அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (155) அத்தியாயம்: ஸூரா அல்அஃராப்
وَٱخۡتَارَ مُوسَىٰ قَوۡمَهُۥ سَبۡعِينَ رَجُلٗا لِّمِيقَٰتِنَاۖ فَلَمَّآ أَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ قَالَ رَبِّ لَوۡ شِئۡتَ أَهۡلَكۡتَهُم مِّن قَبۡلُ وَإِيَّٰيَۖ أَتُهۡلِكُنَا بِمَا فَعَلَ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَّآۖ إِنۡ هِيَ إِلَّا فِتۡنَتُكَ تُضِلُّ بِهَا مَن تَشَآءُ وَتَهۡدِي مَن تَشَآءُۖ أَنتَ وَلِيُّنَا فَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَاۖ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡغَٰفِرِينَ
Арасындагы келесоо, кем акылдары музоого сыйынып кеткени үчүн Раббисинен кечирим суроого Муса коомундагы жакшы адамдардан жетимишти тандап алды. Анан Аллах белгилеген убакка барышты. Баргандан кийин Аллахка оройлук кылып, Мусадан Аллахты өз көздөрү менен көрүүнү талап кылышты. Ошондо жер титиреп, катуу чагылган түшүп кыйрап жок болушту. Муса Раббисине жалынып: "Оо, Раббим, эгер буларды, булар менен бирге мени жок кылууну каалаганыңда, биз бул жерге келе электе эле жок кылат элең. Эми бул акылы тайыздардын айынан бизди жок кыласыңбы? Коомумдун музоого ибадат кылып кетүүсү, каалаган адамыңды адаштыруу, каалаган адамыңды туура жолго салуу үчүн сыноо, Сен биздин ишибизди башкаруучусуң, биздин күнөөбүздү кечир, кенен ырайымың менен ырайым кыл, Сен күнөө-каталарды эң жакшы кечиресиң.
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• في الآيات دليل على أن الخطأ في الاجتهاد مع وضوح الأدلة لا يعذر فيه صاحبه عند إجراء الأحكام عليه، وهو ما يسميه الفقهاء بالتأويل البعيد.
Аяттарда, ачык далилдер менен өкүм кылганда ката кетирген адам ал өкүмдөр аткарылганда кечирилбейт, муну аалымдар "тавиил ал-баид" деп аташат.

• من آداب الدعاء البدء بالنفس، حيث بدأ موسى عليه السلام دعاءه فطلب المغفرة لنفسه تأدُّبًا مع الله فيما ظهر عليه من الغضب، ثم طلب المغفرة لأخيه فيما عسى أن يكون قد ظهر منه من تفريط أو تساهل في رَدْع عَبَدة العجل عن ذلك.
Дуба кылганда биринчи өзүнө дуба кылуу жакшы, Муса пайгамбар дуба кылганда сылыктык менен алгач өзүнүн ачууга алдырганына кечирим тилеп, андан соң бир тууганы аларды музоого ибадат кылуудан тыюуда алсыздык кылып, кош көңүл болгону үчүн ага кечирим тиледи.

• التحذير من الغضب وسلطته على عقل الشخص؛ ولذلك نسب الله للغضب فعل السكوت كأنه هو الآمر والناهي.
Ачуудан жана анын адамдын акылын кетире турган козутуусунан сактануу зарыл, ошон үчүн Аллах бул учурда унчукпай калууну милдет кылган, ал буйруучу да, тыюучу да.

• ضرورة التوقي من غضب الله، وخوف بطشه، فانظر إلى مقام موسى عليه السلام عند ربه، وانظر خشيته من غضب ربه.
Аллахтын ачуусунан сактануу, анын күч-кубатынан коркуу зарыл. Муса пайгамбардын Раббисинин алдындагы абалын, Раббисинин ачуусунан коркконун карап көр.

 
மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (155) அத்தியாயம்: ஸூரா அல்அஃராப்
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

மூடுக