పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية * - అనువాదాల విషయసూచిక

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (87) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అంబియా
وَذَا ٱلنُّونِ إِذ ذَّهَبَ مُغَٰضِبٗا فَظَنَّ أَن لَّن نَّقۡدِرَ عَلَيۡهِ فَنَادَىٰ فِي ٱلظُّلُمَٰتِ أَن لَّآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنتَ سُبۡحَٰنَكَ إِنِّي كُنتُ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Зуннунду да эстегин.[1] Бир кезде ал ачууланып (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон.[2] Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка сыйынылуучу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен залимдерден болуп калдым!» – деп жалбарды.
[1] Зуннун – бул Юнус пайгамбар. Арабча «зу» - «ээси» дегенди, «нун» кит-балык дегенди билдирет. Юнус пайгамбарды балык жутуп жибергенден улам Зуннун – балык ээси деп аталат.
[2] Юнус пайгамбар элин туура жолго чакырганда кабыл албай койду. Адаттагыдай баштарына азап келип калганда Аллахка: «Эми ыкластуу ибадат кылабыз» деп жалбарышты. Аллах Өзүнө гана белгилүү себеп менен эч бир элден көтөрбөгөн азапты Юнустун элинен көтөрдү. Юнус элин жакшы эле тарбиялады. Бирок, бир нерседен ачууланып, сабырсыздык кылып, ээн-эркиндик издеп, журтунан чыгып кетет. Жолдо кемеге минет. Бир мезгилде добул туруп, кемедегилер: «Адам көп, кеме баарыбызды көтөрүп жээкке жете албайт. Чек таштап, бирөөнү сууга ыргытабыз» дешет. Чек Юнуска түшөт. Аллахтын буйругу менен аны чоң балык жутуп жиберет. Кенендик издеп чыккан Юнус, ушинтип тар, караңгы жерде калат.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
 
భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (87) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అంబియా
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية - అనువాదాల విషయసూచిక

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

మూసివేయటం