அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (101) அத்தியாயம்: ஸூரா அல்அஃராப்
تِلۡكَ ٱلۡقُرَىٰ نَقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآئِهَاۚ وَلَقَدۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْ بِمَا كَذَّبُواْ مِن قَبۡلُۚ كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Оо, пайгамбар, сага мурдагы өткөн Нух, Худ, Салих, Лут жана Шуайб пайгамбарлардын коомдору тууралуу, алардын пайгамбарларын жалганга чыгарганы, тоң моюндугу жана кыйроого учураганы тууралуу кабар беребиз. Бул, мындан үлгү алгандарга үлгү, насаат алгандарга насаат болуусу үчүн. Бул айылдын элине пайгамбарлары өздөрүнүн чындык экенине ачык-айкын далилдерди алып келсе да, пайгамабрлары келгенде ыйман келтиришпеди, булардын жалганга чыгаруусу Аллахтын илиминде бар эле. Ошол пайгамбарларын жалганга чыгарган айыл элдеринин жүрөктөрүн мөөрлөп койгон сыяктуу Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) каапыр болгондордун да жүрөгүн мөөрлөп коёбуз, алар ыйман жолуна түшө алышпайт.
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• الإيمان والعمل الصالح سبب لإفاضة الخيرات والبركات من السماء والأرض على الأمة.
Үммөткө асман-жерден келүүчү жакшылык, берекенин көп болуусуна алардын ыйманы жана жакшы иштери себеп болот.

• الصلة وثيقة بين سعة الرزق والتقوى، وإنْ أنعم الله على الكافرين فإن هذا استدراج لهم ومكر بهم.
Ырысыкы менен такыбалыктын ортосунда терең байланыш бар, эгер Аллах каапырларга ырысыкыны кенен берсе, демек бул аларды сыноо жана аларды алдоо үчүн болот.

• على العبد ألا يأمن من عذاب الله المفاجئ الذي قد يأتي في أية ساعة من ليل أو نهار.
Пенде Аллахтын күнү, түнү кокустан келип кала турган азабынан бейкапар болбоосу керек.

• يقص القرآن أخبار الأمم السابقة من أجل تثبيت المؤمنين وتحذير الكافرين.
Ыймандууларга шык, каапырларга эскертүү болуусу үчүн Куран өткөн үммөттөрдүн кабарын айтып берет.

 
மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (101) அத்தியாயம்: ஸூரா அல்அஃராப்
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

மூடுக