పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية * - అనువాదాల విషయసూచిక

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (37) సూరహ్: సూరహ్ ఇబ్రాహీమ్
رَّبَّنَآ إِنِّيٓ أَسۡكَنتُ مِن ذُرِّيَّتِي بِوَادٍ غَيۡرِ ذِي زَرۡعٍ عِندَ بَيۡتِكَ ٱلۡمُحَرَّمِ رَبَّنَا لِيُقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱجۡعَلۡ أَفۡـِٔدَةٗ مِّنَ ٱلنَّاسِ تَهۡوِيٓ إِلَيۡهِمۡ وَٱرۡزُقۡهُم مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَشۡكُرُونَ
О, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса![1]
[1] Ибрахим алейхи салам үй бүлөсү менен Шам (азыркы Сирия, Иордания, Палестина) өлкөсүндө жашаган. Күндөрдүн биринде Аллахтын буйругу менен, аялы Хажар жана туңгуч уулу Ысмайылды алып, азыркы Мекке шаары жайгашкан өрөөнгө келген. Анда бул өрөөндө урап, тегерегинен сел аккан бир дөңсөөгө айланып калган Каабадан башка не бир үй, не бир дарак, не бир чөп жок «эгин өспөгөн өрөөн» эле. (Сахиху Бухарий) Ал Хажар энени эмчектеги баласы Ысмайыл менен ээн талаага - Аллахтын Үйүнүн алдына таштап, Өзү Аллахтын буйругун аткарууга бара жатып ушул дубаны окуган. Аллах Өзүнүн дос-пайгамбары Ибрахимдин дубасын кабыл алып, Ысмайылдын урпагы жашап калган Мекке шаарын Хаж ибадаты маалында адамдар умтула турган жай кылды жана анын (Ысмайылдын) уриактары арасынан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды чыгарып, муну менен бул берекелүү, тынч шаарды дагы да берекелүүрөөк кылды. Эми азыр дүйнөнүн бардык булуң- бурчундагы мусулмандардын жүрөгү ага умтулуп турат. Аллах досу Ибрахимдин “Аларды ар түрдүү мөмөлөр менен ырыскыландыр” деген дубасын да оңунан берип, азыр бул таберик шаардан жыл - он эки ай бою мөмөнүн түрлөрү үзүлбөйт.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
 
భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (37) సూరహ్: సూరహ్ ఇబ్రాహీమ్
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية - అనువాదాల విషయసూచిక

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

మూసివేయటం