا فَأَتۡبَعَهُ ٱلشَّيۡطَٰنُ فَكَانَ مِنَ ٱلۡغَاوِينَ
Оо, Мухаммад, Исраил урпактарына алардын өзүнөн чыккан бир адам тууралуу окуп бер. Биз ага аяттарыбызды берип, ал аны билип, ага далил болгон чындыкты түшүнүп туруп, аны иш жүзүндө аткарбады, аны таштап, андан үзүлдү. Ошондо ага шайтан жолугуп, аны өзүнө жакын кылып алды. Анан ал ийгиликке жетүүчу туура жолдон, кыйроого учуроочу кыйшык жолго тушүп алды.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَلَوۡ شِئۡنَا لَرَفَعۡنَٰهُ بِهَا وَلَٰكِنَّهُۥٓ أَخۡلَدَ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُۚ فَمَثَلُهُۥ كَمَثَلِ ٱلۡكَلۡبِ إِن تَحۡمِلۡ عَلَيۡهِ يَلۡهَثۡ أَوۡ تَتۡرُكۡهُ يَلۡهَثۚ ذَّٰلِكَ مَثَلُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَاۚ فَٱقۡصُصِ ٱلۡقَصَصَ لَعَلَّهُمۡ يَتَفَكَّرُونَ
Эгер ушул аяттар аркылуу анын даражасын көтөрүүнү кааласак, аны иш жүзүндө аткарууга жеңилдик берип, дүйнө , акыретте көтөрүп коймокпуз. Бирок, ал акыретке караганда дүйнө ырахаттарына таасирленип, жардамсыз кала турган жолду тантап алды. Анын дүйнөгө ач көздүгү, итке окшош, ит баардык абалында сугалактанып тилин салаңдата берет, жатса да, тилин салаңдатат, куусаң да тилиин салаңдатат.Бул салыштыруу, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып адашкан коомго окшош. Эй, элчи, пикри кылып, өздөрүнүн жалганын, адашуусун таштап калуусун үмүт кылып, аларга ушундай аңгемелерди аңгемеле.
அரபு விரிவுரைகள்:
سَآءَ مَثَلًا ٱلۡقَوۡمُ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَأَنفُسَهُمۡ كَانُواْ يَظۡلِمُونَ
Биздин далилдерибизди жалганга чыгарып, ага ишенбей, ушунусу менен өздөрүн түбөлүк кыйроого түрткөн адамдардан да жаман адам болобу
அரபு விரிவுரைகள்:
مَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلۡمُهۡتَدِيۖ وَمَن يُضۡلِلۡ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Аллах кимди туура жолго ылайыктуу кылып, түз жолго салып койсо, ал чындап туура жолго түшөт; кимди түз жолдон алыстатып койсо, алар чындап өздөрүнүн насибин кемитүүчүлөр. Алар кыямат күнү өздөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө зыян кылуучулар, бул анык зыян тартуу.
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• المقصود من إنزال الكتب السماوية العمل بمقتضاها لا تلاوتها باللسان وترتيلها فقط، فإن ذلك نَبْذ لها.
Асман китептерин түшүрүүдөгү максат, аларды жөн эле окуп коюу эмес, анда жазылгандарды иш жүзүндө аткаруу.

• أن الله خلق في الإنسان من وقت تكوينه إدراك أدلة الوحدانية، فإذا كانت فطرته سليمة، ولم يدخل عليها ما يفسدها أدرك هذه الأدلة، وعمل بمقتضاها.
Акыйкатта, Аллах Таала инсанды пайда кылган учурда эле, анда бир Кудайга ишенүү далилин сезүүнү кошо жараткан. Кимдин табияты таза болсо, табиятына аны буза тургантуура эмес ишенимдер кирбесе, ал ошол далилди сезип, ошонун талабына жараша иш-аракет кылат.

• في الآيات عبرة للموفَّقين للعمل بآيات القرآن؛ ليعلموا فضل الله عليهم في توفيقهم للعمل بها؛ لتزكو نفوسهم.
Куран аяттарында айтылгандарды иш жүзүнө ашырууга Аллах таала мүмкүнчүлүк берген адамдар, бул, алар напсилерин тазалоосу үчүн Аллахтын аларга берген артыкчылыгы экенин билүүсү керек.

• في الآيات تلقين للمسلمين للتوجه إلى الله تعالى بطلب الهداية منه والعصمة من مزالق الضلال.
Аяттарда мусулмандарды Аллах Тааладан туура жол суроого, адашуунун түрдүү жолдорунан сактоону суранууга багыт берилген.

 
மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அல்அஃராப்
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

வெளியீடு அல்குர்ஆன் ஆய்வுகளுக்கான தப்ஸீர் மையம்

மூடுக